Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:44

3-декабрь: Киев НАТО боюнча планынан кайтпайт, Сузакта бала сабалган бакча текшерилет


Украин президенти Владимир Зеленский жана НАТОнун мурдагы башкы катчысы Йенс Столтенберг. 2024-жылдын 11-июлу.
Украин президенти Владимир Зеленский жана НАТОнун мурдагы башкы катчысы Йенс Столтенберг. 2024-жылдын 11-июлу.

3-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Грузияда евроинтеграцияны жактаган акциялар бешинчи түнү уланды

Грузиянын баш калаасы Тбилисиде полиция 3-декабрга караган түнү нааразылык акциясына чыккандарды көздөн жаш агыза турган газ жана суу бүркүп таратты. Төрт миллион калкы бар бул өлкөдө бийликке каршы толкундоолор бешинчи түн катары менен уланды. Демонстранттар өкмөттүн Евробиримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга чейин токтотуп койгонуна нааразылык билдирүүдө. “Азаттыктын” грузин кызматы жазгандай, бул түнү да көп адам кармалды. Алардын соңку саны азырынча белгисиз. 2-декабрда жалпы камалгандардын саны 224кө жеткени кабарланган. Нааразылык толкундоолору Тбилисиден тышкары Батуми, Кобулети, Озургети жана башка шаарларда өтүп жатат. 2-декабрда митингдерге мектеп окуучулары, студенттер, мугалимдер да чыгышты.

Украина НАТОго толук мүчө болуу ниетин кайталады

Украина Брюсселде 3-декабрда өтө турган НАТОго мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынынын утурлай түндүк аскердик альянска толук мүчө болуу мүдөөсүн дагы бир жолу билдирди. “Украинанын коопсуздугунун жалгыз кепилдиги жана Орусиянын Украинага мындан аркы агрессиясын ооздуктоочу жалгыз фактор - НАТОго мүчө болуу экенине бөркүбүздөй ишенебиз”,-деп жазылат Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта. Буга Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков дароо жооп кайтарып, Украинанын НАТОго кошулушу “кабыл алынгыс” экени жана Орусияга "чоң коркунуч" экенин белгиледи. Бир нече күн мурда Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТОго кошулуу Орусия баштаган согуштун “курч фазасына” чекит коюшу мүмкүн экенин айткан.

Адвокаттар, укук коргоочулар жана активисттер адвокат Самат Матцаковдун камалышын айыптады

Адвокат Самат Матцаковго кылмыш иши козголгонун, анын камакка алынышын айыптаган бир нече адвокат 3-декабрда маалымат жыйын өткөрдү. Алар бул окуядан кийин адвокаттык ишмердиктин мыйзамда көрсөтүлгөн кепилдиктерине коркунуч жаралганын белгилешти. Мунун алдында бир катар укук коргоочулар, юристтер жана жарандык активисттер адвокаттын камалышын кескин сындаган билдирүү тараткан. Анда бул окуя кадимки укук коргоо иш-аракеттеринин алкагынан чыгып, Кыргызстандагы адвокаттык ишмердүүлүк эркиндигине жана адам укуктарына системалуу коркунуч бар экенин көрсөтүп турганы айтылган. Матцаков камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун жана үч жылга кесилген Аскат Жетигендин адвокаты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аны 29-ноябрда кармаган. Адвокатка Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" жана "Документтердин жасалмасын жасоо" беренелери менен иш козголгон. Өзү кармалган себебин Ташовдун ишине байланыштырып, күнөөсү жок экенин билдирген. УКМК бул тууралуу расмий комментарий бере элек.


Сузакта бакчада балдардын сабалганы боюнча кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Сузак районунун Октябрь айылындагы “Кенжетай” бакчасынын кызматкери балдарды сабаган окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Бала бакчанын кызматкерлери балдарга ырайымсыз мамиле жасап, ата-энелердин бир нече жолку кайрылуусун четке кагып келгени аныкталды. Окуянын видеосу интернетке 2-декабрда тараган. Андан бакчанын кенже тобунда тамак жебей ыйлап жаткан балага аял кол көтөрүп, жаакка чапканын көрүүгө болот. Дагы бир тасмада ошол эле аял башка баланы далыга чапкылап жатканы тартылган. Видеону интернетке тараткан адам балдардын жеген тамагынын сүрөтүн да жарыялаган. Анда тамак-аштын сапатынын начардыгы, бала бакча санитардык талапка жооп бербей турганы айтылат.

Кыргызстан менен Түштүк Корея биргелешкен билдирүү кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапарынын алкагында корей лидери Юн Сок Ёл менен жолугушуусу өтүп, анда эки тараптуу кызматташуу талкууланды. Президенттин администрациясы 3-декабрда билдиргендей, бир нече документке кол коюлду. Анын ичинде эки өлкө ортосунда Баарын камтыган өнөктөштүктү түзүү жөнүндө биргелешкен билдирүү, климаттын өзгөрүүсү жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу, эки өлкө ортосунда кош салыктан баш тартуу протоколу бар. Билим берүү, санариптештирүү, экономика, энергетика, экология тармагында кызматташуу боюнча меморандумдар кабыл алынды.

Акыркы эки жылда Орусиянын 6 миң жараны кыргыз паспортун алды

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин директору Арсен Миңбаев былтыр Орусиянын 10 миңге жакын, быйылкы жылдын ушул мезгилине карата 7 миң жараны Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча арыз тапшырганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, акыркы эки жылда ал арыздардын негизинде 6 миң кишиге Кыргызстандын жарандыгы берилген. Миңбаев Калкты каттоо департаментинин кызматкерлери алардын маселесин чечүүгө аракеттенип жатканын, бирок көп учурда алардын эч кандай документи жок болуп чыгып, коңшу өлкөлөргө кат жиберилген учурлар бар экенин айтты. “Азаттыктын” иликтөөлөрүндө соңку жылдары орус жарандыгынан баш тартып, Кыргызстандын жарандыгына кайткан кыргыздар басымдуулук кылып жатканы маалымдалган. Буга Украинадагы согушка байланыштуу мобилизация жана кийинки кезде мигранттардын укугун чектеген мыйзамдардын көбөйүшү себеп экени айтылып келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG