Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:29

Кыргызстан-Италия: Саясат, соода жана миграция


Садыр Жапаров жана Жоржа Мелони. Рим, Италия. 3-октябрь, 2024-жыл.
Садыр Жапаров жана Жоржа Мелони. Рим, Италия. 3-октябрь, 2024-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров расмий сапар менен Италияга барып, анын лидерлерине жолукту. Бул соңку 25 жылдагы кыргыз президентинин Римге алгачкы сапары болуп калды.

Соңку жылдары эки өлкө ортосунда соода жүгүртүү өскөн, бирок анын көпчүлүгүн Италиянын экспорту түзөт. Ушундан улам Кыргызстан да бул өлкөгө экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга умтулууда. Ал тапта бул сапарды Батыш өлкөлөрү менен ымаланы салкындатпай туруу аракети катары да баалагандар болууда.

25 жылдан берки жогорку байланыш

Италияга жана Ватиканга расмий сапар менен жолго чыккан президент Садыр Жапаров Римге 2-октябрда жетти.

3-октябрда Италиянын президенти Сержо Маттарелла, Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони, Депутаттар палатасынын төрагасы Лоренцо Фонтана жана Италиянын Сенатынын төрагасы Иньяцио Ла Русса менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Садыр Жапаров жана Серджо Маттарелла баштаган делегациялардын жолугушуусу. 3-октябрь, 2024-жыл.
Садыр Жапаров жана Серджо Маттарелла баштаган делегациялардын жолугушуусу. 3-октябрь, 2024-жыл.

Италиянын президенти Сержо Маттарелла Кыргызстандын президентине Римге жасаган сапары үчүн ыраазычылык билдирип, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарга кошумча дем берет деген ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров Маттареллага Италияга расмий сапар менен келүүгө чакырганы жана кыргыз делегациясына көрсөтүлүп жаткан меймандостугу үчүн ыраазылык билдирди.

Жапаров белгилегендей, бул жолугушуу Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы акыркы 25 жыл ичиндеги биринчи жогорку деңгээлдеги жолугушуу болуп саналат. Буга чейин мамлекеттер аралык алакалар БУУ жана ЕККУ багыты боюнча иш-чаралардын алкагында тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги байланыштар менен гана чектелип келген.

Садыр Жапаров менен Сержо Маттарелла. 3-октябрь. Рим шаары, Италия.
Садыр Жапаров менен Сержо Маттарелла. 3-октябрь. Рим шаары, Италия.

Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони менен кездешүүдө Садыр Жапаров учурда Кыргызстандын бийлигинин башкы милдеттердин бири - эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана чет элдик инвестицияларды тартуу экенин айтып, бул жагынан Италия Кыргызстан үчүн келечектүү өнөктөштөрдүн бири болуп саналарын белгиледи.

“Менин расмий сапарымдын негизги максаты – Кыргызстан Италиянын ишенимдүү өнөктөшү экендигин тастыктоо. Биз Италия менен достук мамилелерди жогору баалайбыз жана аларды мындан ары чыңдоого умтулабыз”, – деди Кыргызстандын президенти.

Президент Садыр Жапаров менен Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Мындан тышкары бир катар документтерге – экстрадициялоо жөнүндө, соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө, аудиовизуалдык продукцияны биргелешип чыгаруу жөнүндө жана башка макулдашууларга кол коюлду.

Садыр Жапаров 4-октябрда Ватиканга да барып, Рим Папасы Франциск менен жолугары кабарланган.

Италиянын экспорту үстөмдүк кылган соода

Кыргызстандын президентинин Италия Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Рим шаарында “Кыргызстан” паркынын салтанаттуу ачылышы болду.

Садыр Жапаров Италиянын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана маданият ишмерлери менен жолугушуу өткөрдү.

Садыр Жапаров Италиянын ишкерлери жана маданият өкүлдөрү менен жолукту. 3-октябрь, 2024-жыл.
Садыр Жапаров Италиянын ишкерлери жана маданият өкүлдөрү менен жолукту. 3-октябрь, 2024-жыл.

Жолугушуу форум сыяктуу өтүп, анда экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, Кыргызстандын негизги тармактарына инвестиция тартуу, эки өлкөнүн маданий байланыштарын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы бизнес жана маданият мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоонун куралы катары маанилүү экенин белгилеп, Кыргызстан италиялык ишкерлер жана инвесторлор менен өнөктөштүккө кызыкдар экенин белгиледи.

Президент Кыргызстан Италия менен кызматташууну ар тараптуу бекемдөөгө, биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди илгерилетүүгө ниеттенип жатканына токтолду.

Өз кезегинде Италиянын ишкер жана чыгармачыл чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, соода, өнөр жай, туризм жана маданият тармактарында өз ара иштешүү үчүн олуттуу дарамет бар экенин белгилешти.

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз экспорт” борборунун директору Урмат Такиров анын алкагында италиялык инвесторлорду Кыргызстанга тартуу жана кыргыз экспортун өнүктүрүү аракеттери көрүлүп жатканын “Азаттыкка” билдирди:

Урмат Такиров
Урмат Такиров

“Италия өнөр жайы менен, анын ичинен жогорку технологиялары жана адистештирилген жабдуулары менен белгилүү. Ошондуктан эгер биз өзүбүздүн экспорттук потенциалды көтөрөбүз деп максат койсок, Италия чыгарган техникаларды, алардын ыкмаларын алсак, чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ болобуз. Бул биринчиси. Экинчиси - бул бренд. Италиядан чыккан продукция дүйнөгө белгилүү, ар кайсы рынокторго Түндүк жана Түштүк Америкага, Европага, Азияга, айтор бардык жакка товарын сатат. Биз мына ушуну да пайдалануу жолун тапсак болот. Айталы, Италия ичүүчү, минералдык жана минералсыз сууларды сатуу боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Биз италиялык чоң бренддерге сунуш кылып, биздин заводдор менен бирге иштеп, алардын брендин локализация кылып, ошолор аркылуу да сатсак болот. Мында да биздин ишкерлердин экспорттук көлөмдөрү өсөт, кирешелер жана жумушчу орундар көбөйөт”.

Италия менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсү мурдагы жылдары 25-30 млн доллардын гана тегерегинде болуп келген. 2022-жылы 47 млн долларга жетип, 2023-жылы 90 млн долларды түздү. Улуттук статистика комитети билдиргендей, 2024-жылдын жети айында 75 млн долларга жетип отурат.

Садыр Жапаров жана Джорджа Мелони. Рим, Италия. 3-октябрь, 2024-жыл.
Садыр Жапаров жана Джорджа Мелони. Рим, Италия. 3-октябрь, 2024-жыл.

Башкача айтканда, өсүү эки-үч эсе болуп жатат. Буга Орусиянын Украинага кол салганы жана мындан улам Батыш өлкөлөрүнүн Москвага салган санкциялары негиз берди. Анткени, Европадан Орусияга түз товар ташылбай калганы Кыргызстан ал жактан импорт кылып, анын бир бөлүгүн кайра орус рыногуна реэксорт кылып жаткан.

Бул соода жүгүртүүнүн үлүшүн талдаганда да анык көрүнө түшөт. Айталы, 90 млн долларлык былтыркы сооданын 88 млн доллары Италиянын экспорту болсо, 2 млн доллары гана Кыргызстандын экспортун түзгөн. Быйыл жети айдагы 75 млн доллардын дээрлик бардыгы Италиянын сатуулары, Кыргызстан аталган өлкөгө болгону 52 миң долларлык гана товар жөнөткөн.

“Кыргыз экспорт” борборунун директору Урмат Такиров мунун себебин мындайча чечмеледи:

“Экспорттун аздыгына бир нече себеп бар. Европа Биримдигиндеги мамлекеттерге товар экспорттоо боюнча Кыргызстанда ВСП+ (Жалпы жеңилдиктер системасы) соода жеңилдиктери бар. Бирок бизде утилизациянын деңгээли жогору эмес. Мындан сырткары азыр логистикалык жактан кыйынчылыктар болууда. Европага кыргыз товарлары Беларус же Украина аркылуу кетсе, азыр маршруттар Грузия, Түркия сыяктуу башка өлкөлөр аркылуу кетүүдө. Бул ташууну бир аз кыйындатып, чыгымдар көбүрөөк болуп калууда. Ошондуктан биздин экспорттоочуларда Европа базарына кызыкчылык аз. Башка жагынан алганда, Европа базарынын өзүндө абал жакшы эмес. Себеби бир нече компаниялар жабылып, жумушсуздук күчөп, инфляция болуп жатат. Ал тургай Европанын өзүндө чыккан товарларга муктаждык азаюуда, заводдор жабылып, өндүрүш кыскарууда. Бул сырттан келген товарларга да орун жок болуп жатат дегенди түшүндүрөт. Бирок ошентсе да биз аракет кылсак, Европа базарында, анын ичинен Италияда өз ордубузду тапсак болот. Бул үчүн биз Европага түз жеткирүүлөрдү уюштура алышыбыз керек. Болбоду дегенде Латвия же Литва аркылуу жеткирсек да жеңилирээк болот”.

Италиянын экономикасы дүйнөдө алдыңкы ондуктун, Европа Биримдигинде алдыңкы үчтүктүн ичине кирет.

Кыргыз ишкерлери негизинен Италиядан ар кандай механикалык техникаларды, түрдүү электрондук жабдууларды, автоунааларды, булгаары буюмдарын, кийим-кечелерди, эмеректерди жана башка нерселерди ташып келишет.

Кыргызстан өзү Италияга ар түрдүү чийки заттарды, өсүмдүктөрдү, кургатылган жемиштерди жана башка ушул сыяктуу нерселерди жөнөтүп турат.

Кыргызстандын расмий органдары жана ишкерлер тобу эми жергиликтүү текстиль буюмдарын да Италияга жөнөтүүгө умтулууда.

Италиялык делегация кыргыз текстиль компанияларын көрүп жүргөн учуру. Бишкек, Кыргызстан. 1-октябрь, 2024-жыл.
Италиялык делегация кыргыз текстиль компанияларын көрүп жүргөн учуру. Бишкек, Кыргызстан. 1-октябрь, 2024-жыл.

Бул үчүн Италиянын мода компанияларынын ассоциациясынан (Sistema Moda Italia) жана Италия текстиль жабдууларын өндүрүүчүлөр ассоциациясынан (ACIMIT) түзүлгөн делегация аз күн мурда Бишкекке келип, кыргызстандык компанияларды көрүп кетишти.

Кыргызстандын текстиль тармагынын Европадагы расмий өкүлү, TOOLAI кийим тигүү компаниясынын башкы директору Сауле Бейшенова “Азаттыкка” буларды айтты:

Сауле Бейшенова
Сауле Бейшенова

“Текстил тармагында Кыргызстандагы азыраак гана ишкана Европага товар экспорттойт. Өтө аз. Анткени алардын баары Орусияга гана багыт алып келген. Эми андан башка да рынокторду издөө аракеттери башталды. Ишти туура уюштуруп, Европага деле чыксак болорун түшүндүк. Биздеги баалар да атаандаштыкка туруштук берет. Жакынкы жылдары муну ишке ашырсак болот. Азыр Италиядан ири делегациянын келиши буга импульс берет деп ойлойбуз. Себеби алар Кыргызстандагы текстил тармагындагы бир топ нерселерге кызыгуусун билдиришти. Мындан сырткары жүн өндүрүү боюнча кызматташуу ниеттерин айтышты”.

Миграция жана саясий жүрүш

Экономикалык алакалар менен катар соңку жылдары Европа кыргызстандык мигранттар эмгектенген негизги багыттардын бири болуп калды. Анын ичинен Италияда алты миңге жакын кыргызстандык иштеп жүргөнү расмий маалымдалган. Бул жагынан “кыргыз президентинин сапарынын жүрүшүндө мигранттардын ал-абалы, эмгек шарттары боюнча сүйлөшүү болобу?” деген суроо орчундуу болуп турат.

Орусияда мигранттарга текшерүү жана басым күчөгөндөн бери ал жактагы кыргызстандыктар АКШга, Улуу Британияга, Европа Биримдигиндеги мамлекеттерге, Италияга барып жатканын “Азаттык” баяндаган.

Түркияда иштеген кыргызстандыктардын бири Назгүл Текебекова ал жакта иштеген кыз-келиндер айлык аздыгынан акыркы учурларда Европа өлкөлөрүнө, көбүнчө Италияга кетип калганын мурдараак айтып берген:

"Ичкен-жегеним бекер, бир байбиченин жанында иштейм. Бул жерге көнүп калдым окшойт. Үйүм жок, жакында жер алдым. Үй салып алсам анан кетем деп жүрөм. Азыр ошол 500 доллар деле жетпейт да. Эң азы 600-700 доллар болсо керек. Ишибиз оор, 24 саат карайбыз. Жоопкерчилиги күч. Мен баккан байбиче былтыр инсульт алган. Аны көтөрүп коляскага отургузам, кайра көтөрүп жаткырам. Азыр бул жакта иштегендердин көбү мыйзамсыз жүрүп калды. Жумуш визасын бербей жатат. Депортация болгондор көп. Мен деле үч жылдан бери туристтик виза менен иштеп жаткам. Эми гана жумуш визасын жасап берди. Ортодо ар кандай оор жагдайлар болду. Апам өтүп кеткенде бара албай калдым. Апамдын жылдыгын өткөрүп келгенден кийин эле бир тууган агам өтүп кетти, ага дагы бара албадым. Түркияда деле иштеш оор болуп калды. Мурдагыдай туристтик виза берилбей жатат. Депортация болгон аялдар аябай көп. Башка жолдорун издегендер дагы көп. Италияга кетип калгандар бар. Алар деле бизге окшоп карыларды багат. Бирок 100 миң сомдун тегерегинде табат. Биздики сом менен алганда 40-45 миң эле болуп калып жатпайбы".

Орусия Украинага басып киргенден кийин АКШ, Улуу Британия, Жапония, Европа Биримдигиндеги өлкөлөр Москвага менен мамилеси муздап, карама-каршылык күчөп келатат. Бул арада мурдатан Орусияга ыктап мамиле кылган Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинен Кыргызстан Батыш өлкөлөрү менен да ымаласын салкындатпоого аракет кылып келет.

Былтыр июнда Чолпон-Ата шаарында “Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммитинде беш лидер Европа Кеңешинин президенти Шарл Мишел менен кездешсе, ошол эле жылы сентябрда алар АКШ президенти Жо Байден менен Нью-Йоркто бир үстөлгө отурушкан. Ошондой эле алар Кытай лидери Си Цзинпин менен да кездешкен.

Жакынкы мамлекеттерди эске албаганда, кыргыз президенти былтыр Германияга, Венгрияга, Жапонияга, быйыл Бельгияга, Бириккен Араб Эмираттарына, АКШга барып келди.

Мына ушундан улам Рим сапарын да эксперттер кыргыз бийлигинин Орусиядан башка ири державалар менен өнөктөштүктү күчөтүү максаты катары түшүндүрүүдө. Талдоочу Эдил Марлис уулу мындай деди:

Эдил Марлис уулу
Эдил Марлис уулу

“Бир жагыбызда Кытай, бир жагыбызда Орусия турат. Каалайбызбы-каалабайбызбы, биз бул эки чоң мамлекетке экономикалык жактан байланганбыз. Андыктан саясат жактан да ушул эле эки держава менен жакшы мамиледе болушубуз шарт. Бирок бул “биз жалаң эле Орусия же Кытай менен мамиле түзөбүз” деген саясат болбойт. Балким, ири державалар өзүнүн саясий амбициялары менен кайсы бир мамлекеттер менен мамилесин үзүп, же тескерисинче башкалар жакындашып, чыргоолук кылса болор. Экономикасы чабалыраак, калкынын саны аз өлкөлөр мүмкүн болушунча бардыгы менен тегиз мамиле курганы оң. Биз, Кыргызстан бир мамлекетке байланып алсак, эртең көз карандысыздыбызды жоготуп алышыбыз мүмкүн. Бул айрыкча соңку геосаясий реалдуулукта ачык көрүнүп жатат. Ошондуктан кыргыз президентинин Европа өлкөлөрүнө, анын ичинен Италияга барган сапарын жөн гана саясат эмес, тереңирээк мааниде караган туура”.

Кыргызстан Италия менен дипломатиялык алака түзгөнүнө 30 жылга чамалаганы менен, бул өлкөдө кыргыз элчилиги 2020-жылы гана түзүлгөн. Италия да Кыргызстанда элчилик ачуу ачуу ниети бар экенин билдирип келет, азыр Бишкекте аталган өлкөнүн ардактуу консулдугу иштейт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG