АКШнын Каржы министрлиги Серб Республикасынын (Republika Srpska) президенти Милорад Додикке жана анын уулуна америкалык санкциялардан буйтап кетүүсүнө жардам берген деп шектелип жаткан бир адамды жана ишкананы санкциялык тизмеге киргизгенин 6-ноябрда жарыялады.
Кошмо Штаттардын өкүлү Мэтью Миллер билдиргендей, алар Додик калкалаган атайын топко карайт.
"Бул коррупция коомчулуктун мамлекеттик мекемелерге жана мыйзам үстөмдүгүнө болгон ишенимин жок кылды. Сөз компаниянын активдеринин көзөмөлдөнүшүн жана өткөрүлүп берилишин жаап-жашыруу үчүн корпоративдик структураларды жаңылоо жана калыбына келтирүү аракеттери жөнүндө болууда", — деп айтты Миллер.
Анын алдында Додик АКШдагы президенттик шайлоодо алдыга чыккан мурдагы президент Дональд Трампты жеңиши менен куттуктаган.
Додик Серб Республикасын Босния жана Герцеговинадан ажыратууга багытталган аракеттери үчүн АКШнын жана Улуу Британиянын санкцияларына кабылганы кабарланган. Саясатчы өзү мындай айыптоолорду четке каккан.
Босния жана Герцеговина – Европадагы эң кедей өлкөлөрдүн бири, калкынын жарымын босниялык мусулмандар, үчтөн бирин сербдер, 15% хорваттар түзөт. Өлкө 1992-жылы мурдагы Югославиядан бөлүнүп, өз алдынча эгемендик алган мамлекет. Андан кийин аймакта тутанган согуштун жүрүшүндө мамлекеттин ичинде Серб Республикасы (Republika Srpska) түзүлгөн.
2022-жылдын декабрында өлкө Евробиримдикке талапкер макамын алган.
Додик Орусиянын президенти Владимир Путин менен тыгыз байланышта экени айтылат. Орусия 2022-жылы Украинага кол салганы үчүн Батыштын санкцияларына кабылган. (RK)
Шерине