Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:14

"Хезболланын" лидери Хасан Насралла ким болгон?


Хассан Насралла "Хезболланы" Ливандагы чоң саясий күчкө жана коңшу Израилдин кубаттуу каршылашына айландырган. 
Хассан Насралла "Хезболланы" Ливандагы чоң саясий күчкө жана коңшу Израилдин кубаттуу каршылашына айландырган. 

Хасан Насралла Ливандын түштүгүнүнүн басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон, "Хезболла" куралдуу согушкерлер тобунун жана саясий партиянын узактан берки лидери болгон. 27-сентябрда Израил армиясы Бейруттагы "Хезболланын" баш кеңсесине абадан жапырт чабуул койгондо Насралла набыт болгонун ишембиде билдирди.

"Хезболланын" өкүлдөрү Насралланын өлгөнүн кийинчерээк ырасташты.

30 жылдан ашуун "Хезболланы" жетектеген Насралла шиит козголоңчуларын Ливандагы чоң саясий күчкө жана коңшу Израилдин кубаттуу каршылашына айландырган.

Бул маалда 64 жаштагы диниятчы Жакынкы Чыгыштагы бирден бир таасирдүү жана карама-каршылыктуу фигурага айланган.

Ливандагы эбактан бери маргиналдашкан шиит жамаатынын көпчүлүк мүчөлөрү үчүн ал баатыр деп саналат. Ошол эле маалда аны аймакты ар кандай жаңжалга кириптер кылган согуштардын шыкакчысы деп да билишет.

Кошмо Штаттар "Хезболланы" террористтик уюм деп тапса, Евробиримдик анын согушкерлер канатын "кара тизмеге" киргизген.

Насралла 1960-жылы Бейруттун түштүк ыптасында жашаган кедей үй-бүлөдө туулган. Ирактагы шииттердин мектебин аяктаган соң "Амал" кыймылына кошулган. Куралчан кыймыл Ливандын шиит жамаатынын кадыр-баркын көтөрүүнү максат кылган.

1982-жылы Израил Ливандын түштүгүнө кол салгандан кийин Насралла жаңыдан түзүлгөн "Хезболла" кыймылына кошулган. Ал маалда Ливан жарандык согушка батып турган эле.

Таасирдүү диниятчы жана сөзгө чечен Насралла "Хезболланын" ичинде тез эле кадыр-баркка ээ болуп, кызматы жогорулаган. 1992-жылы Израил "Хезболланын" лидери Аббас ал-Мусавини өлтүргөндө 32 жаштагы Нарсалла анын ордун баскан.

Насралла 2006-жылы Ливандагы согуш аяктагандан кийин басма сөз жыйынында сүйлөп жатат, 2006-жылдын июль айы.
Насралла 2006-жылы Ливандагы согуш аяктагандан кийин басма сөз жыйынында сүйлөп жатат, 2006-жылдын июль айы.

Насралла шииттер басымдуулук кылган Иран менен жакын алака-катыш түзүп, Тегеран "Хезболланын" ишенимдүү тарапкерине айланган. Ирандын каржылык жана саясий колдоосу менен Насралла "Хезболланы" Ливанда кубаттуу саясий жана аскердик күчкө, ал эми жалпы эле чөлкөмдө негизги оюнчуга айланткан.

"Хезболланын" Израилге каршы күрөшү аркылуу Насралла Ливандын ичинде де, сыртында да колдоо тапкан. 2000-жылы "Хезболланын" токтобогон чабуулдарынан улам Израил 18 жыл ээлеп турган Ливандын түштүгүнөн өз армиясын чыгарып кеткен.

2006-жылы "Хезболла" израил армиясынын эки аскерин уурдап кеткенде 34 күндүк согуш тутанган. Канчалык кан төгүлгөнүнө карабай бул согушта Ливанда жана чөлкөмдө "Хезболланын" позициясы бекемделген.

Насралланын жетекчилиги менен "Хезболла" Сирияда жарандык согуш тутанганда ал өлкөнүн президенти Башар ал-Асадды жакындан колдоп, Ирактагы жана Йемендеги Иран колдогон козголоңчуларды машыктырган. АКШ жана Евробиримдикте террористтик деп таанылган ХАМАС радикал уюмуна көмөктөшкөн.

"Хезболла" 1994-жылы Аргентинанын баш кааласы Буэнос-Айрестеги жөөт жамаатына кандуу бүлгүн салган деп айыпталган.

Бейруттагы "Хезболланын" жактоочулары Насралланын телекайрылуусун көрүп отурушат, 2024-жылдын 10-июлу.
Бейруттагы "Хезболланын" жактоочулары Насралланын телекайрылуусун көрүп отурушат, 2024-жылдын 10-июлу.

Соңку 20 жылда Насралла коомчулуктун назарына анда-санда гана чалдыгып, анын жактоочуларын көбү жол башчысынын бир кездеги көмүрдөй кара сакал-муруту күмүштөй агарганын телевизордон гана көрүшкөн. Кара селде чалынган Насралла коопсуздуктан улам жашыруун жерлерден байланышка чыгып, адатта узак сүйлөчү.

2023-жылы октябрда Газа тилкесинде согуш башталганы "Хезболла" Израил армиясы менен чек арада ок атышып келет. "Хезболла" муну менен палестиндерге колдоо көрсөтүп жатканын жарыялаган.

Соңку айларда Насралла бир катар жоготууларга учураган. Израил "Хезболланын" жетекчилигиндеги маанилүү кишилерди өлтүрүп, аскердик арсеналынын көбүн жок кылып, байланыштарын үзгүлтүккө учуратты.

19-сентябрдагы акыркы билдирүүсүндө Насралла Израилге "Хезболланын" көп мүчөсү жабыркаган "пейжер чабуулу" үчүн "жазасын аларын" эскерткен.

XS
SM
MD
LG