Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:45

Дүйнө лидерлери Трампты жеңиши менен куттуктап жатат


Дональд Трамп. 2024-жылдын 6-ноябры.
Дональд Трамп. 2024-жылдын 6-ноябры.

АКШда президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, экс-президент, Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трамп алдыга чыкты.

Бир катар өлкө жетекчилери Трампты шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, АКШ менен кызматташтыктын келечеги боюнча каалоо-тилектерин айтып жатышат.

Украин президенти Владимир Зеленский сентябрь айында Трампка жолугуп, эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү, “Жеңиш планын” жана Орусиянын агрессиясын токтотуу жолдорун талкуулаганын белгиледи.

“Президент Трамптын глобалдык маселелерге келгенде "тынчтыкка бекемдик менен жетүү" ыкмасын баалайм. Дал ошол принцип иш жүзүндө Украинада тынчтыкка жетүү жолун кыскартат. Мен бул максатты биргеликте орундатабыз деп үмүттөнөм. Биз президент Трамптын чечкиндүү жетекчилиги алдындагы күчтүү АКШнын доорун чыдамсыздык менен күтөбүз. Биз Кошмо Штаттардагы эки партиянын тең Украинаны чечкиндүү колдоосуна таянабыз. Эки өлкөгө тең өз ара пайдалуу саясий жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарбыз”, - деп жазды Зеленский Х социалдык түйүнүнө.

Орусиядан Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президент Владимир Путин Трампты куттуктайбы же жокпу, билбей турганын айтып, АКШ Орусия үчүн дос эмес мамлекет экенин белгиледи.

“Интерфакс” агенттиги жазгандай, ал кабарчылардын эгер Путин куттуктабаса ортодогу мамиле начарлашы ыктымалдыгы тууралуу суроосуна “мындан дагы начар болушу мүмкүн эместигин, ансыз да өтө солгун экенин” айтып жооп берди.

Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула Фон дер Ляйен Евробиримдик жана АКШ жөн гана союздаштар эмес экенин белгиледи.

“Биздин элдин ортосунда 800 миллион жараныбызды байланыштырган чыныгы өнөктөштүк бар. Ошондуктан баарыбызга пайдалуу бекем трансатлантикалык күн тартибин чогуу ишке ашыралы”, - деди ал.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Трампты Х социалдык түйүнүндө куттуктап, чогуу иштөөгө даярдыгын билдирди:

"Төрт жыл мурдагыдай эле чогуу иштешкенге даярбыз. Сиз менен биздин ишеним, максат бир, сый-урматыбыз бар. Бекем тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү жактайбыз".

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган “шайлоону чоң күрөштүн аркасы менен жеңип, кайрадан АКШнын президенти болуп шайланган досум Дональд Трампты куттуктайм” деди.

“Америка элинин тандоосу менен баштала турган бул жаңы мезгилде Түркия-АКШ алакасынын бекемделишин, Палестина маселеси менен Орусия-Украина согушу сыяктуу регионалдык жана дүйнөлүк алкактагы кризистердин, согуштардын аякташын каалап, дагы адилеттүү дүйнө үчүн мындан да көбүрөөк аракет жасалат деп ишенем”, - деди Эрдоган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG