Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:57

Батыштагы үч лидер Грузияны "багытын өзгөртүүгө" үндөдү


Эммануэл Макрон, Олаф Шольц жана Дональд Туск.
Эммануэл Макрон, Олаф Шольц жана Дональд Туск.

Европа Биримдигине мүчө үч өлкөнүн — Франция, Германия жана Польшанын лидерлери Грузияны жакында өткөн парламенттик шайлоодо ар кандай мыйзам бузуулар өтө көп болгону тууралуу айыптоолордун баарын териштирип чыгууга жана бул өлкөдө Орусияныкына окшоштуруп кабыл алынган мыйзамдарды жокко чыгарууга чакырышты.

Франция президенти Эммануэл Макрон, Германия канцлери Олаф Шольц жана Польшанын премьер-министри Дональд Туск бүгүн, 7-ноябрда биргелешкен билдирүү жасап, добуш берүү учурунда "көптөгөн мыйзам бузуу, шайлоочуларды коркутуп-үркүтүү болгону тууралуу" маалыматтарга терең тынчсызданып жатканын билдиришти.

"Эгер Грузия азыркыдай багытын өзгөртпөй турган болсо жана реформа жүргүзүү боюнча олуттуу аракеттерин көрсөтпөсө, атап айтканда, европалык баалуулуктарга жана принциптерге карама-каршы келүүчү соңку мыйзамдарын жокко чыгарбаса, биз Грузиянын Евробиримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону колдой албайбыз", - деп айтылды үч лидердин билдирүүсүндө. Алар бүгүн Венгриянын борбору Будапештте Европанын саясий шериктештиги бирикмесинин жыйынына жана Еврошаркеттин бейрасмий саммитине катышып жатышат.

Грузиянын өзүндө азыркы тапта шайлоонун жыйынтыгына каршы арыздар боюнча соттук териштирүү жүрүүдө. Мисалы, "Менин добушум" уюму шайлоо күнү 1131 участокто байкоочулары иштегенин, алар жалпысынан 900дөй мыйзам бузуу фактысын аныктап чыгышканын айтууда.

Грузиянын европалык интеграцияны жактаган оппозициясы шайлоонун бийлик жарыялаган жыйынтыгына, өкмөттүн орусиячыл саясатына каршы акцияларын улантууда. Өлкө былтыр Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер макамын алган. Бирок Орусияныкына окшогон репрессиялык, адам укугун жана эркиндиктерин чектеген, оппозицияны куугунтуктаган мыйзамдардын кабыл алынышы Европадагы өнөктөштөрдүн нааразылыгын жаратууда.

Грузия президенти Саломе Зурабишвили Батыш өлкөлөрүн бийликке шайлоонун бурмаланган жыйынтыгын кайрадан карап чыгышы үчүн басым көрсөтүүгө чакырган. 29-октябрда “Азаттык” радиосунун грузин кызматына курган маегинде ал эгер шайлоо маселеси калыс чечилбесе, Европа Биримдигине талапкер макамы бар, НАТОго да мүчө болууга умтулуп жаткан Грузия “европалык келечегинен” ажырай турганын белгилеген.

26-октябрда бийликти орусиячыл олигарх Бидзина Иванишвилинин “Грузин кыялы” партиясы башкарып турган Грузияда парламенттик шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы аталган партия добуштардын 53,92%, ал эми оппозицияга 38% тийгенин жарыялаган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG