Тышкы иштер министрлиги бул арыз боюнча түшүндүрмө таратып, кыргыз элчилиги тиешелүү органдарга кайрылуу жөнөткөнүн маалымдады.
ТИМдин билдиришинче, элчиликте бул окуяга байланыштуу алданып калганын айткан жарандар менен жолугушуу өттү. Анда жардам берүү жагы талкууланып, тиешелүү органдарга кат-кайрылуу жөнөтүлгөнү тууралуу маалымат берилди.
"Кыргызстандык жарандардын билдиришинче, алар акчаны Tether криптовалюталык төлөм системасы аркылуу USDT стейблкоин менен алып жүрүшкөн. Жолугушуунун жүрүшүндө жабыркаган жарандар Кореянын укук коргоо органдарына кайрыла электиги белгилүү болду. Мындан улам элчилик ал жарандарга чукул арада бул өлкөнүн компетенттүү органдарына кайрылуу сунушталды. Учурда бир кыргызстандык жаран арыз берип, аны Анян шаарындагы киберкылмыштарды иликтөө бөлүмү карай баштады. Элчилик Кореянын Тышкы иштер министрлигине жана укук коргоо органдарына бул иштин объективдүү жана ар тараптуу каралышына кол кабыш кылууну өтүнүп кайрылды жана жабыркаган жарандарга тиешелүү консулдук-укуктук жардам көрсөтүп жатат", - деп жазылган маалыматта.
Кубан Алыбек уулу - чоң суммадагы акчасын алдатып жибергендердин бири. Ал эки жылдан бери Кыргызстанга Кореядан машина, телефон өңдүү ар кандай товар жөнөтүп жүргөн. Акчасын кореялык ишкер аркылуу криптовалюта менен алып жаткан. Анын айтымында, ушул жылдын май айында 1 млн 250 миң доллар акчасын ала албай калган. Кореялык ишкер өзбекстандык курьер алдап, акчаны алып качып кетти деп койгон. Кубан Алыбек уулу бул иште аларга юрист, адвокаттын жардамы керектигин айтууда:
"Биз элчиликке барып, тергөөчүлөргө арыз жазганбыз, бирок ал каралбай жатат десек, эчилик болсо "биз бул окуя боюнча нота жөнөткөнбүз, "процесс бир аз созулат" деп айтты. Азыр эми бул окуя эмне болуп бүтөрүн билбейбиз, Интерполго чейин кайрылуу болобу же жокпу, билбейбиз. Кечээ жолугушууда мен бул жакта адвокаттардын кызмат акысы кымбат, 25-30 миң долларга чейин экен деп айттым. Биз элчиликке силер юрист, адвокат табуу жагынан жардамдашып, ишти кароону тездетүүгө көмөктөшө аласыңарбы деп сураганы барганбыз. Элчиликте бизге "Кореянын Тышкы иштер министрлигине нота жаздык, полиция бул ишти териштирүүгө көбүрөөк убакыт, жарым жылдай кетет деп айтты" дешти". Арыздар жазылган, бирок жакшы каралбай жатат. Адатта Кореянын полициясы мигранттарды тез эле кармайт. Интернетке ошол өзбекстандык жаран 23 миллион доллар алдап кеткени тууралуу маалыматтар деле чыгып жатат".
Элчиликтеги жолугушууга ушул тушта Кореяда иш сапар менен жүргөн Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев баштаган депутаттар дагы катышкан. Азыгалиев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, бул маселени Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси менен талкуулаганы жатканын билдирди:
"Биз иштерди укуктук талаада алып барышыбыз керек. Бүгүнкү күндө эки башка полиция бөлүмүнө эки жарандан арыз жазылды. Биринчиси ошол жергиликтүү ишкер айымдын үстүнөн жазылды, экинчисин ошол түштүк кореялык аял өзү 1 миллион доллардан ашык акчасын алып кеткен деген өзбекстандык жарандын үстүнөн арыз жазды. Биздин элчилик укуктук талаада өзүнүн ишин жүргүзүп жатат. Биз дагы бул ишти көзөмөлгө алабыз деп айттык. Жабырлануучулар биздин атыбызга дагы кат менен кайрылышат. Кыргызстанга келгенде Түштүк Кореянын элчиси менен сүйлөшүп, бул маселени көзөмөлүбүзгө алабыз. Колубуздан келген жардамды көрсөтөбүз. Криптовалютага байланыштуу маселе бардык жерде бар. Шылуундар ушинтип алдап кеткен учурлар көп. Бул жагын биз дагы Кыргызстанда карашыбыз керек. Мыйзамдарга кандай өзгөртүү-түзөтүү киргизерибизди дагы карашыбыз керек".
Түштүк Кореядагы "Кырхан" борборунун башчысы Асылкүл Төлөнбаева бир канча жылдан бери полицияда котормочу болуп иштеп келет. Анын пикиринде, бул татаал иш, кандайдыр бир акча өндүрүп, күнөөлүүнү аныкташ үчүн тажрыйбалуу адвокаттар керек болот:
"Бул жерде азыр жеке адвокаттар керек. Мамлекеттен берилген адвокаттар сот процессинде гана катыша алат. Бул жакта жеке адвокаттардын акысы кымбат. Ошондо дагы ишин билген, катышкан иштеринде утуп чыккан, ушундай жагдайларды билген адвокаттарды жалдаш керек болот. Чынында эле бул татаал иш. Бардык эле адвокаттардын колунан келе бербейт. Элчилик эми кандайдыр бир документтерди тариздөө же кандайдыр бир өтүнүч жазып берүү керек болсо, ошону жазып бериши мүмкүн. Азыр бул иш полицияда. Бул жерде биздин жарандарда дагы күнөө бар. Акчаны ушундай жол менен которуу дагы мыйзамсыз. Мага дагы ушул алданып калган жарандар кайрылган кезде бир нече полиция кызматкерлери, тергөөчүлөрдөн, ушундай иштерди караган, тергеген адамдардан бир аз маалымат алганбыз. Бул иште, албетте, биздкилердин дагы күнөөсү бар. Бир күндө ушунча суммадагы акчаны процентин төлөбөй алып кетүү мыйзамсыз. Окуяны уккан тергөөчүлөр буга өздөрү деле таң калды. Азыр биздин колубузда бир гана таяныч турат. Булар акчаны USDTге алмаштырып, акчаны ушул криптовалюта менен капчыкка салган. Ошол акча USDTге которулганы үчүн мыйзамды бузбаган болуп жатабыз. Ал эми USDTден накталай акчага которуп алуу мыйзамды бузганга жатат. Бирок аны биздин балдар эмес, кореялык ишкер жасаганы үчүн бул иш анын мойнуна илинет. Бул жерде эки тарапты кысып, аз да болсо акчаны өндүргөнгө сабаттуу юрист керек. Акчаны 100% чыгара алат дегенге кепилдик жок. Берки тарап акча жок деп тура берсе, соттолуп кетет, ошол бойдон акча дагы алынбай калат. Азыр эми полиция эки арызды - биздин жарандардын Түштүк Кореянын жаранынын үстүнөн жазган арызы менен ошол кореялык жарандын Өзбекстандын жаранына каршы жазылган арызын чогуу бир иш кылып карайбызбы же жокпу деп сүйлөшүп, изилдеп жатат. Мен азыр балдарга өзбекстандык жаранга алданып калдым деп жаткан кореялык ишкер айымга көп ишене бербегиле, экөө шерик дагы болушу мүмкүн, өз кызыкчылыгын көздөп деле кеткен болушу керек деп айтып жатам. Бизге тааныш тергөөчүлөр дагы ал кореялык айымдын деле тиешеси бар болушу керек деп жатышат".
Бул окуяга байланыштуу Жогорку Кеңештеги "Ыйман нуру" фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбеков элчилердин, консулдардын ишине байланыштуу маселеге токтолду. Ал дипломаттар жарандарга жакындан жардам берүүгө аракет кылышы керектигин белгиледи:
"Элчиликтердин негизги милдети - өздөрү иштеп жаткан өлкөдөгү мекендештердин кызыкчылыгын алга сүрөө, укугун коргоо, кыйын күнгө туш келген, башына иш түшкөн жарандарга жардам берүү. Бирок бул баш-оту менен киришип, маселени арыдан бери бүтүрө алат дегенди билдирбейт. Анткени элчиликтин финансылык, байланыш ресурстары деле чектелүү. Ушундай деңгээлдеги афера боюнча адистери дагы болбошу мүмкүн. Бирок ошол эле учурда чуркап, колунан келген жардамды толук бергени жакшы. Нота - бул расмий документ, эл аралык дипломатияда бул ошол өлкөнүн тигил же бул позициясын, оюн билдирет. Бул эми маселенин расмий гана жагы. Түздөн-түз сүйлөшүүлөрдө, байланышууларда күчтүүрөк консул кызматкерлери болсо жакшы болмок. Албетте, биздин күчтүү дипломаттарыбыз бар. Бирок дипломатия - өтө консервативдүү тармак. Бул тармакта эл арасынан чыккан эмес, чоңдордун, байлардын, "эл жакшылары" деп аталып жүргөндөрдүн бала-бакыралары көп иштейт. Турмушту китептен үйрөнгөндөр кагаз менен гана чектелип калат. Карапайым чөйрөдөн келгендер эл менен аралашып кете алат. Албетте, элчиликте, консулдукта көптөгөн мекендештерибизге байланыштуу иштер болушу мүмкүн. Бирок ушундай резонанстуу иштерде жабырлануучу мекендештерибизди барган жерине чогуу барып, иштеп деле коюшса болмок. Дипломаттардын ишин көргөндөн кийин, балким, алар тууралуу башкача пикир жаралмак. Анан "кат жөнөттүк, жообун мынча убактан кийин аласыңар" дегендей сөз, албетте, нааразылыктарды пайда кылат. Эгер консулдуктун кызматкерлери активдүү, элге жакын болуп иштесе, дипкорпус жөнүндө пикир жакшырмак".
Орусиядагы соңку окуялардан, ар кандай чектөөлөрдөн улам ал жактан Түштүк Кореяга кеткен кыргызстандыктардын саны көбөйүп жатканы айтылган. Бир канча жылдан бери кыргыз жарандарын бул өлкөгө жумушка орноштурууга байланыштуу атайын программа иштейт. Былтыр Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1,8 миң квота бөлгөн. Расмий маалыматтарга ылайык, азыр бул өлкөдө 9,5 миңдей кыргызстандык иштеп жатат.
Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматы боюнча, миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 2024-жылдын биринчи кварталында 655,5 миң кишини түзгөн.