Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Зеленский Европанын Путинге баш ийип берүүсү "өзүн өзү жок кылгандык" болорун айтты


Владимир Зеленский Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын жанында. Будапешт. 2024-жылдын 7-ноябры.
Владимир Зеленский Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын жанында. Будапешт. 2024-жылдын 7-ноябры.

Орусияга баш ийип берүү Европа үчүн "өзүн өзү жок кылгандыкка" тете болорун Украинанын президенти Владимир Зеленский европалык лидерлерге бүгүн 7-ноябрда Венгриянын борбор калаасы Будапештте өткөн жыйында эскертти.

Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал саммитин утурлай уюштурулган Европа саясий коомчулугу (European Political Community) бирикмесинин жыйынында айткан сөзүндө украин президенти үчүнчү жыл Орусиянын агрессиясынан арыла албай жаткан өлкөсүнө жардамды көбөйтүүгө чакырды.

"Путинге баш ийүү, артка чегинүү, кайсы бир шарттарга макул болуу керектиги жөнүндө көп сөз болду. Бул Украина үчүн кабыл алынгыс жана бүткүл Европа үчүн өзүн өзү жок кылгандыкка тете болот", - деди Зеленский.

Ошону менен катар ал АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп менен жалпы дүйнөнү "көптөгөн коркунучтар" тооруп турган азыркы мезгилде Кошмо Штаттар да, Европа да бири-биринин келечеги үчүн күчтүү болушу зарылдыгы тууралуу буга чейин да сүйлөшкөнүн кошумчалады.

Венгрия 29 өлкөнү бириктирген Европа Биримдигинде быйыл төрагалык кезекте болгондуктан бардык иш-чараларын Будапешт уюштурууда.

7-ноябрда да Украина Орусиянын чабуулуна кабылганын, борбор калаасы Киевге жана Кара деңиз жээгиндеги Одесса порт шаарына абадан сокку урулганын кабарлады. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG