Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:12

Грузияда оппозиция лидерлеринин бири Ника Гварамия кармалды


Ника Гварамия
Ника Гварамия

Грузияда полиция кызматкерлери оппозициячыл партиялардын кеңселеринде тинтүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыктын" грузин кызматы жана Tbilisi life телеграм-каналы жазды.

Маалыматка караганда, полициячылар "Ахали", "Дроа", "Гирчи – Көбүрөөк эркиндик" партияларынын кеңселерин жана "Биримдик - Улуттук кыймыл" оппозициячыл жаштар уюмунун офисин тинтишти. "Өзгөрүүлөр үчүн коалиция" кыймылынын лидери Ника Гварамия кармалды.

Аталган кыймылдын дагы бир лидери Ника Мелия бул "оппозицияны коркутуп-үркүтүү аракети" деп "Интерфакска" айтты. Анын эсебинде, бийликтин мындай аракеттери тескерисинче Грузиядагы толкундоолордун күчөшүнө алып келет.

Грузияда нааразылык акциялары 28-ноябрдан бери уланып жатат. Буга өкмөт башчы Ираклий Кобахидзенин Евробиримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөр 2028-жылга чейин токтогону тууралуу билдирүүсү түрткү болду. Миңдеген демонстранттар Евробиримдикке кошулууну жактап, өкмөткө каршы нааразылыкка чыгууда. Алты күндүн ичинде 300дөй адам кармалды.

Кобахидзе акцияларды уюштурууга оппозиция менен бейөкмөт уюмдарды айыптады.

  • Еврошаркетке кошулууга умтулуп жаткан Грузия былтыр "талапкер" макамын алган. Бирок бийликтеги партия сүрөгөн Орусиянын үлгүсүндөгү “чет өлкөлүк таасир” тууралуу жана ЛГБТ жамаатын бутага алган мыйзамдар бул багыттагы аракеттерге залакасын тийгизди.
  • Июлда АКШ Грузия демократия жолунан тайганын белгилеп, Тбилисиге бериле турган 95 миллион доллар жардам убактылуу токтой турганын жарыялаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG