Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:13

"Үч жашар балам көзү көгөрүп, башы жарылып келген". Бакчадагы зомбулукка ким жооптуу?


Сузакта бала cабалган бакчанын ишин милиция текшерет
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:32 0:00

Сузакта бала cабалган бакчанын ишин милиция текшерет

Сузакта Багыш айылындагы “Кенжетай-1” бала бакчасында балага кол көтөргөн учур тартылган тасма боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы, Сузак райондук ички иштер бөлүмү териштирүү жүргүзө баштады. Окуяга байланыштуу кылмыш иши козголду.

Билим берүү жана илим министрлиги окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн комиссия түзүлгөнүн билдирди. 2-декабрда социалдык тармактарда аталган бакчада балдарды белгисиз аял уруп жатканы тартылган тасма тарап, талкуу жараткан.

Социалдык тармактарда 2-декабрда тараган тасмадан бала бакчанын кенже тобунда ыйлап жаткан баланы белгисиз аял уруп, жаакка чапканын көрүүгө болот.

Сузактагы “Кенжетай-1” бала бакчасына барган 3 жашар баланын апасы Манзура Жакыпова видеодон уулун көргөндө нес болуп калган. Ал буга чейин да баласынын бети-башы көгөргөн учур болгонун, мындан улам бир нече жолу тарбиячыларга кайрылганын айтып берди:

Манзура Жакыпова
Манзура Жакыпова

"29-ноябрь күнү балам саат төрт жарымда үйгө келип, "эжекем урду" деп айтты. Мени ооруканага алып барчы, белим менен башым ооруп жатат деди. Ким урду десем, "Гүлмира эжекем" деди. Кийин Мухаммед деген дагы бир ата келип, баламдын бакчада тартылган видеосун көрсөттү. Буга чейин баламдын көзү көгөрүп барганда келип айттым эле. Кийин башы жарылып барды. Акыркы жолкусунда чыдамым кетип, эртеси прокуратурага барып арыз жазып койдум. Видеону көргөндө нес болуп калдым".

Багыш айыл аймагынын дагы бир тургуну Айпери Анарбаева да соңку күндөрү уулунун денесинен көгала тактарды байкагандыктан, бала бакчанын жетекчисине кайрылган экен.

"Менин баламды ушул Гүлмира деген эжей оозу канагыча урганын айтып коёюн. Мага видеосу барды, анда баламдын оозу канап жатканын эжекелери айтып жатат. Буга чейин да үйгө буту-колу көгөргөн абалда барчу. Бакча жетекчисине келип айтсам, "башка бакчага которуп ал" деп жооп берген".

"Кенжетай-1" бала бакчасынын жетекчиси Гүлнара Акматова соңку окуядан кийин ата-энелерден кечирим сурады. Ал тарбиячылардын мындай кылык-жоругун байкабаганын билдирүүдө:

Гүлнара Акматова
Гүлнара Акматова

"Эртең менен саат ондордо эле прокуратурадан бир кызматкер эки ата-эне менен келип видеону көрсөттү. Мен актангандай болбоюн. Алар видеону бизге көрсөтсө деле болмок. Анан ашкананы текшеришти, баары жакшы дешти. Буга чейин ата-энелердин бири кайрылган. Тарбиячылардын бул аракети туура эмес болду. Ушул эжекеге арыз түшкөн. Ошондо мен эскерткем. Жардамчысына айткамын, сен да карап турчу, чындап эле урат бекен деп. Элден, ата-энелерден кечирим сурайм".

"Кенжетай-1" бала бакчасы
"Кенжетай-1" бала бакчасы

Бала бакчадагы окуядан кийин андагы үч кызматкер жумуштан кеткенин Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мендирман Эламанов билдирди. Ал иштен кеткендердин арасында окуяны тасмага тарткан тарбиячынын жардамчысы да бар экенин айтты:

Мендирман Эламанов
Мендирман Эламанов

"Биз окуя болгондон кийин атайын комиссия түзүп, жеринде текшерип жатабыз. Мындагы эжекелердин билими, ден соолугу, психикалык абалы текшерилип жатат. Учурда "Кенжетай-1" бала бакчасынын жетекчиси жана эки тарбиячы өз арыздарын жазды. Алар өз каалоосу менен жумуштан бошотулат. Азырынча окуяны укук коргоо органдары текшерип жатат".

Ал тапта бакчадагы окуяны телефонго тартып алган тарбиячынын жардамчысы Курманжан Эркебай кызы аны райондук билим берүү мекемеси арыз жаздырып, иштен кетүүгө мажбурлап жатканын билдирди. Ал тарбиячы балдарды көп ургандыктан анын кыймыл-аракетин видеого тартууга аргасыз болгонун белгиледи:

Курманжан Эркебай кызы
Курманжан Эркебай кызы

"Өз ыктыярым менен арыз жазганым жок. Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мендирман Элеманов айтты, сага айлык чыкпашы керек, сен иштен чыгам деп арызыңды жаз деди. Бала бакчанын жетекчиси экөө. Анан мен арызымды жаздым. Анан прокуратурадагы кызматкерге айттым, арыз жаздырышты десем, ал арызды өз каалооң менен жазба деди, мен арызды айрып койдум. Эми бул иштин жыйынтыгын карап туруп иштен кетем же кетпейм деп турам".

Тасма интернетке тарагандан кийин коомчулукта кызуу талкуу жаратып, балдарга кол көтөргөн тарбиячынын жана бала бакча жетекчилигинин жоопкерчилигине байланыштуу маселе көтөрүлгөн.

Чуулгандуу окуяда балдарды урду деген тарбиячы комментарий берген жок.

Башкы прокуратура окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо”, “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Шалаакылык” беренелери менен иш козголуп, тергөө үчүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына берилгенин маалымдады.

Расмий маалыматка караганда, 2024-2025-окуу жылына карата Кыргызстанда бакчаларга өлкөдөгү балдардын 28,3% гана барат. Буга чейин Билим берүү министрлиги бала бакча, мектептерде балдарга жасалган орой мамиленин алдын алуу максатында видео аппараттар коюларын билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG