Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:35

Мбанк Орусияга санкцияларды бузууга жардам бергенби?


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама.

"Орусиядагы бизнеске көмөктөшүүдө деп шек саналгандардын бири кыргызстандык Mbank"

АКШдагы “Тышкы саясатты изилдөө институту” (Foreign Policy Research Institute) 12-ноябрда жарыялаган аналитикалык макалада башка өлкөлөрдүн Орусияга санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам бергенин талдап, Кыргызстандагы Mbank банкынын таржымалына кеңири токтолду.

Авторлор – институттун Евразия программалары боюнча изилдөөчүсү Стивен Блэнк жана журналист Марк Темницкий Москва Украинага басып киргенден кийин БУУ кол салууну айыптаган резолюцияларды кабыл алып, жүздөн ашык өлкө согушка каршы чыкканы менен алардын бир тобу орустардын газ-мунайын алуу, аларга товар сатуу менен Батыштын санкцияларын бузуп жатканын белгилешет.

"Орусиянын экономикасы кысымга туш болгону менен көптөгөн жазалоочу чараларга карабай, ал өлкөнүн согуш машинасы токтоп калмак турсун, алар атүгүл түндүк кореялык аскерлерди майданга алып келүүгө каражат сарптап жатат", - деп айтылат макалада.

Тыюу салынган товарлар, анын ичинде кош максаттагы продукция, жабдуулар Орусияга Түштүк Америка, Африка жана Азиядагы өлкөлөр аркылуу өтүп жатат. Бул жараянды татаал финансылык системанын жардамы менен гана жүзөгө ашырса болот.

“Биринчи кезекте албетте Орусиядан дагы деле көз каранды мурдагы СССРдагы банктардан шек санай баштайсың. Мисалы, Орусия согуш ачканда Казакстандагы “Казпочта”, Өзбекстандагы “Капитал Банк”, Кыргызстандагы “Компаньон Банк” жана Mbank, Армениядагы “Ардшинбанк” Юнистрим акча которуучу компания аркылуу Орусия менен кызматташтыгын улантышкан. АКШ 2023-жылдын июлунда ошол компанияга санкция салганда, сөз болгон банктар аны менен операцияларын токтоткон”, - деп жазышат авторлор.

Бирок, алардын айтымында, бардыгы эле санкциялар тууралуу эскертүлөргө кулак салган жок. Мисалы, Москвага абдан байланган Кыргызстандагы банктар быйылкы жайга чейин Орусияда иш жүргүзүп жатышты. Байден администрациясы кошумча санкция жарыялаганда гана алардын бир канчасы Орусия мнен алакаларын үзгөн.

Макалада Украинадагы согуш башталганда Кыргызстандын Батыш менен соодасы табышмактуу түрдө өскөнү, ошол эле маалда Кыргызстандан Орусияга транзакциялар да көбөйгөнү эске салынат.

Жакында чыккан баяндамаларга таянып, авторлор Кыргызстан Орусиянын энергетика тармагына колдоосун улантканын жазышат.

Асыресе 30-сентябрда Euronews телеканалында чыккан материалга шилтеме кылышат. Scarab Rising деген коопсуздук стратегиясы боюнча консалтинг фирмасынын жетекчиси Ирина Цукерман Орусия мунай менен газды сыртка сатууда “санкцияларды кыйгап өтүү үчүн Кыргызстанды эффективдүү соода хабы катары пайдаланарын” айткан.

“Орусиядагы бизнеске көмөктөшүүдө деп шек саналгандардын бири мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго таандык деп кабарланып жүргөн кыргызстандык Mbank. Маалыматтарга караганда, банк АКШ жана Еврошаркет санкция салган Сбербанк өңдүү орусиялык уюмдар менен кызматташып келген. Ошондой эле төлөм карталарын тейлеген "КартСтандарт" борбору менен иштешкен”, - деп айтылат макалада.

"КартСтандарт" өз кезегинде АКШ санкция салган Орусиянын финансылык технологиялар борборуна кирет.

Анадан ары баяндалгандай, MBank быйыл августтун ортосунда Сбербанк жана Орусиянын санкцияларга туш болгон башка финансылык уюмдары менен тикелей транзакцияларды убактылуу токтоткон. Бирок бир жуманын ичинде ортомчулар аркылуу финансылык операциялар калыбына келтирилген.

Макалада айтылгандай, “Сбербанк расмий сайтында өз кардарларына Mbank аркылуу транзакция кылууну сунуш кылып, Кыргызстандагы кайсы болбосун банкка акча которсо болот деп мактанат”.

Авторлор түштүк кореялык Kookmin Bank Mbank жана Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө жардам берүүдө деп шек саналган аймактагы дагы 20 чакты банк менен доллар которуу операцияларын токтотконун жазышат. “Бирок бери дегенде беш эл аралык корреспондент-банк репутациялык жана укуктук тобокелдиктерге карабай, Кыргызстан менен иштешүүнү улантууда”, - деп белгилешет изилдөөчүлөр.

Алар Mbank жана төрт корреспондент-банк менен байланышып комментарий алууга аракеттенишкенин, бирок макала жарыяланып жаткан чакта жооп алышпаганын кошумчалады. Ал эми германиялык Landesbank “банк маалыматтарынын купуялулуугун” жүйө келтирип, комментарий берүүдөн баш тартты. Муну менен бирге “бардык эрежелерди” сактаганын билдирди.

Макаланын соңунда MBank санкцияларды бузуу схемасынынын чакан гана бөлүгү экени белгиленет.

Кыргызстан: MBank жооп кайтарды

MBank (“КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банк”) 14-ноябрда өзүнүн расмий сайты аркылуу жооп кайтарып, "атаандаштардын жалган маалыматы" деп сыпаттады. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) арыз жазылганын билдирди.

“Акыркы күндөрү биз MBank банкынын кадыр-баркына шек келтирип, кардарлар менен өнөктөштөрдүн алдында бизди жаманатты кылууга аракет кылган айрым атаандаштар тарабынан уюштурулган маалыматтык чабуулга туш болуп жатабыз. Алар жалган маалымат таратуу менен коомдук пикирди бурмалап, кардарларды өздөрүнө тартууга аракеттенүүдө”, - деп айтылат билдирүүдө.

Банк Кыргызстандын мыйзамдарын сактап, эл аралык беделдүү финансы институттар менен кызматташып, санкцияларга каршы саясаттын негизинде иш алып барарын кошумчалады. Аталган банк 16-августтан тартып, Орусиянын банктары менен акча которуу кызматташтыгын убактылуу токтотконун билдирген. Кызматташтык токтогон банктардын катарында Орусиянын Сбербанк, Тинькофф жана МТС банктары да бар.

Мигранттарды коргогон сибирдиктер

Би-Би-Си 14-ноябрда Орусиядагы эмгек мигранттарынын турмушуна арналган көлөмдүү макала басып чыгарды. Кабарчы Амалия Затари анда Сибирдеги айылдын тургундары "Биз адам бойдон калышыбыз керек" деп кыргызстандык мигранттардын үй-бүлөсүнө болушканын баяндаган.

Ал сөз кылган окуя Новосибирскиге жакын жердеги Светлый айылында болгон экен. Исаковдор 500дөй калктуу айылда жашаган жападан жалгыз мигранттар. Азамат турак жайларды ремонттоо менен алектенсе, жубайы Динара балдарды карап, үй чарбасын жүргүзчү. Алар түшүм жыйноого жардамдашып акча тапчу. (Журналист каармандардын ысымдары өзгөртүлгөнүн белгилейт)

Новосибирскидеги мигранттар. Иллюстрация
Новосибирскидеги мигранттар. Иллюстрация

Сегиз жаштагы улуу баласы быйыл ошол айылдын мектебине которулган. Сентябрдын 12синде аны окуу жайда бешинчи класстын окуучулары сабап кетишкен. Исаковдордун баласы аны Сидоров деген бала уруп, экөө кармап турушканын айтып берген. Ата-энеси алар баласын эртеси да токмоктошорун айтышкнын укканда мектепке жөнөшөт.

Алардын машинасын көргөндө, Сидоров качып жөнөйт. Азамат анын артынан кууп барып, машинанын жанына алып келген. Динара алар окуучуну мектепке чейин алып барышканын, мугалимге арызданышканын айтып берген. Класс жетекчиси "мектепке эмне келдиңер, баланын үйнө баргыла" деп айткан экен.

Бирок алар талаа жумуштарына шашып, Сидоровдун үйүнө барбай калышат. Анын энеси баласын уурдап кетишкен деп арыз жазып, ошол эле күнү кечинде Исаковдорду полицияга суракка чакырышат. Окуяга күбө болгон дагы бир окуучу бала мигранттардын машинасына өз ыктыяры менен отурганын айтып берген.

Натыйжада полиция иш козгоодон баш тартат.

Динара уулунун денеси көгала болгонун, бирок аларды сүрөткө тартпаганын айтып берген.

Бир нече күндөн кийин кыргыз жубайларын прокуратурага чакырып, Азамат Исковду жашы жете элек баланы уурдоо фактысы боюнча кармашат. Андан кийин Динараны адамды өлтүрүү опузасы үчүн айыпташат.

Сидоровдун энеси күйөөсү согушта жүргөнүн, аны коргой турган киши жок экенин айтып "Орус жамааты" деген ашынган улутчулдардын уюмунан жардам сураган видео жаздырат.

Динаранын атымында, айылдаштары алардын тарабында болгон, аларга колдоо көрсөткөн.

Кошуналары кыргызстандык үй-бүлөнү жакшы кишилер деп сыпатташат.

Ал эми аны сабаган Сидоровдун энеси төрт баланы жалгыз тарбияларын, алар жөлөк пулга жашарын айтып беришкен. Күйөөсү түрмөгө отуруп чыккандан кийин орус Коргоо министрлиги менен келишимге кол коюп, былтыртан бери Украинадагы согушта жүрөт экен.

Айылдын тургундары мектептеги окуяны жергиликтүү кеңештин депутаты менен талкуулашкан. Ошондон кийин Исаковдорду коргогон видео жаздырып, көп узабай “Орус жамаатынан” коркуткан билдирүүлөр түшө баштаганы маалым болду.

Ага чейин Исаковдор аларга кайрадан кылмыш иш козголгонун Би-Би-Сиге кабарлашты.

Кашмир менен Борбор Азиянын байыркы байланыштары ДНК аркылуу бышыкталды

Индиянын бир катар басылмалары Жамму жана Кашмирдин жашоочулары менен борбор азиялыктардын генетикалык жакындыгын аныктаган изилдөө тууралуу жазышты.

Кашмирдеги мусулмандар. Иллюстраия
Кашмирдеги мусулмандар. Иллюстраия

ETV Bharat медиа компаниясынын макаласында бул ачылыш байыркы доордо эки региондун терең маданий жана соода байланыштары болгонун бышыктары айтылат.

Жамму жана Кашмирдин соттук экспертиза лабораториясы жүргүзгөн иликтөө Соттук медицинанын эл аралык журналында жарык көрдү.

Маалыматка караганда, 20 райондо жашаган 694 кишинин ДНКсы анализденип чыккан. Натыйжада аймакта жашаган элдин теги Чыгыш Евразия, Түндүк жана Түштүк Пакистан, Борбордук жана Түштүк Индияга барып такалары аныкталды. Мындан тышкары Кашмир калкынын генетикасына борбор азиялыктар жана арабдар таасир эткен деген теория бышыкталды. Муну Улуу жибек жолунун ошол аймак аркылуу жүргөнү менен чечмелесе болот.

Макалада айтылгандай, соодагерлер, саякатчылар жана диниятчылар үчүн маанилүү маршрут Ладакх жана Каракорум тоолорун аралап өтчү. Арасында 700 миссионер менен бирге региондогу исламдын жана өнөрлөрдүн сакчысы саналган суфилер үчүн ыйык адам Мир Сайед Али Хамадани бар болчу.

Изилдөө тобунун жетекчиси, илимпоз Надим Мубариктин айтымында, алар Кашмирдин Борбор Азия менен байланышын илимий жактан аныктоого жетишти.

Шерине

XS
SM
MD
LG