Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:14

"Саясаттан четтеттик дегендер жаңылышат". Мадумаровдун ордуна Бердиев келди


"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровду колдогон митингдин катышуучулары, 13-сентябрь, 2023-жыл
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровду колдогон митингдин катышуучулары, 13-сентябрь, 2023-жыл

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаровдон алынган мандат "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмесиндеги Аккулу Бердиевге берилди. Парламентте "Бүтүн Кыргызстан" өзүн оппозициялык фракция деп жарыялаган.

Аккулу Бердиев парламенттеги негизги оппозициячы депутаттын ордуна барат. Анын саясий көз карашы Мадумаровдун позициясы менен дал келеби же жокпу белгисиз.

Бердиев 58 жашта, Чоң-Алай районунда туулган. 1996-жылдан баштап жеке ишкерлик менен алектенген. Өмүр баянында Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин, кийин диний окуу жайлардын бирин аяктаганы көрсөтүлгөн. 2015-жылы "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси менен парламентке шайланган. Депутаттык ишмердигинде Бердиев коомчулукка көп деле белгилүү болгон эмес.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын алты мандаты бар. Ушул тапта фракциянын мүчөлөрү: Исхак Масалиев (төрага), Эмил Токтошев, Гуля Кожокулова жана Алишер Эрбаев. Үч ай мурун Айгүл Айдарова фракциянын катарынан чыгарылган, ал эркин депутат болуп иштей берерин айткан. Ал 2022-жылдын башында Орозайым Нарматованын ордуна депутат болуп келген.

"Парламенттен чыгарып, саясаттан четтеттик" дегендер жаңылышат"

Мадумаров депутаттык мандаты алынганы менен партиянын төрагасы бойдон, ал эми "Бүтүн Кыргызстан" парламенттеги оппозициялык фракция боюнча каларын белгиледи:

"100% оппозициялык фракция бойдон калат. Биздин партиянын уставы жана максатына жараша иш жүргүзөт. Мен фракция лидерликтен кеткенде ордума келген лидер Исхак Масалиев деле ушинтип билдирүү жасаган".

Мадумаров депутаттык мандатынан ажыраганы менен саясаттан кетпей турганын айтты.

Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

"Мен 2009-жылдан 2021-жылга чейин эч кандай бийликте, парламентте да болгон жокмун. Бирок саясаттын дал чордонунда жүрдүм. "Мадумаровду парламенттен чыгарып, саясаттан четтеттик" дегендер терең жаңылышат. Мадумаровдун акыркы деми калганча Кыргызстандагы бардык иштерге өзүнүн ой-пикири болгон, болот жана боло берет".

Мадумаров быйыл Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыраган (өз эрки менен тапшырган, сот чечимине ылайык ажыратылгандарды кошкондо) он биринчи депутат. Экс-депутаттардын басымдуу бөлүгү мурдагы бажычы, коррупцияга айыпталып жаткан Райымбек Матраимовго жана кримчөйрөгө катышы болгон деген негиз менен мандатын тапшырганы айтылган. Депутаттардын дээрлик баары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) сурак берип чыккандан кийин, мандатын тапшырышкан.

"Жогорку Кеңешке элдин ишеничи кетти"

"Ата Мекен" партиясынын Жогорку Кеңештеги экс-депутаты Наталья Никитенко улам бир депутаттын басым менен мандатын тапшыруусу адатка айланып баратканы көз карандысыз институт үчүн кооптуу экенин белгиледи:

Наталья Никитенко
Наталья Никитенко

"Мындай окуялар эми мындан ары дагы боло берет, анткени парламенттин өзү буга кылдат карабаса, өзүнө жасалган басымга каш кайтарууга жарабаган органдын кейпин кийсе, анын аягы эмне менен бүтөрү түшүнүктүү. Анткени мындай басым ой-пикирин ачык айткан ар бир депутаттын башына түшүп жатканын көрүп турабыз. Бул жакшы эмес прецедент, аны ар бир депутат түшүнүшү керек", - деди Никитенко.

Айрым талдоочулар Мадумаровдун мандатынын алынышы Жогорку Кеңештеги саясий плюрализмге "сокку болду" деген пикирде. Алар буга парламентте президентке жана өкмөттүн ишине сын айта алган депутаттардын мандатын тапшырып жатканын жүйө кылышат.

Жарандык активист Бурул Усманали парламент атаандаш саясий пикирлердин аянтчасы бойдон калышы керек болчу деген пикирде:

Бурул Усманали
Бурул Усманали

"Жогорку Кеңеш өзүнүн табиятында эч кимге баш ийбеген, эгемендүү, өз позициясы бар орган болушу керек. Парламентке ар түрдүү диндеги, улуттагы, социалдык катмарлардан, позициядан туш-тараптан келип, парламентти түзүшү керек. Тилекке каршы, бизде Жогорку Кеңеш нотариуска айланды. Мыйзам чыгаруучу эмес, аткаруучу бийликке айланды. Анткени өзүнүн ою бар, күчтүү депутаттар мандатынан ажыратылып, көз карандылары калып жатат. Элдин эсебинен айлык алып жатышат. Бирок убакыт кетип жатат, ишеним кетип жатат".

Эркин журналист Тынчтык Алтымышев Мадумаровду бийликти "кургак сындап жүргөн саясатчы" деп сындады:

Тынчтык Алтымышев
Тынчтык Алтымышев

"Оппозицияда да болду, бийликте да турду. Бийликке салмактуу оппонент катары өзүнүн күчтүү командасын түзүп, салмактуу саясатчы боло алган жок. Кимди болбосун кургак сындайт. Оппозиция болгондон кийин өзүнүн да конкреттүү сунуштарын айтып турса жакшы болмок".

Мадумаров 1995-жылы алгачкы жолу Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, андан кийинки дагы эки чакырылышта парламент мүчөсү болгон. 2008-жылы Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турган.

2021-жылкы парламенттик шайлоодо преференциалдык добуш берүүдө "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмесиндеги талапкерлердин ичинен эң көп добуш алган.

"Төрт көчө" протоколу. Мадумаровго тагылган айып

Парламентте Мадумаров жетектеген "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы өзүн оппозициялык фракция деп жарыялаган. Мадумаров бийликти жана өкмөттү байма-бай сындап турган. Кемпир-Абад иши, кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо да кыргыз бийлигинин позициясына нааразылыгын ачык билдирген. Мындан улам Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышкан. Президент Садыр Жапаров да маалымат каражаттарына курган маектеринде Мадумаровдун ысымын бир нече ирет айтып, сындаган жайы бар.

Мадумаров Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен элге социалдык төлөмдөрдү төлөөдө Конституциянын беренеси аткарылбай жатканы боюнча кайым айтышканы белгилүү. Кийинчерээк “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы социалдык төлөмдөрдү төлөө боюнча Баш мыйзамда каралган талаптарды аткарбай жатканын негиз кылып, Министрлер кабинетин таратууга сунуш берген. Бирок ал өткөн эмес.


2022-жылы Башкы прокуратура Мадумаровду Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы протоколго байланыштуу "мамлекетке чыккынчылык" деген берене менен жоопко тартууга уруксат сурап, парламентке кайрылган. Бирок Жогорку Кеңеш уруксат берген эмес.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылы “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган. Ошол эле жылы ноябрда парламенттин отурумуна катышкан кезде президент Жапаров Адахан Мадумаровдун өзүн чек арадагы "төрт көчө протколу" үчүн айыптаган.

2023-жылы 31-майда прокуратура парламентке кайрадан Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” деген беренелеринин негизинде жоопко тартууну сунуштаган. Жогорку Кеңеш сунушту жайкы каникулга кетердин алдында колдоп берген.

Бирок козголгон Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (Бийликтен аша чабуу) 323-беренеге ("Мамлекеттик чыккынчылык") алмашканы ал кармалгандан кийин белгилүү болгон.

2023-жылы 2-сентябрда Мадумаров кармалып,ошол эле күнү УКМКнын тергөө абагына камалган.

Ал өзүнө тагылган айыпты "жомок" деп атаган.

Быйыл 26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчыны коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Эл өкүлү чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта калтырылган. Жети ай атайын кызматтын тергөө абагында отурган Мадумаров 26-апрелге караган түнү боштондукка чыккан.

Мадумаров: Парламентти мынчалык кордобош керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:12 0:00

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG