Сандуну колдогондор борбор калаа Кишиневдо жана чет жакта жашагандар арасында көп болду.
Орусиянын кийлигишүүсү, добуштардын бурмаланышына катышуусу тууралуу айыптоолор айтылган бул шайлоо жараянынын жыйынтыгында Санду: “Молдова, сен жендиң!” - деп жарыялады.
Санду Х баракчасында өлкө сыртындагы жана ичиндеги шайлоочуларына ыраазычылык билдирди.
“Бүгүн Молдова утту. Биз бирге экенибизди, демократиянын жана татыктуу келечектин жолунда экенибизди көрсөттүк”, - деп жазды.
Санду өлкө сыртындагы жарандардын добуштары менен жеңишке жетти. Чет өлкөдөгү диаспорлар жапырт ага добуш беришти. Өлкө ичинде Стояногло 51,2% добушка ээ болду.
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жалпы шайлоочулардын 54% добуш бергенин билдирди. Бул 2020-жылдагы президенттик шайлоонун биринчи жана экинчи туруна караганда алдаганча жогору.
Шайлоодо эки талапкер - батышчыл көз караштагы азыркы президент Майя Санду жана Орусия колдогон талапкер, мурдагы башкы прокурор Александр Стояногло ат салышты. Эми Санду төрт жылдык мөөнөткө президент болуп шайланды.
Сандунун тушунда калкы 2,5 миллион киши болгон мурдагы советтик жакыр өлкө евроинтеграция жолуна түштү.
2022-жылы Молдова Евробиримдикке талапкер макамын алды, быйыл жыл башында бул биримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөр башталды.
Өлкөдө добушканалар жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дө ачылды. Жалпы 2,2 миңден ашуун шайлоо тилкесинин 231и чет мамлекеттерде жайгашкан.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында жеңишке жеткен талапкер төрт жылдык мөөнөткө президент болуп шайланат.
Кишиневдогу шайлоо участогунда добуш бергенден кийин журналисттерге берген комментарийинде Майя Санду "Молдова менен бирге добуш бергенин" айтты.
"Уурулар биздин добуштарыбызды сатып алууну, биздин өлкөнү сатып алууну каалайт. Бирок эл алардын кара ниетинен күчтүү. Молдаваны күчү ар бириңерде! Ишеним жана үмүт менен добуш бергиле. Башыңарды көтөргүлө, молдовандар!"
20-октябрдагы президенттик шайлоонун биринчи турунда өлкөнүн евроинтеграциясын жактаган азыркы башчы Майя Санду добуштардын 42,49%, ал эми анын негизги атаандашы, социалист, Орусия колдогон саясатчы, мурдагы башкы прокурор Александр Стояногло 25,9% алган.
Ошол эле күнү Молдовада өлкөнүн Европа багытын бекемдөөнү көздөгөн референдум өткөн. Жыйынтыгында "Ооба" дегендер 50,38% жетип, көпчүлүктү түзгөн. "Каршы" деген добушун бергендер менен ортодогу айырмачылык өтө аз болуп чыккан.
Санду бул добуш берүү күнү да, ага чейин да Молдова Орусия артында турган күчтөрдүн өтө чоң басымына, кийлигишүүсүнө кабылганын айткан, мындай болорунан кооптонуусун ал буга чейин да билдирген.
Орусия Молдовадагы шайлоо жараянына кийлигишүү тууралуу айыптоолорду четке кагууда.
Сандунун атаандашы Александр Стояногло добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна учкай жооп берди:
"Мен бүгүн үй-бүлөм менен бирге эркин, стабилдүү, гүлдөп жаткан жана өз жарандарын тили жана улутуна, жашына, динине жана саясий көз карашына карабай сыйлаган Молдова үчүн добуш бердим. Кайырчылыкка туруштук бербестен, Батыш менен да, Чыгыш менен да жакшы мамиле түзө турган Молдова үчүн бердим".
Молдовада диаспораны кошкондо 3,02 миллион шайлоочу катталган. Кишиневдогу шайлоо тилкелердин бирине келген шайлоочулар Рейстерс агенттигинин суроолоруна жооп беришкен.
"Уулум Германияда, мен ал үчүн кубанычтамын. Мен ал өлкөдө болгом. Бул жерден жакшыраак, Молдовада ошондой болушун каалайбыз" деди добушканадан чыккан шаар тургуну.
"Биз үчүн бүгүн чечүүчү күн. Биздин кайсыл тарапта болоорубузду аныктай турган күн. Акыркы 30 жылда бизде мындай маанилүү күн болгон эмес" деди шайлоочулардын дагы бири.
Молдованын басымдуу бөлүгү Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаганга чейин Румыниянын курамында болгон жана көптөгөн молдовандар да Румыниянын жарандыгын алып, Евробиримдиктин аймагында эркин жүрүүгө жана иштөөгө уруксат алышкан.
АКШдагы атактуу Гарвард университетинин бүтүрүүчүсү жана Дүйнөлүк банктын мурдагы кызматкери Майя Санду Молдованын биринчи аял президенти. Ал 2020-жылдагы президенттик шайлоодо Евробиримдикти жактаган күчтүү билдирүүсү менен жеңишке жеткен. Ал коррупция менен күрөшүүгө жана сот системасын реформалоого убада берген эле.
Бирок Сандунун биринчи президенттик мөөнөтү Молдованын экономикасы коронавирус пандемиясынан жабыркаган жана Орусия менен геосаясий чыңалуу күчөгөн убакка туш келди.
52 жаштагы Санду 2012-жылы өлкөнүн билим берүү министри болуп турган маалда көпчүлүккө таанылган. 2016-жылы президенттикке талапкерлигин көрсөтүп, андан кийин ал кыска мөөнөткө өлкөнүн премьер-министрлик кызматын аткарган.
Президенттик кызматта турганда Санду 2022-жылдын июнь айында Молдованын Евробиримдиктин мүчөлүгүнө талапкер болушун камсыз кыла алды. Бул жараянды Орусиянын Украинага басып кириши тездеткендей болду.
Анын атаңдашы Александр Стояноглонун 2019-2021-жылдар аралыгында Молдованын Башкы прокурору катары тажрыйбасы анын президенттик шайлоо кампаниясына олуттуу таасирин тийгизди. 57 жаштагы талапкер “мыйзамдын жалган жалаанын үстүнөн жеңишин камсыз кылам” деп убада кылды. Ал 3-ноябрда добуш берип жатып, журналисттердин суроолоруна учкай жооп берген.
Башкы прокурор катары Стояногло бийликтин жогорку сересиндеги коррупция менен күрөшө албаганы үчүн катуу сынга алынган.
Стояноглонун cаясий карьерасына бир кылка мүнөздөмө берүү оор. Ал парламенттеги европачыл коалициянын мүчөсү болгонуна карабастан коммунисттик доордогу мыкаачылыктарды айыптаган резолюцияга добуш берүүдөн баш тартуу сыяктуу орусиячыл позицияларды карманып келет. Анын Украинадагы согушка болгон реакциясы да ар түрдүү болгон. Ал согушка “терс көз карашын” билдирген, бирок Орусияны баскынчылык үчүн түз айыптаган эмес.
Орусия Румыния менен Украинанын ортосунда жайгашкан, калкы 2,5 миллион адамды түзгөн бул өлкөгө таасирин күчөтүү аракетин үзбөй келет. Молдова бийлиги Орусия шайлоо өнөктүгүнө аралашып, жалган маалымат таратып жатат деген кооптонуусун бир нече жолу билдирген.