Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:20

Кемпир-Абад иши: Айыпталуучулар сотко ишенбестик көрсөтүштү


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын бир бөлүгү жана алардын адвокаттары. Бишкек шаардык соту. 23-август, 2024-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын бир бөлүгү жана алардын адвокаттары. Бишкек шаардык соту. 23-август, 2024-жыл.

Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган саясатчылар менен активисттер соттук коллегияга ишенбөөчүлүк көрсөтүп, судьяларды алмаштырууну өтүндү. Бирок бул өтүнүч колдоо тапкан жок. Кийинки отурум 11-октябрда болот.

Шаардык сот райондук соттун бул иш боюнча айыпталгандарды актоо өкүмүн жокко чыгаруу тууралуу прокуратуранын апелляциялык арызын карап жатат.

"Ишенбөөчүлүк жарыяладык”

4-октябрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча сот жараяны уланды. Саат 9:00гө белгиленген сот жараяны 10го жакын башталып, алгач айыпталуучулар судьяларга ишенбөөчүлүк көрсөтүштү.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков азыркы ишти карап жаткан шаардык соттун судьялары буга чейинки Биринчи май райондук сотунда аларды камоо чечимин кубаттагандар экенин белгилеп, мындан улам алардын бул ишти кароого укугу жок экенин айтууда.

Равшан Жеенбеков
Равшан Жеенбеков

“Биз шаардык сотко "бизди мыйзамсыз кармап жатат, далилдери эч кандай жок" дегенде, үчөө тең "мыйзамдуу кармап жатат, баарыңардын ишиңерде жеткиликтүү далил бар" деп бизди 1 жыл 8 ай түрмөгө кармоого салым кошкон соттор болуп эсептелет. Ошондуктан үч сотко тең кызыкчылыгыңар бар, анткени силер буга чейин бизди адилетсиз, мыйзамсыз түрмөгө кармоого салым кошконсуңар деп ишенбөөчүлүк жарыяладык”, - деди Жээнбеков.

Айыпталуучулардын өтүнүчүн судьялар коллегиясы канаттандырган жок.

Ошондой эле бүгүнкү отурумда айыпталуучу Азимбек Бекназаров конвой менен алып келинди. Ал судьяга өтүнүч келтирип, аны бул иш боюнча райондук сот актагандыктан тордун сыртына башка айыпталуучулар менен чогуу отурууну суранды. Судья бул өтүнүчтү канаттандырды.

Кемпир-Абад иши боюнча соттук териштирүүлөр "жашыруун" грифи болгону үчүн жабык өтүп келген. Айыпталуучулар райондук соттун актаган чечиминен кийин иш ачык каралышы керек экенин айтып келет. Шаардык соттогу бүгүнкү отурум дагы жабык эшик артында өттү.

Жактоочу Кантемир Турдалиев адвокаттар сотту адаттагыдай ачык өткөрүү талабын койгонун, бирок судьялар аны кабыл албаганын айтты:

Кантемир Турдалиев
Кантемир Турдалиев

"Кийинки отурум 5-күнү уланат. Бүгүн сотту ачык өткөрүү талабын коюп, баарыбыз оюбузду айтканча убакыт бүтүп калды. Кийинкиде баарыңарга сөз беребиз деди".

Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы апелляциялык арызды прокуратура 12-июлда өзгөртүүлөр менен жаңыдан сунуштаган.

Шаардык соттогу отурумдар 6-августта башталып, андан бери түрдүү себептерден улам жылып келүүдө. Буга айрым айыпталуучулар жана алардын адвокаттары келбей калганы себеп болгонун белгилешет.

14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков "Кемпир-Абад иши" боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчы жана активистти актаган.

Соттун чечими күчүнө киргенче тергөө абагындагыларынын баарынын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, дароо камактан бошотулган.

Кемпир-Абад иши: "Шаардык сот кандай чечим чыгарарын айтуу кыйын"
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:09 0:00

"Көзөмөл катуу болушу мүмкүн"

Айыпталуучулардын бири Клара Сооронкулова соттун бул жолку инстанциясында "көзөмөл катуу болушу мүмкүн" экенин айтты:

“Бул жерде кандай чечим болорун көрөбүз. "Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" дегендей, биринчи инстанциянын чечимин жакшы көзөмөлдөй албай калды окшойт. Бул жерде көзөмөл катуу болушу мүмкүн. Эгерде калыс, көз карандысыз сот болсо, биринчи чечим күчүндө калышы керек. Кандай чечим чыгарын азыр айтыш кыйын. Кайрадан кароого артка жөнөтүп салышы же жаңы өкүм чыгышы мүмкүн, бирок анын баары биздин пайдабызга эмес”.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган.

Милиция кармалгандарга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган.

Кемпир-Абад иши: Айыпталгандар акталды
please wait

No media source currently available

0:00 1:10:39 0:00

XS
SM
MD
LG