Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:32

"Согушта динди бурмалашат". Орус армиясы менен муфтияттын кызматташтыгы


Талгат Тажуддин жана Виктор Золотов. Булак: Орусиянын гвардиясынын Telegram каналы.
Талгат Тажуддин жана Виктор Золотов. Булак: Орусиянын гвардиясынын Telegram каналы.

Орусиянын укук коргоо органы Борбордук муфтият менен келишим түзүп, Түндүк Кавказдагы орус гвардиясында мусулмандар менен иштөө үчүн жардамчылар пайда болду.

"Кавказ.Реалии" долбоору менен маектешкен эксперттер келишимди орус армиясынын Кавказда өз ордун табууга болгон аракети катары сыпатташкан.

Майдын соңунда Мамлекеттик Думанын депутаты Александр Хинштейн Орусиянын гвардиясы менен Мусулмандардын борбордук дин башкармалыгы кызматташуу келишимине кол койгонун, анын алкагында муфтийлер орус армиясынын аймактык органдарында, анын ичинен Түндүк Кавказда иш алып барарын билдирди.

Келишимге орус гвардиясынын башчысы Виктор Золотов жана азирети муфтий Талгат Тажуддин кол коюшкан. Депутат ошондой эле "Улуттук гвардияда дээрлик 50 миң мусулман кызмат өтөөрүн" белгилеп, бирок маалыматтын булагын көрсөткөн эмес.

"Орус армиясында бардык салттуу диндердин өкүлдөрү бар. Улуттук гвардиянын аскерлеринде 50 миң мусулман кызмат өтөп жатат. Дин өкүлдөрү жеке курамдын жеке жетекчилигин командировкаларда коштоп жүрөт, согуштук аймактарга барат. Улуттук гвардиянын бөлүмдөрүндө 28 мечит жана намазкана бар", - деп жазган Мамлекеттик Думанын депутаты Александр Хинштейн Телеграм баракчасына.

Андан көп өтпөй Александр Хинштейн ВК социалдык тармагындагы расмий баракчасында кызматташуу максаты орус гвардиясында салттуу диндердин өкүлү болгон "аскердик капелландардын (министрлик жана светтик кызматтарды айкалыштырган диний ишмерлердин)" пайда болушун камсыз кылуу экенин тактады.

Страсбургдагы мечиттин мурдагы имамы жана Европадагы Чечендердин ассамблеясынын басма сөз кызматынын экс-жетекчиси Шамил Албаков "Кавказ.Реалииге" курган маегинде согушта капелландар диний ырым-жырымдарды жүргүзүп, өлгөндөрдүн сөөгүн жууй турганын айткан.

Бирок ал ошол эле кезде Борбордук Дин Башкармалыгынын имамдарынын функциялары муну менен эле бүтпөйт деген ишенимде: “Согуш - жихад, аскерлер - шейит деп айтып, Путиндин саясий дымагына ылайыктап, динди бурмалай башташат”.

Орус армиясы тараптардын жаңы келишимин аскер кызматкерлерин жана алардын ислам динин тутунган үй-бүлө мүчөлөрүн “патриоттук жана руханий-адептик тарбиялоо үчүн” деп атаган. Бул тууралуу мекеме өзүнүн Телеграм-каналында жазган.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын март айында Орус гвардиясы Патриарх Кириллдин атынан Орус православ чиркөөсү менен кызматташууга жетишкен.

Келишимге кол коюу учуруна катышкан Александр Хинштейн Орусиянын коопсуздук күчтөрүнүн дагы башка дин өкүлдөрү менен ушундай эле кызматташууну пландап жатканын айткан.

"Кавказ.Реалии" христиандар бул кызматташтык алкагында кылган иш-аракеттер тууралуу башка маалымат бере электигин жана, буга чейин айтылгандай, орус армиясы бутпарас же жөөттөр менен келишим түзө электигин жазды.

"Кавказ.Реалиинин" кабарчылары Уфадагы Борбордук дин башкармалыгынын баш кеңсесине бир нече жолу чалып, комментарий алуу аракетинен майнап чыккан эмес. Кабарчылардын электрондук почта аркылуу жөнөтүлгөн суроолоруна макала жарыяланган учурда жооп берилген эмес.

Депутат Александр Хинштейн да журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

Кавказдагы таасир үчүн диний күрөшпү?

"Кавказ.Реалии" менен сүйлөшкөн эксперттер Мусулмандардын Борбордук дин башкармалыгынын Түндүк Кавказда анча деле диний таасири жок экенин ачык айтышкан.

Маселен, башкармалыктын облустагы өкүлдөрүнүн бири Ахмед Сагов муфтияттын Ингушетиядагы өкүлчүлүгүн жетектейт. Сагов 2020-жылы Борбордук дин башкармалык "Ингуш жамаатынын диний биримдигин сактап, социалдык, маданий жана агартуу иш-чараларын өткөрөт" деп убада кылган.

"Кавказ.Реалии" Ахмед Сагов диний ишмердиги менен эмес, Кадыровдун 2022-жылы Чеченстандагы оппозициячыл Янгулбаевдерге каршы митингинде сүйлөгөн сөзү менен белгилүү болуп, андан кийин Ингушетиянын айрым тургундары аны элдин атынан сүйлөбөөгө чакырганы менен эсте калганын жазган.

2023-жылы ал Украинага каршы согушка катышып жаткан Кубань казактарынын армиясынын өкүлдөрүнө белек тапшырган. Журналисттер Саговдун муфтияттын орус гвардиясы менен биргелешкен демилгесине катышары азырынча белгисиз деп жазышкан.

Атын атагысы келбеген диний эксперт "Кавказ.Реалии" менен болгон маегинде Мусулмандардын борбордук дин башкармалыгынын Ростов облусундагы таасирин белгилеген.

"Ростов-на-Дону аскердик мааниде түштүктүн жана Кавказдын негизги шаары экенин билебиз. Балким, Мусулмандардын борбордук дин коомунун аскердик бөлүктөргө өнөктөш катары тандалып алынышында ушул жагдай да роль ойногондур", - деген ал.

Бирок анын айтымында, Ростовдун Түндүк Кавказда таасири жок, анткени "бардык жерде өздөрүнүн күчтүү муфтияттары бар".

"Балким, алар жер-жерлерде, бөлүмдөрдүн жанында болуп, жергиликтүү диний ишмерлер менен байланышып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшмөк. Бул муфтиятты Түндүк Кавказга киргизүү үчүн жасалып жатса керек", - деп эсептейт ислам аалымы.

"Кавказ.Реалиинин" журналисттери Мухаммед Бикмаев жетектеген Ростов облусунун муфтиятына кайрылган. Бирок алардын комментарий алуу аракетинен майнап чыккан эмес.

Саясат таануучу Руслан Айсин да Борбордук диний башкармалык Түндүк Кавказдагы таасирин күчтөндүрүүгө аракет кылып жатат деп эсептейт. Анын пикиринде, орус гвардиясы бул муфтиятты тандап алганынын атайын себеби бар.

"Борбордук диний башкармалык – бул консервативдүү түзүлүш, алар өзүлөрүн экинчи Екатерина доорунда түзүлгөн, Мухаммед пайгамбардын Оренбургдагы түздөн-түз мураскерлери деп эсептешет. Менимче, алар Кавказда Дагестандын диний администрациясы менен атааңдашууга аракет кылышат. Чеченстандын жана Дагестандын муфтияттары күч түзүмдөрү менен активдүү алака түзүп, Борбордук дин башкармалыгынын күчтүү колдоосуна ээ болгусу келет", - дейт Айсин.

Орусияда муфтияттар бир структурага баш ийбей өз алдынча иш алып барышат. Мусулмандардын бир нече дин башкармалыктары бар. Аларды федералдык маанидеги муфтият деп атаса болот. Редакция менен болгон маегинде дин аалымдарынын бири мындай “рухий көп түрдүүлүк” ислам динине мүнөздүү экенин баса белгиледи.

Бирок, саясат таануучу Руслан Айсиндин айтымында, бийлик, мисалы, Орус православдык чиркөөсү же орус еврей конгресси кирген бирдиктүү диний структуралардан айырмаланып, аларды саясаттын субъектилери деп эсептебейт.

Путиндин ишенимдүү муфтийи

Редакция менен маектешкен эксперттер бардык муфтияттар бийликке, анын ичинде согушту колдоо маселесинде абдан ыктап турарына бир ооздон макул болушкан. Христиан конфессияларынын арасында согушка каршы чыккандар болсо да, эксперттердин айтымында, Орусияда согушка каршы пикирин ачык айткан имам болгон эмес.

Путиндин Талгат Тажуддин менен жолугушуусу. (2017-жыл)
Путиндин Талгат Тажуддин менен жолугушуусу. (2017-жыл)

Руслан Айсин Тажудиндин муфтиятын башкаларга караганда бийликке көбүрөөк лоялдуу деп эсептейт. "Алар өз тарыхын империялык доорго тартып, исламдын ичинде императордук дискурс жүргүзүүгө аракет кылып жатышат", - дейт саясат таануучу.

Талгат Тажуддиндин бийлик менен өзгөчө мамилеси анын мусулмандардын өкүлү катары Путин менен диний лидерлердин жолугушууларына катышып жатканы менен да ырасталат.

Мурдагы имам Шамил Албаковдун айтымында, Мусулмандардын борбордук дин башкармалыгына кирген муфтийлер аскер дин кызматчыларынын милдетинен баш тартышы күмөн.

"Эч ким оппозицияда болбойт. Эгер адамдар мурунтан эле системага аралашса, алар эч нерсе дебейт. Албетте, бул согуш күнөө жана Исламга каршы келет. Бирок бул адамдар ансыз деле баарын бурмалап көнүп алышкан. Андыктан биз пацифизмди күтө албайбыз".

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Украинага каршы кеңири масштабдагы агрессияны "жихад", башкача айтканда, "ыйык согуш" деп атаган. Чеченстандын муфтийи Салах Межиев да Украинадагы согуш мусулмандар үчүн берекелүү экенин, каза болгондор “шейит” (Алланын жолунда каза болгондор) болорун айткан.

2023-жылы республиканын имамдары Гудерместеги Орусиянын атайын күчтөрү деп аталган университетке аскердик окууга жөнөтүлө баштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG