Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:39

Түндүк Осетия: Архиепископ Герасим мугалим Светлана Коцоевага чекисттин көзү менен караганда...


Владикавказ жана Алания архиепискобу Герасим гимназиянын окуучулары менен. Владикавказ. 04.9.2024.
Владикавказ жана Алания архиепискобу Герасим Владикавказдагы православ гимназиясынын окуучулары менен. Владикавказ шаары, Түндүк-Осетия–Алания Республикасы, Орусия. 04.9.2024. (Мында сары жана көк түстөгү шарлар өйүз-бүйүздө илинген).

Быйыл сентябрда Түндүк Кавказдагы окуу жайлардын биринде мугалим айым мектептеги салтанатка украиндик желектин түстөрүн элестеткен кийим кийип келгени үчүн кызматынан айрылды. Азыркы тапта, эгемен Украинага каршы Орусиянын баскынчыл согушу улантылып жаткан чакта, Светлана Коцоева айым көк жана ачык жашыл түс үчүн запкы чеккен жалгыз орусиялык эмес. Тарыхчынын блогу.

Гимназиядагы аземде архиепископ Герасим жалындуу сөз сүйлөдү

Быйылкы (2024–25-) окуу жылынын башында Орусия Федерациясына караштуу Түндүк Осетия – Алания республикасынын (осетинче: Республикӕ Цӕгат Ирыстон — Алани) борбору Владикавказ шаарында бир айырмалуу окуя болду.

Шаардагы Барбашов көчөсүндө жайгашкан Аксо Колиев атындагы православ гимназиясына Владикавказ жана Алания аймагынын архиепискобу Герасим өзү келип, жаңы окуу жылынын ачылыш салтанатында чыгып сүйлөдү.

Владикавказ жана Алания архиепискобу Герасим.
Владикавказ жана Алания архиепискобу Герасим. 08.9.2024.

Православ чөйрөсүнө “архиепскоп Герасим” катары таанымал бул мырзанын өз ысымы – Виталий Николаевич Шевцов. Ал 1971-жылы Маскөө шаарында туулган. Ал 1988–1993-жылдары Маскөө геологиялык чалгындоо институтунда таалим алган. Андан соң 1993–1997-жылдары православдардын Маскөө диний семинарийинде, 1997–2001-жылдары Маскөө диний академиясында окуган. 1997-жылы ал Герасим ысымындагы ортодокс христиан такыбасы болуп калган.

2000-жылы ага иерокечил (иеромонах) даражасы ыйгарылган. 2005–2019-жылдары ал Жапониянын борбору Токиодо өз чиркөөсүнүн багыты боюнча кызмат өтөгөн. 2012-жылы ага архимандрит даражасы ыйгарылган.

2020-жылы ал Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында да православ дин кызматкери катары кызмат өтөгөн.

Анын өмүр жолунда, демек, Токио жана Сеул шаарларында байырлаган жылдары жана бул өлкөлөрдөгү демократиячыл жүрүмдөргө күбө болгон мезгили болгонун кошумчалай кетсек болот.

2021-жылдын сентябрында архимандрит Герасим Түштүк Осетиядагы православ чиркөөлөрүн башкарган Владикавказ жана Алания епархиясынын башчысы (архиепископ) болуп дайындалган. 2022-жылы 13-ноябрда ал архиепископ даражасын расмий алган.

Дал ушул инсан 2024-жылдын 4-сентябрында Владикавказдагы Аксо Колиев атындагы православ гимназиясында жаңы окуу жылынын башталышына байланыштуу жалындуу сөздөр менен чыгып сүйлөдү.

Анын чыгып сүйлөөсүндө, маселен, бардык эле диндерге ишенгендер жана динге ишенбегендер колдой турган мындайча сөздөр да камтылды:

“Урматтуу ата-энелер! Сиздер балдарыңыздарды мугалимдерге тапшырып жатасыздар, бирок өз милдетиңиздер муну менен эле аяктап калбайт.

Балдарды үй-бүлө да, мектеп да тарбиялайт. Булар – бири-бирине теңдеш насаатчылар.

Мектепсиз деле жакшы тарбияласа болот, бирок андай учурда (балада) билим болбойт. Ал эми үй-бүлө болбосо, андай учурда көп билимге ээ болгон акмак өсүп чыгат. Демек, биз балдарыбызды билим өлкөсүнө жеткирген бир куштун кош канаты болууга тийишпиз”.

(“Дорогие родители! Вы передаете своих детей с рук на руки учителям, но ваша миссия на этом не заканчивается. Детей воспитывает и семья, и школа. Это два равновеликих наставника. Без школы будет хорошее воспитание, но не будет знаний. Без семьи вырастет многознающий оболтус. Поэтому мы должны быть двумя крыльями птицы, которая наших детей несет в страну знаний”).

Бул чыгып сүйлөөнүн тексти православ чиркөөсүнүн Маскөө патриархатына караштуу Владикавказ жана Алания епархиясынын интернет барагында да (04.09.2024) жарыяланды.

Архиепископтун көмүскөдө берилген буйругу

Балким, Владикавказдагы протоиерей Аксо (Алексий) Колиев атындагы православ гимназиясында уюштурулган салтанаттуу жыйын архиепископ Герасимдин жалындуу сөзүнө карата кол чабуулар, андан кийинки чакан концерт жана Бесланда набыт кеткен окуучу балдарды эскерген шар учуруу жөрөлгөсү менен эле бүтүп калмактыр.

Бирок архиепископ Герасим андан ары да иш-аракетке барды. Бул жолу ал алиги гимназиянын жетекчилигине тымызын буйрук берип, өз епархиясынын кол астында болгон бул диний окуу жайдан Светлана Коцоева деген мугалим айымды кетирүүнү талап кылды.

Светлана Петровна Коцоева мектепте башталгыч класстардын мугалими болуп иштеп келе жаткан.

Ал 1996-жылы К.Л. Хетагуров атындагы Түндүк Осетия мамлекеттик университетинин (Североосетинский государственный университет; СОГУ) тарых факультетин аяктаган. Анын 25 жылдык педагогикалык стажы бар.

С.Коцоева бул окуу жайда соңку 12 жылдан бери эмгектенип келген.

Светлана Коцоеванын айыбы эмнеде?

Мугалим айым Светлана Петровна Коцоева жаңы окуу жылынын башталышына арналган аземге жакшынакай кийинип барууну чечкен экен.

Анан Светлана Коцоева айым үстүнө көк кыска көйнөк (блузка), астына сары түстөгү этек (юбка) кийип алган тура!

Башка учурларда буга эч ким деле көңүл бөлмөк эмес (дегиңкиси, ал гимназиядагы салтанатка курорт жайлардагы деңиз жээгиндеги сууда сүзүүчү кийимчен же паранжачан келген жок да).

София аянтында. Киев, 16.8.2014.
"Азов" батальонунун жоокеринин автоматы. Украин жоокерлери өлкөнүн чыгышындагы кан майданга кетээр алдында София аянтында ант беришти. Киев, 16.8.2014.

Бул айымдын олуттуу айыбы – ал тандаган кийимдин түсүнө байланыштуу эле. Бул кош түстүн (үстүндө – көк, астында – сары) жалпылыгы эгемен жана демократиялуу Украинанын мамлекеттик желегин элестетип турат.

Демек, архиепископ Герасимдин көзүнө бул түстөрдүн айкалышы “желмогуздун түсүнө” тете көрүнүп кеткен сыяктуудай.

Анын жүйөөсүн аңдоого далаалат кылалы: орусиялык православ чиркөөсүнүн патриарх Кирилл баш болгон жетекчилери Орусиядагы христиандарды жана башкаларды “украиндик антихристтерге” каршы “ыйык согушка” үндөп жатышса, Владикавказ жана Алания епархиясынын жылуу колтугундагы мектепте ушундай жорукка барып жатышканын карабайсызбы!

Айтор, архиепископ Герасим бул окуяга карата чиркөөдөгү эски “чекисттердин кыраакылыгынын” турумун көрсөтүүнү чечти. Ал С.Коцоеваны жумуштан кетирүү талабын өз кызматкери аркылуу гимназия жетекчилигине айттырды.

Владикавказ шаары. 20.7.2023.
Владикавказ шаары. Түндүк Осетия-Алания, Орусия. 20.7.2023.

Светлана Коцоева мугалимдик жумуштан айдалды

2024-жылы 8-сентябрда архиепископ Герасим Владикавказ шаарындагы Улуу княз Владимир атындагы чиркөөдө сыйынуу жөрөлгөсү маалында “Ыйык Эненин Владимирдик иконасы” делген икона 1395-жылы Владимир шарынан Маскөөгө көчүрүлүп келген, бул “ыйык иконанын” көрүнбөс “сыйкырдуу таасиринин” аркасында баскынчыл жортуул менен орус жергесине келе жаткан Эмир Темир капысынан артка – Борбордук Азияга кайткан, деген диний уламышты саймедирлеп сүйлөп эскерип өттү.

Андан тышкары ал заманбап тышкы саясатка да кайрылып, мындайча сөздөрдү айтты:

“Буга чейин эле (Киевдеги) мамлекеттик бийлик тарабынан Украин православ чиркөөсүнүн ишмердигине тыюу салынган. Эмитеден эле Константинополь (б.а. Стамбул христиан ортодокс чиркөөсү) да бизди бөрү сымал (жоо көзү менен) карап жатат. Өзүбүзгө эң жакын элдер, славяндар, бизге каршы согушуу үчүн (Украинага) курал-жарак берип жатышат. Ичибизде деле тынч эмес. Ойгонуубузга, көзүбүздү ачууга убакыт жетти...”

(“Уже государственной властью запрещена Украинская Православная Церковь. Уже Константинополь на нас тоже волком смотрит. Самые близкие нам народы, славяне, дают оружие, чтобы воевать против нас. Внутри тоже не спокойно. Пора проснуться, открыть глаза...”)

Ал эми Аксо Колиев атындагы православ гимназиясынын мугалимдер жамаатынын өкүлдөрү 8-сентябрдагы дал ушул сыйынуу жөрөлгөсүнө катышып, архиепископ Герасимди куттукташты.

Бул мугалимдер архиепископ менен жолугушуусу маалында андан Светлана Коцоеваны кечирип коюусун да өтүнүштү.

Арийне, бул айымды эч кабыл албай койгон архиепископ Герасим мектеп жамаатынын өтүнүчүнө эч ийиген жок. Ошентип, анын сөз жүзүндөгү буйругунун күчү жанган жок.

Акыры гимназиянын жетекчилиги 9-сентябрда Светлана Коцоеванын өзүнө “арыз жазып, иштен өзүңүз эле чыгып кетиңизчи!” деп жалбарууга барды.

Светлана Коцоева айым “өз арызына ылайык” гимназиядагы мугалимдик жумушунан чыгып кетти.

Анын көк жана сары түстөгү кийимди кийип чыгышынын түпкү маңызы эмнеде болгондугу тууралуу маалымат азырынча бизге дайынсыз.

Деги ал өз кийими менен Украинанын желегинин түсүн чагылдырууга ниет кылды беле, же жокпу? Бул суроонун жообун андан жекече тактоого мүмкүнчүлүгүбүз болгон жок. Интернеттен бул мугалим айымдын өзүнүн сүрөтүн да таба албадык.

А.Кустовский тарткан сатиралык сүрөт. 11.11.2020.
Тынчтыкты сүйүмүш болгон баскынчы. Алексей Кустовский (Олексій Кустовський) тарткан сатиралык сүрөт. 11.11.2020.

Көк жана сары түс үчүн жаза

Дегиңкиси, путиндик Орусияда украин желегинин түстөрүн туюнткан көк жана сары түстөрдү колдонгондугу үчүн 2014-жылдан кийин (асыресе, 2022-жылдын 24-февралынан тартып) жаза тартып жаткан орусиялык жарандар жөнүндө буга чейин да кабардалып келген.

2022-жылы деабрда Орусиянын Башкы прокуратурасы көк жана сары түстөгү сүрөттөр кандайдыр-бир кылмыштуу жорук катары каралбай тургандыгын, бирок аны баалоо үчүн кырдаалды жалпылап таразалоо керектигин белгилеген.

Орусиянын түндүгүндөгү Ханты-Мансы - Угра (Югра) автоном аймагында – айтылуу Угра жергесинде бир мектептин деректири чачына сары жана көк тасма тагынган окуучу кыздын үстүнөн полицияга арызданган. Кийинчерээк полиция бул тасмада сары эмес, ачык жашыл түс колдонулганын, ошондуктан мында кылмыштын белгиси жок экендигин аныктаган.

Йошкар-Ола шаарынын тургунуна автоунаасынын номурунда көгүлтүр жана агыш көк түс болгону үчүн айып пул салынган. Унаанын ээси болгон айым ал түстөр өңү өчүп калган Орусиянын желегинин эле түстөрү экенин билдирген.

Антонина Смолина, Великий Устюг шаарынын тургуну. 06.4.2024.
Антонина Смолина, орусиялык журналист айым, Вологда облусунун Великий Устюг шаарынын тургуну. 06.4.2024.

Вологда облусунун Великий Устюг шаарында жашаган Антонида Смолина аттуу журналист айымдын окуясы да эсте калды.

Алгач 2024-жылы 9-апрелде “Новая вкладка” деген басылма өзүнүн Телеграм каналында бул окуя жөнүндө кеңири шардана кылган.

Көрсө, Антонида Смолина (Мизгирева) быйыл 6-апрелде өз башынан өткөн бир окуяны өзүнүн “Вконтакте” баракчасында жазып чыгыптыр.

Валерий Николаевич П. деген бир киши бул айымдын үстүнөн орусиялык полицияга арыз жазып, ал айым көк асмандын фонунда сары түстөгү күрмөсү менен түшкөн фотосүрөттү интернетте жарыялап, “кас душмандын түстөрүн кыйыр колдонгон” жана Орусинын куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы аскердик амалдарына акаарат көрсөткөн жорукка барган, деп доо койгон экен.

Полиция өкүлүнө журналист Смолина айым бул күрмөнү бери дегенде 3 жыл мурда сатып алгандыгын, анын түсү сары эмес, “крайола” деп аталган түстө экендигин, өз маянасы жыл сайын саясий кырдаалга жараша улам башка түстө жаңы күрмө сатып алууга мүмкүндүк бербестигин айткан соң гана журналист айым үйүнө кайткан.

2023-жылы 23-февралда Маскөөдөгү Орусиянын Эл аралык достук университетинде (РУДН) ар кыл этностордун диаспоралык топторунун өкүлдөрүнүн салттык маданий кечеси маалында украин студенттери өздөрүнүн көк жана сары түстөгү желегин илип алгандыгы чоң чуу жараткан.

Орусия эл аралык достук университетиндеги маданий кечеде. 2023.
Орусиянын Билим берүү жана илим министрлиги мекендештердин маданий кечесине арналган көргөзмөдөгү Украинанын желеги үчүн Орусия эл аралык достук университетинде иликтөө жүргүздү. 2023.

2023-жылы 1-мартта Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусияда украин желеги “биз өзүбүз салгылашып жаткан жана атайын аскердик амал жүргүзүп жаткан улутчулдардын режиминин желеги” катары каралат, деп кескин айтып чыккан.

Осетин кыздары Терек дарыясынын боюнда. 11.10.2020.
Осетин кыздары Терек дарыясынын боюнда. 11.10.2020. Бул күнү Түндүк Осетия - Алания Республикасынын күнү жана Владикавказ шаарынын күнү расмий белгиленди.

Кошумча маалымат.

Түндүк Осетия жана анын ордосу Владикавказ тууралуу учкай сөз

Орусия Федерациясына караштуу Түндүк Осетия – Алания Республикасы (осетинче: Республикӕ Цӕгат Ирыстон — Алани) бир эле учурда Түндүк Кавказ федералдык аймагына (орусча “округ”) кирет.

Бул жумурият оболу 1924-жылы 7-июлда РСФСРдын курамындагы Түндүк Осетия автоном облусу катары негизделген (демек, ал Кара Кыргыз автоном облусунан саал мурдараак түзүлгөн).

1936-жылы ал РСФСРдын курамындагы Түндүк Осетия Автоном Советтик Социалисттик Республикасы болуп калган.

Владикавказ мечити. 24.09.2017.
Владикавказ жамы мечити. 24.09.2017.

Түндүк Осетиянын борбору – Владикавказ шаары. Ал Түндүк Кавказдын чордондук аймагына жайгашкан.

Шаардын аталышы 1774-жылы Түндүк Кавказдын бул аймагын каратып алган падышалык Орусиянын орус калкынын тилиндеги “Владей Кавказом” (“Кавказга ээлик кыл”) деген сөздөн жаралган. 1784-жылы орус оторчулары мында Түндүк Кавказдагы алгачкы орусиялык сепилди негиздешкен.

Совет доорунда бул шаар “Орджоникидзе” ысымын да алып жүрдү.

[Серго Орджоникидзе (Григорий Орджоникидзе; 1886–1937) – ырааттуу болшевик лидерлердин бири болгон. Ал Сталин менен да жакын болгон, бирок анын репрессияларына ичи толгон эмес, деп айтылат. Анын 1937-жылдын 18-февралдагы сырдуу өлүмү тууралуу да ар кыл пиикрлер айтылат: бирлери аны өзүн өзү атып өлдү дешсе, башкалары сталинчилер аны атып салышкан дешет. Ал өлгөн соң жубайы Зинаида Гавриловна Павлуцкая (Орджоникидзе; 1894–1960) он жылга абакка кесилген. Абактан кийин ал айым Тбилиси шаарында жашап жүрүп, дүйнөдөн кайткан].

Экинчи дүйнөлүк согуш маалында коңшу ингуштардын бир бөлүгүнүн сталиндик режим тарабынан мыйзамсыз депортацияланышы жана Ингуш АССРинин мурдагы айрым жерлеринин (маселен, Пригородный районунун) Түндүк Осетия АССРине өткөрүлүп берилиши Советтер Биримдиги ыдыраган соң, өзгөчө 1992-жылы 30-октябрдан 4-ноябрга чейин, ингуштар менен түндүк осетиндердин өз ара жаңжалына түрткү болгон. Анын үстүнө Владикавказ шаарынын мурдагы аймагында да падышалык оторчулукка чейинки доордогу негизги калк – ингуштар болгон.

1924-жылы Владикавказ шаары бир эле учурда осетиндердин Түндүк Осетия автоном аймагынын дагы, Ингуш автоном аймагынын дагы борбору кызматын аркалаган. Терк дарыясынын оң жээги Түндүк Осетиянын борбору болсо, сол жээги Ингуш автоном облусунун борбору болуп калган. Шаар өзү РСФСРдын тикелей баш ийүүсүндө болгон.

Владикавказ шаары. 15.12.2019.
Түндүк Осетия - Алания Республикасынын борбору Владикавказ шаары жана Терек дарыясы. 15.12.2019.

1928-жылы 13-октябрда ВКП(б)нын Түндүк Кавказ крайы боюнча комитетинин бюросу Владикавказ шаарын толугу менен Түндүк Осетия автоном аймагына өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алган. Бул чечим ингуштардын нааразылыгын жараткан.

Ошол эле учурда чечен жана ингуш саясатчыларынын айрым топтору бул эки коңшу элди РСФСРдын курамындагы бирдиктүү Чечен-Ингуш автоном аймагына айлантуу жөнүндө сунуш да киргизе башташкан. Демек, ингуштарда бирдиктүү турум болгон эмес.

1930-жылдары, сталиндик режим СССРде толук күчүнө кирген маалда, Маскөө бул маселени өзү эле борбордон чечип салган.

1931-жылы Серго Орджоникидзенин ысымын алып калган бул шаар 1933-жылы РСФСРдын Борбордук аткаруу комитетинин (БАК) чечимине ылайык толугу менен Түндүк Осетия автоном облусуна өткөрүлүп берилген.

Орджоникидзе шаар аталышы 1944–1954-жылдары Дзаужикау (Дзауджикау) деп өзгөртүлгөн. Бул топоним эки сөздөн куралган: осетинче Дзауаг – киши ысымы, “кау” – “кыштак” маанисин берген.

Ал эми ингуштардын Заур кыштагы болсо падышалык оторчулар басып кире электеги бул сепилге жана шаарга жакын турган кыштак болгон. Ингушча "Заур" киши аталышын осетиндер “Дзауаг” деп айтышчу.

Айтор, бул “Дзаужикау” шаар аталышы бир эле учурда ингуштардын дагы, осетиндердин дагы тарыхый эстутумун чагылдырган т опоним болчу.

Дзаужикау (мурдагы ингушча Заур-Ков) шаары 1954-жылдан тартып кайра Орджоникидзе деп аталып калган.

Бул шаар оторчулук доордогу тарыхый “Владикавказ” аталышына 1990-жылы кайра көчүрүлгөн.

Владикавказ шаарынан 30 чакырымдай түштүктө Дарйал капчыгайы жайгашкан.

Аны орусча: “Дарьяльское ущелье”; осетинче: Арвык; ингушча: Dära Äle (Дэрэ Эле, б.а. Дэрэ капчыгайы); чечен тилинде: Terkan ch'azh, б.а. Терек дарыясынын капчыгайы), азербайжанча “Dəryal keçidi”, б.а. “Дерйал өткөөлү” жана “Alan gapıları”, б.а. “Алан дарбазасы” деп аташат. Бул сөздү парсыча “Дар-и алан” – “Аландардын дарбазасы” катары түшүндүргөн вариант да бар.

628-жылы бул капчыгай Батыш Түрк каганатына каратылган жана бул өткөөл аймак эл аралык соода үчүн эркин деп жарыяланган. Демек, бул өткөөл Улуу жибек жолунун Кавказдагы бир таманында жаткан.

"Жогорку Ларс" автоунаа өткөрүү түйүнү. Түндүк-Осетия - Алания, Орусия. 21.6.2023.
Грузия менен чек арага жакын "Жогорку Ларс" автоунаа өткөрүү түйүнү. Түндүк-Осетия - Алания, Орусия Федерациясы. 21.6.2023.

1991-жылдын соңунан тартып бул капчыгай Орусия менен эгемен Грузиянын ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкеси жайгашкан маанилүү өткөөл жай болуп келет.

Азыркы тапта көп этностуу Владикавказ шаарында болжол менен 293 миңдей тургун байырлайт. Мында осетиндерден тышкары орустар, армяндар, грузиндер, ингуштар, азербайжандар, украиндер, гректер, кумуктар жана башкалар байырлашат.

Түндүк Кавказдын (анын ичинде Владикавказ шаарынын) этностук-маданий тарыхы Кырым жарым аралынын көп этностуу бай тарыхына да кыйла окшошуп кетет.

Владикавказ шаарынын калкынын көпчүлүгүн ортодокс христиандар (“православдар”) түзөт. Албетте, сунний мусулмандар, протестанттар жана анча-мынча католиктер жана башкалар да бар.

Владикавказ шаарынын өзү, жалпы Кавказ аймагындай эле, этностордун ар кыл маданияттарынын, диндеринин жана тарыхый эстутумунун түркүн түстөр менен кубулжуган мозаикасы болуп саналат.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG