Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:07

7-ноябрь: Темир жолду куруу Жалал-Абаддан башталат, Путин Трамп менен 20-январга чейин сүйлөшүүсү ыктымал


Коллаж сүрөт
Коллаж сүрөт

7-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу ноябрдын аягында башталат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, темир жолдун курулушу Жалал-Абаддан башталганы жатат. Өкмөт башчы долбоор боюнча тиешелүү документтер парламентке жөнөтүлөрүн кошумчалады. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо максатында Бишкекте “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу” ишканасы түзүлгөн. Анын негиздөөчүсү – Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын “Узбекистон темир йуллари” акционердик коому. Бул ишкана темир жолду куруу үчүн Биргелешкен долбоорлоочу компания болору айтылган. Кошкон каражатына жараша компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эркин мамлекет куруу үчүн элдин теңи кыргынга учураганын эскерди

Президент Жапаров кыргыз эли көп кылымдык тарыхый сыноолорду басып өтүп, эгемендикке жетишкенин белгиледи. Президент эгемен Кыргызстандын азыркы жетишкендиктери ата-бабалардын эрдигинин жана күрөшүнүн натыйжасы экенин белгилеп, бул мурас келечек муунга татыктуу жеткирилиши керектигин айтты. Жапаров быйыл Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленип, өлкөдө социалдык-экономикалык багыттагы жүздөгөн жаңы ишканалар ачылганын билдирди. Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков жана башка мамлекеттик ишмерлер тууралуу жарлыкка кол койгонун айтты. Жапаров ата-бабаларды эскерүү келечек муундун рухун бекемдеп, Кыргызстандын өнүгүүсүнө чоң дем берет деп үмүттөнөрүн билдирди. 7-8-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп белгиленет.

Дайырбек Орунбеков абактагы Мелис Аспековдун видео кайрылуусунда айткандарын төгүндөдү

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков президент Садыр Жапаровду каралоого аракеттенген айрым кайрылуу, билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырды. Ал Фейсбуктагы баракчасында кайрылуу жасап, абакта жаткан Мелис Аспековдун бир нече убактан бери социалдык тармактарда тарап жаткан кайрылуусун "жалаа" деп атады. Орунбеков Кумтөр алтын кени чет элдик инвесторлордун колунда турган учурдагы жана азыркы өлкөгө берип жаткан кирешеси тууралуу айтып кетти. Орунбеков Аспековдун чуулгандуу видеосуна буга чейин да жооп берген. Ал Аспековду 2020-жылы президенттик шайлоого деген себеп менен көптөгөн ишкерлерден, анын ичинен мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдон ири суммада акча алган деп айыптаган.

Жазуучу, журналист Дүйшөн Керимов акка моюн сунду

7-ноябрда 68 жашында оорудан улам көз жумган Дүйшөн Керимов жазуучу катары “Наал эже” тарыхый повестинин, улуттук оюндар тууралуу маалымат топтолгон “Айкөл Манас оюндары” китебинин, мындан сырткары “Эрөөл талаа”, “Кыргын-Сай”, “Жол башчы” баштаган бир нече эмгектердин, ондогон аңгеме, эсселердин автору эле. Көркөм чыгармачылык менен публицистиканы эриш-аркак алып жүргөн калемгер эле. Ал соңку кездери өзүнүн Ютуб каналы аркылуу өлкөнүн коомдук-саясий, маданий турмушундагы орчундуу, талкуу жараткан окуялар боюнча жеке пикирин активдүү билдирип келген. Публицист 2022-жылдан бери Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясынын "Кыргыз тил" гезитинин редактору болуп эмгектенип жаткан.

Израил Ливандын эки шаарына чабуул койгондо ондогон кишинин өмүрү кыйылды

Шаршембинин кечинде борбор калаа Бейруттун түштүк чет жакасында жашагандарга эвакуация тууралуу эскертүүсүн бергенден кийин израилдик аскерлер ал жерди эки жолу бомбалаганы, чабуулдар түндө жана бейшемби күнү эртең менен да уланганы маалымдалды. Канча киши жабыркаганы азырынча белгисиз. 6-ноябрда Ливандын чыгышындагы Баалбек шаарында Израилдин аткылоосунан кеминде 40 кишинин өмүрү кыйылганы, дагы 53 киши жараат алганы белгилүү болду. Израил Ливанда жайкын тургундарга эмес, бул өлкөнүн аймагында жүргөн "Хезболланын" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) согушкерлерине каршы күрөшүп жатканын айтууда. "Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынан депутаттар бар.

Путин Трамп менен инаугурацияга чейин сүйлөшүүсү мүмкүн экени кабарланды

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия президенти Владимир Путин АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп менен анын январда өтө турган инаугурациясына чейин сүйлөшүү мүмкүн экенин четке какпай турганын билдирди. Песков АКШдагы шайлоодон кийин орус бийлиги менен Трамптын шайлоо командасы ортосунда кандайдыр бир расмий байланыш болгон-болбогону боюнча суроого жооп берип жатып, "Жок. Алар менен байланышуунун бизге эмне кереги бар?" - деп, Кремл түз байланышпаганын кошумчалады. 5-ноябрда Дональд Трамп АКШнын 47-президенти болуп шайланды. Трамптын жеңишинен кийин АКШнын Орусия менен мамилеси кандай болот деген суроо эл аралык коомчулуктун көңүл борборунда турат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Европанын Путинге баш ийүүсү "өзүн өзү жок кылгандык" болорун айтты

Орусияга баш ийүү Европа үчүн "өзүн өзү жок кылгандыкка" тете болорун Зеленский европалык лидерлерге Венгриянын борбор калаасы Будапештте өткөн жыйында эскертти. Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал саммитин утурлай уюштурулган Европа саясий коомчулугу (European Political Community) бирикмесинин жыйынында айткан сөзүндө украин президенти үчүнчү жыл Орусиянын агрессиясынан арыла албай жаткан өлкөсүнө жардамды көбөйтүүгө чакырды. "Путинге баш ийүү, артка чегинүү, кайсы бир шарттарга макул болуу керектиги жөнүндө көп сөз болду. Бул Украина үчүн кабыл алынгыс жана бүткүл Европа үчүн өзүн өзү жок кылгандыкка тете болот", - деди Зеленский.

Өзбекстанда террорчулукка айыпталган 11 кишинин өкүмү чыкты

"Азаттыктын" өзбек кызматы кабарлагандай, алар 6 жылдан 12 жылга чейинки абак мөөнөтүнө кесилди. Өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, Кокон шаардык соту аларды "террорчулукту каржылоо, конституциялык түзүлүштү өзгөртүү үчүн кутум уюштуруу, коомдук коопсуздукка коркунуч жаратуучу материалдарды сактоо" тууралуу беренелердин негизинде айыптуу деп тапты. Мекеме 24-40 жаштагы 11 жергиликтүү тургун "2021-2023-жылдар аралыгында "Кокондо чайканада "ишембилик аш" демиш болуп чогулуп, жихадга, ислам мамлекетин түзүүгө, диний экстремизмге үндөгөнүн" жана "Өзбекстандагы мамлекеттик түзүлүштү кулатууну, халифат түзүүнү, ал эми айрымдары Сирияга барууну" талкуулап жүргөнүн, башкаларды да азгырууга аракет кылганын кабарлады. Сириядагы айрым адамдарга акча которушканы да белгиленди.

Шерине

XS
SM
MD
LG