Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Украина: Майданда аскер аз, орус армиясы алдыга жылууда


Украин армиясынын көзгө атар аскерлери. 10-октябрь, 2024-жыл.
Украин армиясынын көзгө атар аскерлери. 10-октябрь, 2024-жыл.

Расмий маалыматка караганда, октябрь айында Орусиянын күчтөрү Украинанын чыгышында 478 чарчы чакырымды аймакты оккупациялап алды. Ушул тапта орус армиясы Курахово шаарын курчоого алуу аракетин көрүүдө.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы Александр Сырский орус армиясы согуш башталгандан берки эң катуу чабуулун улантып жатканын билдирди. Орус күчтөрүнүн соңку кездеги ийгилигинин себеби эмнеде? Эмнеге украин армиясы туруштук бере албай жатат? Украин аскерлеринин саны канчалык жетиштүү?

Согушка байкоо жүргүзүп келген украиналык DeepState долбоорунун маалыматына караганда, соңку бир суткада орус күчтөрү Украинанын чыгышындагы Курахово шаарын курчоого алуу максатында Максимовка, Ясная Поляна, Богоявленка жана Кременная Балка айылдарында кыйла алдыга жылды. Учурда Кураховонун тегерегинде айыгышкан салгылаш жүрүүдө.

"Кырдаал күндөн-күнгө оор болуп баратат. Аскерлер аз, иш көп. Абал 2022-жылга салыштырмалуу кыйла кыйын",-дейт украин аскери Стас.

Курахово оккупацияланган Донецк шаарынан 48 чакырым алыстыкта жайгашкан. Андан анча алыс эмес жерде маанилүү транспорттук жана темир жол түйүнү бар. Ал аркылуу украин күчтөрүн тамак-аш, курал-жабдык менен камсыздоо жүрөт. Орусиянын армиясы дал ошол аймакты өз карамагына алууну көздөп жатат.

“Франц-пресс” агенттигинин анализинде көрсөтүлгөндөй, октябрь айында орус күчтөрү Украинананын чыгышындагы 478 чарчы чакырымды оккупациялап алды. Бул 2022-жылдын мартынан берки рекорддук көрсөткүч.

Учурда орус күчтөрү стратегиялык жактан маанилүү деп саналган Покровск шаарынан бир нече чакырым алыстыкта турушат.

Андан тышкары орус армиясы Харьков облусундагы Купянск шаарынын айланасындагы 40 чарчы чакырымдай аймакты өз карамагына алды. Бул калааны орус күчтөрү согуштун алгачкы айларында басып алган. Бирок кийин 2022-жылдын сентябрь айындагы украин армиясынын контрчабуулу маалында кайра Киевге кайтарылган.

“Франц-пресс” белгилегендей, соңку ирет орус күчтөрү мындай ийгиликтерди 2022-жылдын мартында көрсөтө алган.

Буга чейин украин армиясынын генерал-майору Дмитрий Марченко билдиргендей, украин аскерлери Донецк облусунда өз турумдарын жоготуп жатат:

“Тилекке каршы, Селидового орус аскерлери кирип, өз турумдарын бекемдеп жатышат. Жакында алар курчоого алып, толугу менен өз карамагына алышат деп ойлойм. Бул аларга Покровскиге чыгууга жол ачат. Бул биз үчүн абдан жаман”, - деди ал.

Орусиянын Коргоо министрлиги Селидово шаарын 29-октябрда эле өз карамагына алганын жарыялаган. Ал эми 2-ноябрда Кураховону ээлегенин кабарлады. Украин бийлиги бул маалыматтарды расмий ырастай элек.

Bild басылмасынын аскердик талдоочусу Юлиан Репке белгилегендей, октябрдын соңку күндөрү орус күчтөрү сегиз калктуу конушту өз карамагына алышкан. Алар: Богоявленка, Катериновка, Измайловка, Александрополь, Горняк, Селидово, Шахтерское жана Вишневое. Анын айтуусунда, украин күчтөрү “күнүнө экиден беш чакырымга чейин алдырып жатышат”.

“Мындай ылдамдык менен орус армияcы жарым жылда Днепропетровск облусуна чейин жетиши мүмкүн”, - дейт талдоочу.

“Кийинки максат албетте, быйыл Куратово болот. Андан ары алар Покровск, Мирноградды көздөй багыт алышат. Түштүк тараптан сокку уруу менен бул калааларда алар биздин топторду курчоого алышат. Ошону менен катар коммуникациялардын баарын үзүшөт. Ал жакта Донбасттын түштүгүнө жана Курахового алып барчу магистралдар бар”, - дейт журналист Юрий Бутусов.

Украин армиясынын чегинүүсүнүн себеби эмнеде?

Генерал-майор Дмитрий Марченконун эсебинде өлкө чыгышындагы азыркы кырдаалга курал-жабдыктын жана аскерлердин жетишсиздиги түрткү болду.

Жыл башында украин армиясынын чегинүүсүнүн себебин көптөр АКШнын аскердик жардамынын кечеңдешинен көрүшкөн.

Конгресс апрель айында кошумча жардам берүүгө макул болгондон кийин дагы украин аткаминерлери курал-жабдык убагында келбей же жай жиберилип жатканына нааразы болушкан.

Өткөн жумада Байдендин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен украин президенти Владимир Зеленскийдин башкы кеңешчиси Андрей Ермак Вашингтондо эки саатка жолугуп, артиллериялык системаларды, брондолгон техниканы жана абадан коргонуу каражаттарын Украинага жыл соңуна чейин жеткирүү боюнча Ак үйдүн планын талкуулашты.

Анткен менен америкалык расмий адамдардын пикиринде, Украинанын эң башкы маселеси курал-жабдыкта эмес. Учурда алардын эң башкы көйгөйү - аскерлердин жетишсиздиги.

Бул ойго германиялык Bild басылмасынын аскердик талдоочусу Юлиан Рёпке да кошулат.

“Адам күчү учурда эң башкы көйгөй болуп саналат. Аскерлер согуш тилкесинде абдан көп убакыттан бери отурушат. Аларды жаңылап, жаңы күчкө толгон бригадалар менен ротация жасаш керек эле. Бирок андай бригадалар жок. Мен украин армиясындагы өз булактарымдан укканыма караганда, аскерлер такыр алдан тайды. Алардын деми бар, согушууга даяр, бирок күчү жок”, - дейт ал.

Американын расмий адамдарынын айтымында, украин бийлиги армиянын катарын толуктоо үчүн ар кандай ыкмаларды колдонууга аракет кылып көрдү. Алтургай концерттик залдардан жигиттерди күч менен сууруп чыккан да учурлар болду. Буга карабай, азырынча армияны толуктоо жараяны ойдогудай жүргөн жок.

Украинанын майдандагы аскерлери азайып кеткенин Пентагондогу өз булактарына таянып New York Times басылмасы жазды. Анда белгиленгендей, украин бийлиги жакында эле түзүлгөн бригадаларынын айрымдарын өлкөнүн чыгыш жана түштүк тараптарын коргоо үчүн эмес, Курскиге салган.

Украин армиясы быйыл июнь айында Орусиянын Курск облусуна кирип барып, жүздөгөн чарчы чакырым аймакты өз карамагына алган.

"Москва эч качан Украинада жеңбейт"

Пентагондун башчысы Ллойд Остинден журналисттер украин аскерлеринин санынын жетишсиздиги тууралуу сураганда: “Алар көбүрөөк адамдарды тартуунун үстүнөн жигердүү иштеп жатышат. Ал адамдарды машыгуудан өткөрүү керек. Алар аскердик кубатын калыбына келтирүү зарыл”, - деп жооп кайтарды.

Киевде Зеленский менен жолугуп жатып, Остин жеке курамды толуктоого жана күч топтоонун маанилүүлүгүн баса белгилегенин Пентагондун жогорку даражалуу өкүлү NYT басылмасына айткан.

Басылманын маалыматына караганда, Остин, Европадагы америкалык күчтөрдүн башкы командачысы Кристофер Г. Каволи украин генералдары менен биргеликте АКШ жибере турган курал-жабдыкты жана кышкы пландарды талкуулашкан. Остин согуш Москванын шарттарында аякташы мүмкүн деген скептиктерди айыптады.

“Украина канчалык туруштук бере алары маанилүү. Москва эч качан Украинада жеңбейт”, - деген ал.

Украинанын президенти Владимир Зеленский буга чейин билдиргендей, орус аскерлеринин саны украин жоокерлерине караганда сегиз эсе көп.

НАТОнун баш катчысы Марк Рютте согуш башталганы Орусиянын 600 миңдей аскери набыт болуп же жараат алганын жакында эле билдирди. Мындан улам Москва ар кайсы жактан аскерлерди, анын ичинде Түндүк Кореядан аскерлерди тартууга аргасыз болуп жатканын эксперттер белгилешет.

Башка батыш дипломаттарынын эсебинде, Москва муну менен Батышты коркутууга аракет кылып жатат. Орусия аскерке тарткандардын арасында борбор азиялык мигранттар, түрмөдө жаткандар дагы бар.

2023-жылы Орусиянын армиясы украин аймагынын 584 чарчы чакырым аймагын ээлеген. Ал эми 2024-жылдын 1-январынан бери 2660 чарчы чакырымды басып алууга үлгүрдү. Ал эми 2022-жылдын 24-февралынан 2024-жылдын 27-октябрына чейин 67 192 чарчы чакырымын өз карамагына алды. Учурда Крым жарым аралы менен бирдикте Орусия Украинанын 18,2% аймагын көзөмөлдөп турат.

Шерине

XS
SM
MD
LG