Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:02

Москвада "Кылымдардын мурасы" көргөзмөсү өтүп жатат


"Кылымдардын мурасы" көргөзмөсү. Москва. 19-октябрь, 2024-жыл.
"Кылымдардын мурасы" көргөзмөсү. Москва. 19-октябрь, 2024-жыл.

Орусиянын борбор калаасындагы декоративдик искусство музейинде Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына арналган "Кылымдардын мурасы" көргөзмөсү ачылды.

Иш-чара Кыргызстандын Орусиядагы маданият күндөрүнүн алкагында уюштурулганын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

"Көргөзмө кыргызстандык байыркы чеберлердин дүйнөлүк маданиятка кошкон баа жеткис салымдарын көрсөттү. Экспозицияда байыркы мезгилдерден бери сакталып келген кымбат металлдардан жасалган жогорку өнөрчүлүк чыгармалары коюлган" - деп жазылган анда.

Көргөзмөдө кыргыздын салттуу турак жайы - боз үй тигилди. “Кылымдардын мурасы” 21-октябрга чейин уланат.

Кыргызстандын Орусиядагы маданият күндөрү 19-октябрда башталган. Анын алкагында Москвада кыргыз киносунун күндөрү өтүп, Кыргызстандын чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын “Достук көпүрөсү: Кыргызстан менен Орусиянын маданий жана илимий кызматташтыгы” аттуу форуму болду.

Кыргызстандын Орусиядагы маданият күндөрүнө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкүлдөр, кыргызстандык маданият ишмерлери жана өнөрпоздор катышты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG