Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:33

Халал тиндер. Кавказда кантип түгөй издешет?


Илюстративдик сүрөт. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Илюстративдик сүрөт. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Түндүк Кавказда мусулмандар түгөй издеп нике агенттиктеринин кызматына көп кайрылышат. Социалдык тармакты колдонууга Орусияда тыюу салынганына карабастан, Инстаграмда андай агенттиктердин баракчалары арбын.

"Кавказ.Реалиинин" кабарчысы Кавказда нике институту кандай өзгөргөнүн жана исламда үй-бүлө түзүү агенттиктерине кандай мамиле экенин изилдеп көрдү.

Агенттик тааныштырган жаштар

24 жаштагы дагестандык Фатима менен Москвадан келген 34 жаштагы инженер Магомед Инстаграмдагы нике агенттиктеринин биринин жардамы менен таанышкан. Фатима жогорку окуу жайды ийгиликтүү аяктап, көптөн бери түгөй издеп жүргөнүн айтып берди. Ал өзү тандаган адамдын ийгиликтүү жана билимдүү, бирок ошол эле учурда мусулман болуп, ислам дининин эрежелерин сакташын каалаганын айтты.

«Курбу кызым Инстаграмда мусулмандардын нике баракчасына катталууну сунуштады. Ал жерде катталуучулар өзү жана издеп жаткан болочок түгөйү тууралуу маалымат жазышат. Башында мен бул сунушту олуттуу кабыл алган эмесмин. Бирок көп ойлонуп, жазып көрүү чечимине келдим».

Фатима өзү жана кызыкчылыктарын кыскача баяндаган анкетаны толтурган. Ал туугандарынан чочулап, сүрөтүн жарыялап же атын ачык атаган эмес. Бир жумадай убакыт өткөндөн кийин Магомедден кат келет. Фатима «анын сыпайы маектеш болгону мени таң калтырды, эң негизгиси биздин кызыкчылыктарыбыз дал келди» дейт.

Грозный шаары. Илюстративдик сүрөт.
Грозный шаары. Илюстративдик сүрөт.

Фатиманын жакындары жаштардын турмуш куруу ниетине каршылык көрсөткөн эмес. Ошентсе да, Фатима болочок жолдошу менен кантип таанышканы тууралуу ата-энесине айтып берген эмес.

«Менин үй-бүлөм консервативдүү болгондуктан, атам биз интернеттен таанышканыбызды билбеши керек деп ойлойм».

25 жаштагы Амина да өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

«Инстаграмдан нике баракчасын көрүп, бирок анын канчалык олуттуу экенинен күмөн санап жүрдүм. Чынын айтсам, ал аркылуу сүйүү тапса болооруна ишенген эмесмин. Ага карабай аракет кылайын деп ойлодум. Менин курбу кызым жолдошу менен андай баракча аркылуу таанышканын айтып берген эле. Адегенде жигиттердин профилдерин карап чыктым. Айрымдары мага жакты, ал тургай алар менен сүйлөшүп көрдүм. Бирок баары бир менин көңүлүмө төп келгени дароо табылган жок».

Амина тандаган агенттик өзүн эл аралык деп көрсөткөн. Аны түндүккавказдык адам иштетет жана катталуучуларынын көбү кавказдыктар. Агенттик эки тарифте кызматты сунуштайт - "стандарттык" жана "VIP" кызматы. "Стандарттык" кызматта сиз маалымат гана алып, бирок сүрөттөрдү көрө албайсыз.

«Эркек үчүн аял тандоо кыйыныраак. VIP пакетте долбоордун менежерлери алдын ала айтылган талаптарга карап түгөй издеп, адегенде анын сүрөттөрүн жиберишет», - дейт Амина.

Анын айтымында, VIP кызматы болжол менен 100 миң рублди түзөт. Кызмат акыны эркек киши төлөйт. Аялдар үчүн акысыз.

«Мага кимдир бирөө кызыгат деп деле ойлогон эмесмин. Анткени жакында эле ислам динин кабыл алгам. Улутум орус, ажырашып кеткем. Өтө жаш да эмесмин. Ошондон улам мен VIP пакетти тандагам», - деп эскерет маектешим. - Бирок мени казакстандык бир жигит жактырып калды, биз алгач күбөлөр менен WhatsApp аркылуу тааныштык».

Амина күбөлөр агенттиктин ишенимдүү өкүлдөрү экенин кошумчалады: «Алар маекке аралашпайт. Бирок кээде чаттагы билдирүүлөрдү окуп турушат. Айрым учурда саламдашып же билдирүү калтырып коюшат. Теориялык жактан алганда, биз купуя кат аркылуу сүйлөшсөк деле болмок. Бирок эрежелерди бузбоо чечимине келдик».

Аминанын айтымында, анын болочок күйөөсү мындан башка агенттиктерге да кайрылып, акчасын төлөп, бирок кызматына ыраазы болгон эмес. Үч күндөн кийин ал бир чечимге келип, Орусияга аны менен жолугушуу үчүн келээрин айткан. Ал үч жумадан кийин Аминаны өзү жашаган Сауд Арабияга алып кетүү үчүн ата-энесинен уруксат сураган. Амина үчүн Орусиядагы ишин таштап кетүү алгач оңой болгон эмес.

«Мен үчүн үй-бүлөнүн баалуулугу материалдык байлыктан жогору, ошондон улам күйөөм менен чогуу болууга даярмын деп чечтим. Үйлөнүү тоюна чейин экөөбүз эки бөлөк жашадык. Сейилдеп, чогуу жүрдүк. Төрт күндөн кийин ал мага турмушка чыгууну сунуштап, Сауд Арабияда үйлөнүүнү чечтик».

Алар никесин кыйып, жакынкы күндөрү Аминанын бул өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштыруу үчүн расмий каттоого турууну пландаштырып жатышат.

"Ыймандуу" келиндер жана "жоопкерчиликтүү" күйөөлөр

Инстаграмда нике кызматтарын сунуштаган ондогон баракчаларга туш болосуз. Алардын айрымдарын "Кавказ.Реалиинин" кабарчысы талдап чыккан. Андай баракчаларга катталгандардын дээрлик баары өзү тууралуу: бою, салмагы, улуту, жашаган өлкөсү жана шаары, мүнөзү, кесиби өңдүү бирдей маалымат менен бөлүшөт. Өзүнчө сапта алар жанында кандай өнөктөштү көрөт жана ал үчүн кандай кадамдарга даяр деген суроолорго жооп болот.

Аялдар анкетада хижаб кийген-кийбегени, болочок күйөөсү кааласа кийүүгө даярбы, намаз окуйбу, көп аял алууга даярбы деген суроолорго да жооп жазышы керек. Кээ бир кыздар дароо эле экинчи аял болгусу келгенин жазат.

Адистер муну экинчи аял болууну каалаган кыздар үй жумуштарынан бошотулуп, «өз жыргалчылыгы үчүн» жашагысы келет деп түшүндүрөт. Күйөөсүнүн жакындарына кам көрүү, келиндин жашоосу, милдеттери биринчи аялдын мойнунда калат деп ойлошот.

Ошол эле учурда, экинчи аял издеп жаткан эркектердин профилдеринде атайын шарттар көрсөтүлгөн. Маселен, экинчи аялдыкка болгон талапкер эркектин үйүнөн алыс жерде жашаш керек.

Болочок күйөө бала эмес анын жакындары жар издеген учурлар да болот. Көбүнчө жарандык талапкерлер үчүн мааниге ээ эмес. Бирок бир гана өз улутунан жар издегендер да бар.

Эркектердин көбү буга чейин турмуш курбаган кыздарды издейт. Айрымдары ажырашкан, баласы бар аялдар менен сүйлөшүүнү каалайт.

Кавказдык нике агенттиктер “жөнөкөй, баш ийген, ыймандуу, динчил” келиндерди жана “жоопкерчиликтүү, кудайдан корккон, бай” эркектерди издейт. Ошол эле маалда кыздардын жүзүн жаап койгон сүрөттөр жарыяланат.

"Түндүк Кавказдын патриархалдык республикаларында социалдык тармактарда аялдардын сүрөттөрү ачык жарыяланбайт", - дейт Фатима: - Атам түшүнбөйт, билип калса мени урушат. Кээ бир үй-бүлөдө кызды уруп-согуп, үйгө киргизип коюшат. Бул үй-бүлөгө жараша болот".

"Азыркы заманда түгөй издөөгө убакыт жок"

Социалдык тармактар аркылуу жубайларды табуу азыр бош убакыттын жоктугунан кеңири жайылды деп белгилейт Инстаграмдагы мындай нике агенттигинин администраторлорунун бири кабарчылар менен болгон маегинде. Орусияда Метага (Facebook, Instagram) тыюу салынганына карабастан, колдонуучулар арасында кайрадан активдүүлүк байкалганын айтып берди:

"Ар бир эмгек бааланышы керек, ошондуктан кызмат акы төлөнөт. Бирок биз эркектерден гана алабыз. Ал акча ишибизге жумшалат. Жөнөкөй мүнөздүү адам аз убакыттын ичинде түгөй таба алат. Соңку аптада үч эркек жана эки аялдан оң баа алдык".

Ингушетиялык изилдөөчү "Бизде Кавказда никеге тургузган атайын ортомчу аялдар бар болчу. Ал жолугушууларды уюштуруп, нике кыйдырууга жардам берген аял", - дейт.

Андай аялдардын жогорку билими жок болсо да, алардын иши каада-салтты, адамдын психологиясын жана баарлашуу жөндөмдөрүн терең билүүнү талап кылган. Үй-бүлөлүк баалуулуктар жана каада-салттар чоң мааниге ээ болгон Кавказ коомдорунда андай аялдардын ролу өзгөчө маанилүү болгон.

"Андай аял түгөйлөрдүн каалоолорун аныктоо жана алардын социалдык абалы, билими жана башка маанилүү аспектилери боюнча бири-бирине ылайыктуу экенин түшүнүү үчүн эки үй-бүлө менен жакшы тааныш болгон", - деп түшүндүрөт изилдөөчү. - Эгерде үй-бүлөлөр сунуш кылынган талапкерлерге макул болушса, анда күйөө бала кыздын үй-бүлөсүнө расмий эмес жолугушуу уюштуруп, андан кийин алар баш кошкон. Азыркы учурда мындай таанышуулар азыраак болуп жатат".

Эркектер менен аялдар өз алдынча жумушта, мектепте, социалдык тармактар аркылуу жолугушат. Туугандар көбүнчө той жана үйлөнүү тоюн уюштуруу учурунда гана аралашат. Диний көз караштан алганда, социалдык тармактарда “адептүүлүк жана ислам этикетинин алкагында баарлашса, нике кыюуга тыюу салынбай" турганын айтат теолог Шамил Албаков:

"Пикир алышуунун көбү азыр социалдык тармактарда болуп жатат . Бир чети бири-бири менен таанышуу ыңгайлуу жана натыйжалуу болот. Мындай нике агенттиктеринин ишинде эске алчу негизги жагдай бул - кыздын коопсуздугу. Эркектер кыз менен сүйлөшкөндөн кийин анын өткөн жашоосундагы айрым фактыларды айтып, шантаж кылган учурлар арбын".

Чеченстандык журналист өз маегинде нике агенттиктери аркылуу чыныгы үй-бүлө түзүү мүмкүн эмес деген оюн билдирди. Ал өзүн мындай демилгелерди таптакыр кабыл албаган консерватор катары сыпаттайт:

"Менин оюмча, социалдык тармактар аркылуу өзүңүздүн өмүр таржымалыңызды оңдоп, сизге туура келген жубайды табуу оор болот. Ошондуктан чыныгы жашоодо таанышып, баарлашуу баарынан артык".

Амина жумуштун көптүгүнөн улам бүгүнкү күндө адамдардын жеке таанышууга убактысы жок экенин баса белгиледи. Ал белгилегендей, бул өзгөчө мусулман аялдарга тиешелүү. Алар үчүн диний салттар эркектер менен өз алдынча сүйлөшүү баштоо мүмкүнчүлүгүн чектейт. Мындан тышкары, көптөгөн онлайн таанышуулар олуттуу мамилелерге алып келбейт. Ал эми нике агенттиктери чыныгы жана узак мөөнөттүү мамилени каалагандарга ыңгайлуу деп кошумчалайт ал.

"Менин окуямдан кийин көп кыздар мага кат жазышкан. Айрымдары мунун калп - чынын билүүнү каалашкан. Бирок менин мисалым алардын көбүнө түрткү болду. Мен өзүм деле нике агенттик аркылуу бактымды табам деп ойлогон эмесмин", - деп сөзүн жыйынтыктады Амина.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG