Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:11

Кремлдин куттуктоосу кечикти. Путин Трампка кыр көрсөткөнүбү?


Дональд Трамп менен Владимир Путин Финляндиянын борбору Хелсинкиде жолукканда тартылган сүрөт, 16-июль, 2018-жыл
Дональд Трамп менен Владимир Путин Финляндиянын борбору Хелсинкиде жолукканда тартылган сүрөт, 16-июль, 2018-жыл

Дүйнө лидерлери биринен сала бири АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трампты жеңиши менен куттуктап жатышат. Бейшембиде гана Орусиянын мамлекет башчысы Путин ооз учунан куттуктап, Вашингтонго телефон чалуу оюнда жок экенин айтты.

Москва менен Вашингтондун мамилелери 2022-жылы Орусия Украинага кол салгандан кийин ого бетер начарлаган. Эми Трамптын бийликке кайтып келиши Украинадагы согуштун жүрүшүнө таасир этиши мүмкүн.

Путиндин куттуктоосу...

Бейшембиде Владимир Путин Трамптын шайлоодо жеңгени тууралуу комментарий берди.

"Учурдан пайдаланып, анын АКШнын президенти болуп шайланганы менен куттуктайм. Мен мурда айткандай эле Американын эли кимге ишенип, мамлекет башчы болуп келсе, биз аны менен иштеше беребиз. Чындыгында жана иш жүзүндө ошондой эле болот", — деди Путин эл аралык "Валдай" клубунун талкуусуна катышкан жерден.

Путин ошондой эле Трамптын буга чейин "украин кризисин токтотууга көмөктөшүүгө" даяр экени тууралуу айтканына да токтолду.

"Ал эмне кыларын андан сураш керек. Орусия менен алака-катышты калыбына келтирүүгө умтулуу, украин кризин токтотууга көмөктөшүү тууралуу буга чейин айтылгандарга көңүл бурса болот".

Путин ошондой эле Трампка телефон чалуу оюнда жок экенин айтып, "мен аны жасабайм" деди.

6-ноябрда Дональд Трамп шайлоодо жеңгени билингенден кийин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “океандын ары жагынан түшкөн маалыматтарга көз салып жатышканын”, жаңы президенттин алгачкы билдирүүлөрү менен кадамдарынан кийин гана “жыйынтык жасашарын” айтты. Ал Путиндин Трампты куттуктап же куттуктабасын билбей турганын кошумчалады:

“Кеп биздин мамлекетке каршы согушка тикелей жана кыйыр аралашкан дос эмес мамлекет тууралуу жүрүп жатканын эстен чыгарбайлы”.

Журналисттер "Трамп Путинге таарынып, Орусия менен АКШнын мамилелери ого бетер начарлап кетпейби?" - деп сураганда Песков: “Мындан да кантип начар болсун”, - деп жооп берди.

Муну менен катар ал Путин Вашингтон менен "диалогго даяр" деп ишендирди.

Буга үндөш пикирлерин орус бийлигинин өкүлдөрү жана саясий режимдин жактоочулары да айтышты.

7-ноябрда Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров АКШнын жаңы администрациясынан демилге түшсө, анын өлкөсү ачык диалогго даяр экенин билдирди. Ал Москва алакаларды үзбөгөндүктөн, аларды калыбына келтирүүнү биринчи болуп сунуш кылбай турганын айтты.

Анын алдыңкы күнү Тышкы иштер министрлиги Трамптын президент болуп шайланышына байланыштуу эч кандай “иллюзиясы жоктугун", себеби Американын саясий элитасы “Орусияга каршы позицияны ээлерин” билдирген.

Министрлик Москва Вашингтондун жаңы администрациясы менен “Орусиянын улуттук кызыкчылыктарын коргоп, атайын аскердик операциянын (Кремл Украинага басып киргенин дал ушинтип атап жүрөт) максаттарына жетүүнү эске алып кызматташарын” белгиледи.

Согуш демекчи, Батыш саясатчыларын ачыктан ачык мазактаган, жамандаган билдирүүлөрү менен таанылган Орусиянын мурдагы президенти, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев “Трамптын бир пайдасы - Украинага көп каражат жумшабайт” деген ою менен бөлүштү. Телеграм-каналындагы билдирүүсүндө ал “Трамп жиндидей болгон кайрымдуулук долбоорлоруна, тойбогон эл аралык уюмдарга каражат салууну каалабайт”, - деп жазды.

"Тирандар күчтүн гана тилин түшүнөт"

Саясат талдоочу Иван Преображенский “Настоящее время” телеканалына берген комментарийде Трамп Орусия сясатын кандай жүргүзөрүн сөз кыла элек, бирок Кремль аны азыртадан эле сүйлөшүүлөр үчүн ыңгайлуу деп эсептейт деген ою менен бөлүштү:

“Камала Харриске караганда Орусиянын жогорку расмий адамдарын Трамптын жеңиши кубандырары калетсиз. Аны түшүнүү оңой. Путин көнгөн кызыкчылыктар тилинде сүйлөйт. Камала Харрис жана анын айланасындагы адамдар менен кантип сүйлөшүү керектигин Кремль такыр түшүнбөйт. Аларды башка планетадан келген, баалулуктары, ой жүгүртүүсү айырмаланган кишилердей эле көрүшөт”.

Политологдун пикиринде, эки өлө ортосундагы тиреш күчөсө да, Путин менен Трамп чыңалуунун деэскалация жасай алышат.

Кубан Абдымен
Кубан Абдымен

Кыргызстандык саясат талдоочу Кубан Абдымен Москва менен Вашингтондун жаңы администрациясынын мамилелери дүйнөлүк саясатка таасир этерине токтолду:

“Трамптын “мен Путинден коркпойм, ага айта турган сөзүм бар, ачык айтып талап кылам” деп билдиргени бар. Бирок мурда президент болуп турган кезинде Путин менен сейрек кездешсе да, катуу сөз айтууга батына алган эмес. Эми азыр батынуугаа мүмкүнчүлүк болуп атат. Себеби Украинадагы согуш кайсы багытта баратканын көргөндөн кийин аны токтотууга Трамп кызыкдар экени байкалууда. Демек Орусиянын дарегине катуу сөз айтууга бара албайт болушу керек. Ошентсе да, согушту токтотуу үчүн эки тараптын көз карашын, позицияларын эске алып, андай мүмкүнчүлүктү бирге ишке ашыралы деген кадамга барышы ыктымал".

Трамп үгүт жүргүзгөндө ал мамлекеттин башында турса, Путин Украинага "кол салууга чейин барбайт болчу" деп айтып келди.

Ал ошондой эле шайланары менен, атүгүл кызматка расмий кирише электе эле Путин жана Зеленский менен сүйлөшүп, урушту токтотууга убада кылган. Ошол эле маалда конкреттүү планын сунуш кылып же тынчтыкка кандай шартта жетишерин тактаган эмес.

Аналитиктер биринчи президенттик мөөнөтү учурунда Трамп Путин менен жылуу мамилени сактап келгенин, ошол эле маалда украин аймактарынын аннексиясы үчүн Москвага санкция салганын, Киевге ченелүү сандагы курал-жарак бергенин эске салышат.

АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын бозгундагы орус оппозициясы да комментарийсиз калтырган жок. Саясатчы Михаил Ходорковский Трамп ишенимдүү жеңгенин, «эми ага өзгөртүүлөрдү ишке ашырууга мандат берилгенин» жазды.

Коррупцияга каршы фонддун жетекчиси Иван Жданов «бардыгы жакшы болот» деп катталуучуларын тынчтандырууга аракеттенди.

Мамлекеттик думанын мурдагы депутаты Геннадий Гудков Трамп «тынчтыкка күч менен жетүүгө» аракет кылат деп күтөт. «Бул Трамптын программасындагы эң туура пункт. Кан соргучтар, тирандар күчтүн гана тилин түшүнөт. Өзгөчө Путин», - деп эсептейт оппозициялык саясатчы.

Орусия шайлоого кийлигишкенин танды

Шайлоо болгон 5-ноябрда АКШнын Федералдык иликтөө бюросу бир нече штаттагы добушканаларда бомба катылганы тууралуу кабар түшкөнүн, алардын көбү орусиялык домендерден тарагандай көрүнгөнүн билдирген.

Мындан улам Жоржия штатында эки шайлоо пункту жабылып, болжол менен жарым сааттан кийин кайра ачылды.

Жоржиянын мамлекеттик катчысы Брэд Раффенспергер бомба тууралуу коркутуулардын артында Орусия турганын ишарат кылды. "Алар карасанатайлык кылып, бизде тынч, таза жана ачык-айкын шайлоо өтүшүн каалабаган чыгар. Алар бизди өз ара араздашууга түртүп, ошону жеңиш деп санагысы келет", - деп айтты.

Шайлоо алдында АКШнын чалгын кызматтары добуш берүүгө байланыштуу ар кандай жалган маалыматтарды таратуу ыктымалдыгын эскерткен. Чалгынчылар түрдүү бурмаланган макалаларга, видеолорго орусиялык түзмдөрдүн тиешеси бар деп билдирген. Америкалык расмий адамдар мунун бардыгы дезинформация кампаниясынын бир бөлүгү экенин белгилешкен.

Мисалы социалдык тармактарда Пенсильвания штатындагы шайлоо комиссиясынын мүчөсү Трампка берилген добуштарды жок кылып атат делген видео тараган.

Федералдык иликтөө борбору, Улуттук чалгын башкармалыгы жана Кибер коопсуздук боюнча агенттик ал видеонун фейк экенин жарыялаган. Алардын маалыматына караганда, “орусиялык түзүмдөр” АКШдагы шайлоонун калыс, ачык-айкындыгына шек жаратуу, ички ырксыздыкка жем таштоо максатында ошол видеону чыгарып, жайылтышкан.

Мичиган, 5-ноябрь 2024-жыл. Иллюстрация
Мичиган, 5-ноябрь 2024-жыл. Иллюстрация

Ага чейин тасма чагым экенин, ал атайылап тарттырылганын Пенсильваниянын бийлиги айткан.

Чалгынчылар Орусиянын АКШнын шайлоо жараянына кийлигишүүсү тууралуу айтканда, алар негизинен анын жыйынтыгына таасир этүүнү эмес, америкалыктар арасында ишенбөөчүлүктү, араздашууну пайда кылууну көздөгөнүн белгилешкен. Демократтардын талапкери Камала Харристи каралоо аракети жүрүп, шайлоонун жыйынтыгын "анын пайдасына бурмалаганы жатышат" деген маалымат көп жайылганы айтылган.

Расмий Москва Америкадагы шайлоого кийлигишкенин танууда.

Орус Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШ өзүнүн кемчиликтери үчүн жоопкерчиликти "башкаларга оодарууну токтотууга тийиш" деп 5-ноябрда билдирди:

“Эки талапкердин "калп айтып жатат" деп бири-бирин айыптаганын уксаңар, башка мамлекеттердин аралашуусунун деле кереги жок, ишенип койгула. Өздөрүнүн системасын оңдоп алышсын. Трамп айткандай, өздөрүнүн демократиясын дарылап алышсын”

Сентябрдын башында АКШ Орусияны Кремлдин кол астындагы медиа аркылуу президенттик шайлоого таасир этүүгө аракеттенүүдө деп айыптаган. Буга байланыштуу Финансы министрлиги “Россия сегодня” медиа тобуна жана анын курамындагы РИА "Новости", RT, Ruptly жана Sputnik компанияларына санкция салган.

Ал эми АКШнын Юстиция министрлигинин айтымында, RT Орусиянын кызыкчылыктарын коргогон видео роликтерди чыгарууга дээрлик 10 миллион доллар короткон.

Эсиңиздерге сала кетсек, Кошмо Штаттардын бийлиги Орусиянын 2016-жылдагы шайлоого кийлигишүүсүн иликтеген. Ишти жүргүзгөн атайын прокурор Роберт Мюллер Орусия аралашкан, бирок ал жолу да уткан Трамп менен жана анын штабы менен кутумга барган эмес деген тыянакка келген. Москва ошондо да дооматтарды четке каккан.

Бул жолку шайлоо алдында Ирандын да таасир этүү ыктымалдыгы тууралуу эскертилген. Тегеран андай айыптарды четке каккан.

Америкадагы шайлоо: Трамп кантип жеңди?
please wait

No media source currently available

0:00 0:41:44 0:00

Шерине

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG