Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Алматы: АЭС боюнча референдумду утурлай 10дон ашык активистке иш козголду


Алматыда кармалган активисттердин тарапташтары полиция департаментинин алдында турушат. 29-сентябрь, 2024-жыл.
Алматыда кармалган активисттердин тарапташтары полиция департаментинин алдында турушат. 29-сентябрь, 2024-жыл.

Казакстандын Алматы шаарында жана Алматы облусунда 12ден кем эмес активистке кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 1-октябрда "Азаттыктын" казак кызматы жазды. Маалыматка караганда, аларга жапырт баш аламандык уюштуруу жана ага даярдык көрүү боюнча кине тагылып жатат. Активисттер 29-сентябрда кармалган. Айрымдарынын үйүндө тинтүү жүрдү. Адвокаттардын айтымында, төрт активист камакка алынды. Калгандары эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду. Укук коргоочу Ринат Рафкат Фейсбукка кармалгандардын аты-жөнүн жарыялады.

Активист Рысбек Сарсенбай "Азаттыкка" берген комментарийинде кылмыш иштин козголушун 6-октябрда өтө турган референдумга байланыштырды. Анда Казакстанда атомдук электростанция куруу маселеси добушка коюлат.

"Бийлик калктын көбү AЭCтин курулушун колдобой турганын, каршы экенин көрүп турат. Ошондуктан буга жол бербөө үчүн куугунтуктоо, басым кылуу, мыйзамды кыянат пайдалануу менен алектенип жатышат", - деди Рысбек Сарсенбай.

Укук коргоочу Бахытжан Торегожина белгилегендей, активисттерге басым Казакстандын башка аймактарында дагы күчөп жатат. Анын айтуусунда, Астанада бир нече активист кармалганы тууралуу маалымат түшкөн. Укук коргоочунун эсебинде, бийлик референдум пландалгандай өтпөй калат деп кооптонууда.

Алматыдагы активисттердин кармалышына байланыштуу парламент депутаты Ермурат Бапи Фейсбук аркылуу Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлигине кайрылды. Алар азырынча жооп бере элек.

6-октябрдагы референдумда "Казакстанда атомдук электростанциянын курулушуна макулсузбу?" деген бир эле суроо коюлат.

АЭСтин курулушунун жактоочулары жакынкы жылдары күчөйт деп боолголонуп жаткан энергия таңкыстыгын жүйө тартып жатышат. Ошондой эле мындай станциянын курулушу Казакстандын экономикалык жана илимий потенциалын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет деген пикирди карманышат.

Ал эми долбоорго каршы чыккандар АЭСтин курулушу өлкө үчүн өтө кымбатка туруп каларын, мындан улам коррупциялык тобокелчиликтер жараларын айтып кооптонушууда. Андан тышкары атомдук электрстанциянын айлана-чөйрөгө тийгизген кедергиси, өзгөчө кырдаал жаралуу тобокелчилиги боюнча кооптонуулар бар.

XS
SM
MD
LG