Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

NYT: Курскиде Орусия менен Түндүк Кореянын 50 миңдей аскери чабуулга даярданууда


Курск облусундагы Суджа шаарындагы кыйраган үйлөр, 6-август, 2024
Курск облусундагы Суджа шаарындагы кыйраган үйлөр, 6-август, 2024

Орусия Курск облусундагы украин күчтөрү ээлеп турган аймактарын кайтарып алуу максатында чабуул жасоо үчүн түндүк кореялык жоокерлер менен кошо 50 миңдей аскер чогултту. Бул тууралуу The New York Times гезити жекшембиде АКШдагы жана Украинадагы булактарына таянып билдирди.

Америкалык аткаминерлердин жаңы маалыматтарына караганда, Орусия бул кадамы менен Украинанын чыгышынан аскерлерин алып кетпөө аракетин көрүүдө. Ошол эле учурда Москва Украинага бир учурда бир нече багыттан басым жасоону көздөөдө деп жазылган макалада.

Украин бийлиги Курск аймагында Түндүк Корея күчтөрүнүн катышуусунда Орусиянын ири чабуулун күтүп жатышканын билдирген.

Макаладагы маалыматка ылайык, ушул тапта түндүк кореялык аскерлер орус армиясы менен чогуу Курскинин батыш тарабында машыгууда. АКШ Коргоо министрлигинин өкүлдөрү кореялыктар орус аскерлеринин формасын кийип, Москвадан жиберилгени менен өздөрүнүн бөлүктөрүндө согушарын билдиришүүдө.

Пентагондун өкүлдөрү Орусия түндүк кореялык жоокерлерди артиллериянын, жөө аскерлердин согуштук тактикаларын үйрөтүп жатканын белгилешип, бул даярдыктан улам алар Украинанын бекемделген коргонуучу позицияларына чабуул коюусу ыктымалдыгын түкшүмөлдөшкөн.

Вашингтон Пхеньян Орусиянын армиясын колдоо үчүн 10 миң аскерин жибергенин маалымдаган. Украина, Батыш өлкөлөрү жана НАТО Орусияга Түндүк Кореядан он миңдеген аскер келгенин, аларды Украинага каршы согушка салганы жатканын билдирген.

Украина орус бийлиги чек арадагы Курск облусуна кеминде 10 миңдей түндүк кореялык аскерди алып барганын, ноябрь айынын алгачкы күндөрүндө алар менен биринчи кагылышуу болгонун 6-ноябрда билдирген. Согуш шартында бул маалыматты өз алдынча тактоо мүмкүн эмес болууда.

Украина да, Орусия да дрон чабуулуна кабылды

Дрон соккусуна кабылганын 10-ноябрда Украина да, Орусия да билдиришти. Орусияда борбор калаа Москва бутага алынганы кабарланып, 32 учкучсуз учактын чабуулунан улам жарандык учактардын учуу коопсуздугун камсыздоо максатында ири үч аэропорт – "Шереметьево", "Домодедово" жана "Жуков"ишин убактылуу токтото турууга мажбур болду. Учактарды кабыл алуу жана учуруу иши бир нече сааттан кийин калыбына келтирилди. Дрон сыныктары түшкөн кээ бир жерлерде өрт чыкканы кабарланды. Согуш башталгандан бери Москва мындай көп сандагы учкучсуз учак чабуулуна биринчи жолу кабылышы.

Бул жолу адаттагыдан көп дрондун соккусуна кабылганын Украина да билдирди. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, Орусия жекшембиге караган түнү жана эртең менен 145 учкучсуз учак учурду, аскерлер анын 62син гана атып түшүрүүгө үлгүрүштү. Бир нече адам каза болгону, үйлөр жана башка имараттар талкаланганы маалымдалды.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусия аёосуз чабуулдарын улантып жатканын, өлкөсү Батыштагы өнөктөштөрүнүн жардамына муктаж экенин 9-ноябрда кезектеги кечки кайрылуусунда айтты:

"Тилекке каршы, бул аптада Харьков, Донецк, Сумы, Одесса, Запорожье аймактарыбыз Орусиянын ырайымсыз соккуларына туш болду. Учкучсуз учак менен да, ракета менен да күн сайын бутага алып жатышат. Ошондуктан абадан коргонуу системасы бар өнөктөштөр менен жүргүзгөн ар бир жолугушууда, сүйлөшүүдө Украинаны Орусиянын террорунан коргоонун кошумча чаралары тууралуу сөз болууда. Европада, континентте абадан коргонуу системалары, Украинанын коопсуздугун чынында эле бекемдеп бере ала турган каражаттар жетиштүү. Ар бири жүздөгөн, керек болсо миңдеген адамдын өмүрүн сактап кала алчу мына ошол системалар колдонулбай жөн эле турганын түшүнүү мүмкүн эмес", - деди Зеленский.

Украина эгер Батыштагы өнөктөштөрү колунда турган курал-жарагы менен жетиштүү деңгээлде камсыздаса, берген куралын колдонуу боюнча чектөөлөрүн алып салса Орусиянын ага каршы согушун токтотууга мүмкүнчүлүк болмогун дайым айтат.

Жыйынтыгы Украинадагы согуш мындан ары эмне болоруна түздөн-түз таасир этери айтылып келген АКШдагы президенттик шайлоодо мурдагы мамлекет башчы Дональд Трамп жеңгенден кийин бул маселе эл аралык негизги темалардын бирине айланды.

Евробиримдиктин убадасы

Ошондуктан 9-ноябрда Киевге Европа Биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррелдин күтүүсүздөн барышы бир топ суроо жаратты.

Себеби Трамп шайлоо өнөктүгү учурунда Батышты Украинага жардамы үчүн сындап, Киевге курал жөнөтүү эмес, согушту токтотуу тууралуу ойлонуш керектигин айткан.

Боррел украин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүп, Евробиримдиктин колдоосу мурдагы бойдон экенин билдирди.

"Бизден көбүрөөк жана тезирээк аракет талап кылынууда. Көбүрөөк аскердик колдоо, машыктыруу, каражат. Мунун баарын тезирээк жөнөтүү зарыл. Мындан тышкары каршылаштын өзүнүн аймагындагы объектилерди бутага алууга уруксат берүү керек. Учуп келаткан жебени токтотуу жетиштүү эмес, ошол жебени учурган жаага сокку уруу керек", - деди ал.

"Буфердик аймак"

Ал тапта Орусия Трамптын сунуштарын угууга даяр экенин билдирүүдө. Орус тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Москва менен Вашингтон Украина боюнча "жабык каналдар" аркылуу байланышып жатканын айтты. Ал АКШнын азыркы администрациясын айтып жатабы же Трамптын командасынбы, тактаган жок.

"Орусия Трамптын Украина боюнча сунуштарын угуп чыгууга даяр, бирок эгер сөз киевдик режимди ар кандай жардам менен мындан ары да шыкай берүү эмес, маселени жөнгө салуу үчүн алдыга жылуу идеялары тууралуу болсо гана", - деди Рябков "Интерфакс" мамлекеттик маалымат агенттигине курган маегинде.

Трамптын администрациясы менен иштешүүгө даярдыгын Киев да билдирүүдө. 9-ноябрда Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига Трамптын шайлоодо жеңишин кубаттап, куттуктоосун жолдогон президенттердин алгачкыларынын бири украин лидери Владимир Зеленский болгонун айтып, эки саясатчынын ошондогу телефондук сүйлөшүүсүндө "мындан аркы кызматташтык тууралуу чын жүрөктөн пикир алмашуу" болгонун белгиледи.

Сибига Зеленский менен Трамптын командалары алардын жолугушуусун уюштурууга киришерин, ортодо байланыш бар экенин айтты.

Британиянын The Telegraph басылмасы жакында жарыялаган макаласында Трамп фронттогу сызыкты азыркыдай калтырууну, ортодо "буфердик зона" түзүүнү сунушташы ыктымал экенин жазды.

Басылманын Трампка жакын деп аталган булактарынын бири айтып бергендей, АКШ Украинаны алдыдагы 20 жыл НАТОго мүчө болбоого үндөшү, бул үчүн аны Орусия кайрадан согуш ачпай тургандай көп курал-жарак менен жабдууга убада бериши мүмкүн. Бирок бул жалгыз вариант эмес экени, башка да жолдор каралышы ыктымалдыгы белгиленди.

Ал эми BBC Трамптын администрациясы үчүн Украинанын Орусия тартып алган жерлерин, анын ичинде Крымды кайра кайтаруу эмес, согушту токтотуу негизги маселе болорун анын командасындагы аткаминерлердин бири Брайан Ланзага таянып жазды.

АКШнын Республикачылар партиясынын стратеги Ланза Трамптын шайлоо өнөктүгүнө 2016-жылы катышкан, быйылкысына да катышты. BBC британ корпорациясынын Weekend программасына курган маегинде ал Кошмо Штаттардын президентинин Украина боюнча артыкчылыктуу багытын кандай деп көрөрү тууралуу ойлору менен бөлүшкөн.

Бирок Трамптын болочок администрациясы азыркы тапта Ланза алар менен кызматташпай турганын жана Трамптын атынан сүйлөй албай турганын билдирди.

The Wall Street Journal Трамптын кеңешчилери өз көз караштарын гана айтып жатканын белгиледи. Басылманын маалыматына караганда, Трамп украин президенти сунуштаган Украинанын "жеңиш планын" кубаттаган эмес жана ал Зеленский менен Путинди бир үстөлгө отургузуп, сүйлөштүрүүнүн жолун азырынча аныктай элек.

Шайлоо өнөктүгү учурунда Трамп согушту токтотуу үчүн келишимди бир күндө түздүрө аларын айткан.

Украина фронттогу абалын оор деп мүнөздөөдө. 9-ноябрда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы кырдаалды "оор жана курчуган" деп атады.

Сырский Орусия Түндүк Кореянын аскерлерин согушка салганы жатканы тууралуу көптөгөн маалымат бар экенин АКШнын жогорку кызматтагы генералы менен сүйлөшкөндө айтканын маалымдады.

Украина орус бийлиги чек арадагы Курск облусуна кеминде 10 миңдей түндүк кореялык аскерди алып барганын, ноябрь айынын алгачкы күндөрүндө алар менен биринчи кагылышуу болгонун 6-ноябрда билдирген.

Москва менен Пхеньяндын ортосунда бекемделип бараткан аскердик кызматташтык аймактык гана эмес, глобалдык коопсуздукка олуттуу коркунуч жаратарын 29-октябрда Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл белгилеген.

1-ноябрда Москвада орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушууда Түндүк Кореянын башкы дипломаты Цой Сон Хи аскерлери Орусияга жөнөтүлгөнү тууралуу билдирүүлөр боюнча түздөн-түз эч нерсе деген жок, бирок Москваны согуш башталгандан бери колдоп келатканын жана жардамын улантарын айтты.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-октябрда Түндүк Кореянын аскерлери Орусияга барганы тууралуу суроого жооп бергенде аталган өлкө менен стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишим бар экенин белгилеп, “эмне кылсак да өзүбүз билебиз” деген.

8-ноябрда Венгриянын борбор шаары Будапештте Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал саммити өттү.

Талкууланып жаткан негизги маселелердин бири - Орусиянын Украинага каршы согушу жана жалпы континенттин коопсуздугу болду.

Биримдиктин лидерлеринин көпчүлүгү Украинага бекем колдоосун айтып келе жатышат. Украинага аскердик жана экономикалык колдоосун көрсөткөн негизги өлкө Кошмо Штаттар, Евробиримдик да анын ири донорлорунун катарына кирет.

Саммит алдында Венгриянын премьер-министри, Орусиянын президенти Владимир Путин менен достук мамиледеги саясатчы, Москвага каршы санкцияларды колдобогон Виктор Орбан мамлекеттик радиого курган маегинде Евробиримдик Украинага жардам боюнча позициясын кайра карап чыгышы зарыл экенин айтып, кырдаалды "утулган согуш" деп атады.

"Америкалыктар бул согушту токтотот, алар согушту жактабайт. Европа бул согушту өзү жалгыз каржылай албайт. Айрымдар бул утулган согушка дагы эле өтө көп акча жөнөтүүнү уланта бергиси келүүдө. Бирок үн катпай отургандар, биз жаңы кырдаалга ыңгайлашуубуз керек экендигин абайлап айткандар көбөйүүдө", — деди Орбан.

Бирок Украинанын Европадагы негизги тарапташы Германиянын канцлери Олаф Шольц биримдиктин позициясы мурдагыдай бекем экенин айтты:

"Орусия Украинага кол салды. Согушун ошондой эле ырайымсыздык менен улантып жатат. Биз биргелешип Европа Биримдиги катары, европалыктар катары биздин коопсуздугубуз үчүн колдон келген бардык аракетибизди көрүшүбүз керек. Эгер ар бирибиз салым кошсок, өзгөчө ийгиликтүү болот".

Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель да Украинага бекем колдоосун билдирди.

"Биз Украинаны күчтөндүрүшүбүз, колдошубуз керек. Себеби эгер биз Украинаны колдобосок, Путинге жана дүйнөдөгү башка да авторитардык режимдерге туура эмес белги берген болобуз", — деди ал.

Орусияга баш ийип берүү Европа үчүн "өзүн өзү жок кылгандыкка" тете болорун Украинанын президенти Владимир Зеленский европалык лидерлерге 7-ноябрда эскертти.

Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал саммитин утурлай уюштурулган Европа саясий коомчулугу (European Political Community) бирикмесинин жыйынында айткан сөзүндө украин президенти үчүнчү жыл Орусиянын агрессиясынан арыла албай жаткан өлкөсүнө жардамды көбөйтүүгө чакырды.

"Путинге баш ийүү, артка чегинүү, кайсы бир шарттарга макул болуу керектиги жөнүндө көп сөз болду. Бул Украина үчүн кабыл алынгыс жана бүткүл Европа үчүн өзүн өзү жок кылгандыкка тете болот. Атышууну токтотуу, эгер коопсуздук кепилдиги жок болсо, оккупацияны улантууга даярдык болуп калат", - деди Зеленский.

Шерине

XS
SM
MD
LG