Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Тегеранда студент кыз окуу жайда чечингени үчүн кармалганы кабарланды


Тегерандагы Азад университети. Сүрөт видеодон алынды.
Тегерандагы Азад университети. Сүрөт видеодон алынды.

Иранда Тегеран университетинин студенти окуу жайдын кампусунда жарым-жартылай жылаңач жүргөнү үчүн кармалды. Жергиликтүү Телеграм-каналдар жана укук коргоочулардын маалыматына караганда, студент буга чейин хижаб эрежелерин бузган деген негизде кысымга кабылып келген.

Социалдык тармактарда күч органдары жана өкмөтчүл “Басиж” жаштар уюмунун өкүлдөрү кыздын үстүндөгү кийимди айрып салганын жазышкан. Айрым күбөлөр студент кыз өзү чечингенин билдиришкен.

Студент азыр кайда экени белгисиз. Аны полиция кармап кеткени, азыр эч ким байланыша албай жатканы кабарланды. Окуу жайдын өкүлү кыз психикалык жактан жабыркаганына байланыштуу ооруканага жиберилгенин маалымдады.

БУУнун Ирандагы адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Тегерандагы окуяга байкоо салып турганын жарыялады. Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму аны тезинен бошотууну жана жактоочу, үй-бүлөсү менен байланышууга мүмкүнчүлук берүүнү талап кылды.

2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG