Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Кыргыз-өзбек чек арасы: Өткөрмө бекеттердин ачылышы, экономикага таасири


Кыргыз-өзбек чек арасында кайрадан ачылган “Кара-Суу” жана "Кең-Сай” өткөрмө бекеттери. 12-сентябрь, 2024-жыл.
Кыргыз-өзбек чек арасында кайрадан ачылган “Кара-Суу” жана "Кең-Сай” өткөрмө бекеттери. 12-сентябрь, 2024-жыл.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы такталганы эки өлкөнүн ортосундагы өткөрмө бекеттердин ачылышын шарттады. Бул жарандардын каттоосун жеңилдетип, соода алаканы жакшыртты. Алып-сатуу кескин өсүп, эки тарап бири-бирине өз ишканаларын ача баштады.

Ошол эле маалда салыштырмалуу чабалыраак экономикага ээ Кыргызстандын базарынын Өзбекстандын кубаттуураак базары менен атаандаштыгы үчүн жаңы тобокелчиликтер жаралды.

Өткөрмө бекеттер баяны

Кыргызстан менен Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү 12-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Кара-Суу” өткөрмө бекетинин жана Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы "Кең-Сай” өткөрмө бекетинин ачылышын өткөрдү. Мунун биринчисин 14 жыл мурда, экинчисин 15 жыл мурда Өзбекстан бир тараптуу жапкан эле.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын Маалымат жана коммуникация башкармалыгынын офицери Мирбек Осмоналиев буларга токтолду:

“2024-жылдын 12-сентябрына карата кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде Жалал-Абад облусунда "Маданият-автожол", "Баймак-автожол", "Бек-Абад-автожол" жана "Кең-Сай-автожол, Ош облусунда "Достук-автожол", "Кара-Суу-автожол", "Кара-Багыш-автожол" жана Баткен облусунда "Кызыл-Кыя-автожол', "Кадамжай-автожол", "Кайтпас-автожол", "Ак-Кыя-автожол", "Өтүкчү-автожол", "Чечме-автожол" өткөрмө бекеттери иш алып барууда”.

Маалыматтан көрүнүп тургандай эки өлкөнүн ортосундагы жөө жана машине менен өтүүчү 16 чек ара бекетинин 13ү ишке кирди. Дагы үчөө – "Сейдикум", "Сумсар" жана "Ынтымак" өткөрүү пункттарын 2025-жылы жандантуу күтүлүүдө. Аталган бекеттерден сырткары “Жалал-Абад”, “Шамалды-Сай”, “Кара-Суу”, “Кызыл-Кыя” темир жол бекеттери өзүнчө иштей турганын белгилеп коёлу.

Кара-Суу, Кең-Сай чек ара бекеттери кайра ачылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:10 0:00

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аралар тактала электигине карабай 2000-жылдары Ташкент чек араны өз алдынча тосуп, же чектешкен линияда аңдарды каза баштаган.

Өзбек тарап муну 1999-жылы Кыргызстандын аймагы аркылуу Өзбекстанга террорчулар өтүүгө аракет кылганы менен байланыштырган. Ошентсе да бул Бишкектин каршылыгын жараткан.

2005-жылы Өзбекстандын Анжиян шаарында нааразылыктар чыгып, ал күч менен басылган соң Ташкент Кыргызстан менен чек ара бекеттерин биринен сала бирин бир тараптуу жаба баштаган. Кыргызстанда 2010-жылкы Апрель жана Июнь окуяларынан кийин коңшу өлкө дагы бир топ түйүнүн жапкан.

Эки өлкөнүн ортосундагы өткөрмө бекеттердин беш-алтоо гана иштеп калган. Жарандар өзүнө жакын жерден өтө албай, чакырымдарды басып, айланып кирип-чыгууга мажбур болуп турушкан. Бул аралыктарда иш жүзүндө жогорку саясий диалог азайып, чек араны тактоо да токтотулуп турду.

2016-жылы Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов көзү өткөндөн бир айдан соң коңшу өлкө Кыргызстанга кучагын ачкан. Кыргыз аткаминерлери алгач Анжиянга барып келишсе, өзбекстандык делегация кайра Ошко келип кеткен. Ошо менен 2017-жылы 1378 чакырымдык чек аранын 1170 чакырымы, башкача айтканда 85% такталган. Калган 15% – эң талаштуу жерлер соңку жылдары такталды.

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары. 27-январь, 2023-жыл.
Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары. 27-январь, 2023-жыл.

Өзбекстандын жана Кыргызстандын президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев соңку макулдашууну 2022-жылы ноябрда ратификациялап, 2023-жылы январда Бишкекте ратификациялоо грамоталарын алмашты. Мунун фонунда Өзбекстан бир тараптуу чек ара бекеттерин кайрадан ача баштаган.

Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси, генерал Токон Мамытов буларга токтолду:

Токон Мамытов
Токон Мамытов

“Мунун баары Ислам Каримовдун кыртышы сүйбөгөндүгүнөн эмес, ошол кездеги калыптанган саясий, аскердик, экономикалык, эл аралык кырдаалга жараша болгон. Анын ичинде диний кырдаал, суу боюнча талаш-тартыштар жана башка маселелер да турган. Өзбек тарап дайыма терроризм жана экстремизм маселесин коюп турган. Биздин бийлик аны туура эмес түшүнүп, натыйжада карама-каршылыктар болгон. Натыйжада алар чек араны жаап, өткөрмө бекеттерди азайтып койгон. “Баткен окуясы”, “Анжиян окуясы”, кийин “Ош коогалаңы” да себеп болду. Азыр болсо Өзбекстан дин маселесин дээрлик көзөмөлгө алып, кайрадан Борбор Азия мамлекеттери менен интеграцияга умтулууда. Алар “саясатта, коопсуздук, экономикада чөлкөмдөгү мамлекеттер бир болушубуз керек” деген позицияны карманууда. Биздин президент Чолпон-Атада жолугушууну уюштурду, Борбор Азия лидерлери менен чогуу алар кийин Бишкекте, Астанада, Ташкентте да кездешүүлөр өттү. Чек ара жана достук келишимдери кабыл алынган соң минтип бир топ маселелер, анын ичинде чек ара чечилип олтурат. Азыр биздин ортобузда эки тараптуу да, көп тараптуу да мамилелер чыңдалып жатат. Балким Кыргызстан менен Өзбекстандын азыркы мамилелери Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге, же түрк тилдүү мамлекеттердин ичинде да үлгү жараткыдай сапаттуу деңгээлде баратат. Эми ушуну бекем сакташыбыз керек”.

Албетте, кыргыз-өзбек чек арасын тактоодогу чечимдерди кабыл алуу Кемпир-Абад суу сактагычынын жерине байланыштуу талкуулар менен коштолгонуна карабай эки өлкөнүн чек ара маселесине чекит коюлду.

Чек аранын ачылышы жана соода

Чек аралардын такталышы жана өткөрмө бекеттердин ачылышы жарандардын каттоосунан сырткары эки өлкөнүн соода-экономикалык алакасына бир топ оң таасирин тийгизди.

Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянсак, карым-катнаш аз болуп турган 2016-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 192,2 млн болуп турган. 2023-жылдын жыйынтыгында 693,9 млн долларга жетип, 2024-жылдын 7 айында эле 422,6 млн доллар болуп олтурат.

Экономист Эрлан Камалов бекеттердин ачылышынын экономикага тийгизип жаткан таасирлерин мындайча баалады:

Эрлан Камалов
Эрлан Камалов

“Кайсы мамлекет башкалар менен кызматташууга, интеграцияга ачык болсо, ошол мамлекетте экономикалык өнүгүүлөр тезирээк болот. Анткени, атамекендик компаниялар башка мамлекеттердин ишканалары менен атаандашууга жөндөмдүү боло баштайт. Ошол багыттан ала турган болсо, кошуна мамлекет менен соода алакабызды бекемдөө жана аны андан ары өнүктүрүү экономикабызга оң таасирин тийгизет. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда мурдатан салттуу соода-сатык калыптанган, ал убактылуу сууп турган. Азыркы мезгилде ошону жанданганы кыргыз экономикасына жакшы эле жыйынтыктарды алып келет. Бир эле мисал чоң сатып өткөрүү рыногуна жаңы канал ачып жатабыз десек болот. Фергана өрөөнү, анын ичинде Фергана, Наманган, Анжиян облустарына биздин товарлардын агымын бурууга болот. Мурда деле товарларды сатып турчубуз, бирок чектөө бар болчу. Эми товар алмашуунун көлөмү өсөт деп ойлойм”.

Кезинде кыргыз-өзбек чек арасы ачык турган маалда Кыргызстандын Бишкек шаарындагы “Дордой”, “Мадина”, Оштогу “Кара-Суу” жана Баткендеги “Халмион” базарларынан Өзбекстанга товар сатуу кызуу жүрүп турчу. Айрыкча, “Кара-Суу” өткөрмө бекетин “Кара-Суу” базарына жакын болгондуктан өзбекстандыктар ага байма-бай каттап, соода кылып турушчу.

Кытай менен Казакстан чек арадагы маселелер, кийин Өзбекстан менен чек ара жабылганы бул базарлардын соодасы солгундап, “Кара-Сууда” болсо иш кадимкидей оор абалга кептелген. Мына ушундан улам ошол эле “Кара-Суу” бекети баштаган түйүндөрдүн ачылышы аталган базардын ишине кайрадан импульс берет деп күтүлүүдө.

Кайрадан ачылган бекеттен кирип жаткан автоунаа. 12-сентябрь, 2024-жыл.
Кайрадан ачылган бекеттен кирип жаткан автоунаа. 12-сентябрь, 2024-жыл.

Соңку жылдары мындан сырткары эки тарап биргелешкен ишканаларды ачып жатышканы маалым. Анын ичинде айыл чарба азыктарын, тиричилик техникасын өндүрүүчү жана автоунааларды чогултуучу заводдор ачылды. Соңкуларынан эле кыргыз-өзбек ишканалары Кыргызстандын Чүй облусунда "Тулпар Моторс" заводун ишке киргизди.

Экономика жана ишкердик боюнча адис Мыктыбек Осмоналиев чек аранын кайрадан ачылышынын экономикага тийгизчү оң таасирлерин санап берди:

Мыктыбек Осмоналиев
Мыктыбек Осмоналиев

“Негизи биз тандап алган жол либералдуу экономика же базар экономикасы. Албетте, бизде дотация, мамлекеттик колдоо же башка ушуга окшогон нерселер башка өлкөлөргө, анын ичинде Өзбекстанга караганда жай. Бирок биздин экономика салыштырмалуу өзүн-өзү бага алган экономика. Ушул жагынан алганда кыргыз-өзбек чек араларынын толук ачылып жатканын жакшы деп бааласак болот. Биринчи кезекте мында акыркы керектөөчүлөр үчүн жакшы. Аларга жаңы товарлардын түрү пайда болот, баасы арзандашы мүмкүн. Экинчиси, соода тармагыбыз, ошол эле “Дордой” менен “Кара-Суу” базары дагы жанданышы мүмкүн. Үчүнчүсү, логистика дагы да өнүгөт. Ал деген ошол эле жүк ташуучу автоунаа айдагандардын, же жалпак тил менен айтканда “КАМАЗчылардын” иши көбөйүп, кирешеси артат. Экономикабызда “кан жүгүрүү” тездейт. А бул өтө маанилүү. Алып-сатуу, жүгүртүү тез болсо экономика өнүгөт”.

Албетте, чек аралар кайрадан ачылган алгачкы жылдары тоскоолдуктар болбой койгон жок. Анын ичинде коңшу өлкөгө өтүп бараткан кыргыз товарлары чек арадан кайтарылса, коңшу өлкөдөн келген товарлар да ар кандай талаптарды аткарылбаганы үчүн өткөрүлбөй калган учурлар болду.

"Кең-Сай" өткөрмө бекетинин кызыл тасмасын кесүү учуру. 12-сентябрь, 2024-жыл.
"Кең-Сай" өткөрмө бекетинин кызыл тасмасын кесүү учуру. 12-сентябрь, 2024-жыл.

Бирок статистика көрсөтүп жаткандай, чек аранын ачылышынан Өзбекстан тарап көбүрөөк пайда менен чыгууда.

Ошол эле Улуттук статистика комитетинин статистикасына ылайык, Кыргызстан 7 жылда өзбек тарапка экспортун 125 млн доллардан 290 млн долларга гана чыгара алса, Өзбекстан кыргыз тарапка экспортун 67 млн доллардан 403 млн долларга жеткирип отурат.

Кайрадан экономист Мыктыбек Осмоналиевдин сөзүнө орун берели:

“Эки мамлекеттин чек арасы ачылган маалда бир мамлекеттин экономикасы кубаттуу, экинчисиники чабалыраак болсо терс маанай да болбой койбойт. Негизинен чабалыраак мамлекет орто жана чакан бизнестер үчүн оорурак болот. Кеп болуп жаткан мисалда, Өзбекстанда насыя жумушчу күчүнүн арзандыгына, насыялардын жетиштүүлүгүнө, экспортко карата мамлекеттик жардамдын көптүгүнө байланыштуу алардын товары Кыргызстанга келгенде биздин товарга караганда арзаныраак түшүп калышы мүмкүн. Мурда Өзбекстандын “Артел” деген ишканасы бизде да филиалын ачкан, бирок бизде арзандыгынан улам өзбектер бизге кирип алып кетип турушчу. Азыр мисалы бизде Өзбекстанда өндүрүлгөн суу, шире суусундуктары да пайда болду. Суусу кеңири Кыргызстанга Өзбекстан суу экспорт кылып жатат деген негизи - нонсенс. Бирок алардын өндүрүүчүлөрүнө колдоо болуп, жеңилдиктер болуп жатканы үчүн аларга бизге сата алчудай, биз менен атаандаша алчудай мүмкүнчүлүктө экен да. Биздин ишкерлер үчүн мына ушундай тобокелчиликтер бар. Мына ушундай жагдайларды эске алып, кайсы бир артыкчылыктуу багыттарыбызды өнүктүрүп, атаандаша алсак, анда биз да пайда тапсак болот. Бул үчүн мамлекет, жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мекемелер стратегиялык кадамдарды, чечимдерди кабыл алышы керек”.

Баса, Бишкек менен Ташкент соңку эки-үч жылдан бери Бээжин менен биргеликте “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну долбооруна старт беришти.

Албетте, анын курулушу кеминде жети-сегиз жылга созулушу мүмкүн, бирок келечекте темир жол ишке кирсе, соода балансын таптакыр өзгөртүшү мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG