Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Орус тили: 40 жыл мурда аз жерден “заец”, “парашут” деп расмий жазылбай калган


Окуучу орус тили сабагында тактага жазып, жооп берүүдө. Орусия. 30.09.2016.
Окуучу орус тили сабагында тактага жазып, жооп берүүдө. Орусия. 30.09.2016.

Ар бир жандуу тил орфографиялык реформаларга туш келип турат. Ал эми 1964-жылы Советтер Биримдигиндеги орус тилчи илимпоздор сунуштаган ушундай реформалардын бири илимий эмес себептерден улам жүзөгө ашпай калган. Дүйнөдөгү башка өлкөлөрдө да бул нукта ар кыл реформалар жасалып келет.

Мындан 40 жыл илгери, б.а. 1964-жылы 23–25-сентябрда, советтик парламенттик жана өкмөттүк расмий басылма болгон “Известия” гезитинде, ошондой эле “Учительская газета” жана “Советская Россия” гезиттеринде өтө кызыктуу макалалар жарыяланган. Аларда орус тилинин орфографиясын жакшыртуу боюнча сунуштар камтылган эле.

(Караңыз: Предложения по усовершенствованию русской орфографии. – Известия. 23.9.1964, Б. 3–4; 24.9.1964, Б. 3–4; Советская Россия. 24.9.1964, Б. 3–4; 25.9.1964, Б. 3–5; Учительская газета. 24.9.1964, Б. 2–5).

Арийне, бул расмий жарыяларга чейин эле илимпоздор, педагогдор жана саясатчылар орус тилинин орфографиясын кайра карап чыгууну жана жеңилдетүүнү талап кылып жатышкан.

1962-жылы 25-августта РСФСР Жогорку Кеңешинин баяндамасында мектеп менен өндүрүштү өз ара айкалыштыруу милдеттери козголуп, андагы милдеттердин арасында чукул арада орус орфографиясынын эрежелерин тартипке салуу жана жөнөкөйлөштүрүү көйгөйү аталып өткөн.

1963-жылы 24-майда СССР Илимдер академиясынын Президиумунун токтомуна ылайык атайын Мамлекеттик орфографиялык комиссия түзүлгөн жана тилчи академик Виктор Владимирович Виноградов (1894/95 – 1969) ага жетекчи болуп калган.

Комиссиянын 27 мүчөсүнүн арасында тилчи илимпоздор, усулчулар, алардын арасында даңазалуу сөздүкчү Сергей Иванович Ожегов (1900–1964), жазуучу Корней Чуковский жана башкалар кирген.

Орус орфографиясы жаатындагы оош-кыйыш талкуулар

Илимий талкуулардын алгачкы баскычында орус алфавитинен йоттошкон тамгаларды (ё, ю, я) таптакыр алып салуу сунуштары да киргизилип, бирок өтпөй калган.

(Айтмакчы, 1918-жылы 5-январда болшевиктер жүзөгө ашырган орфографиялык реформага ылайык мурдагы орустун Ѣ (ять), Ѳ (фита), І (“бирдикти туюнткан и тамгасы”) сыяктуу тамгалары таптакыр алынып салынган, ал эми ъ ажыратуу белгиси сөздүн акырында коюлбайт, тек гана адъютант, съезд сыяктуу терминдерде сөздүн ичиндеги тыбыштарды ажыратуу үчүн колдонулат, деп сакталып калган эле. 1918-жылы башка да олуттуу орфографиялык өзгөртүүлөр киргизилген).

Мамлекеттик орфографиялык комиссия 1964-жылдын сентябрына карата реформалык долбоорду даярдаган. Бирок комиссиянын ичинде кайчы пикир айткандар да арбын болгон.

Маскөөлүк жана ленинграддык тил илим мектептеринин өкүлдөрү фонологиялык жана морфологиялык мамиле жаатында өз ара талашып-тартышкан.

Ал эми 1964-жылдын 23–25-сентябрында жалпы коомчулукка шардана кылынган орфографиялык сунуштарда 14 жаңы эреже камтылган.

Профессор Михаил Викторович Панов (1920-2001).
Михаил Викторович Панов (1920-2001) – советтик жана орусиялык тилчи, адабият таануучу, Маскөө фонологиялык мектебинин көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, профессор.

Айрым орфографиялык сунуштар

Алардын бардыгын санап отурбастан, айрымдарын гана эскере кетелик.

Кээ бир чет тилдерден өздөштүрүлгөн терминдер менен нукура орусча сөздөрдү эрежеден тышкаркы түрдө жазбастан, жалпы эрежеге таяп жазуу ылайык деп айтылган.

Маселен, брошюра, жюри, парашют дебестен, брошура, жури, парашут деп жазуу сунуш кылынган. (Азыркы беларус тилинде бул сөздөр брашура, журы, парашут деп берилсе, ал эми украин тилинде брошура, журі, парашут деп жазылат).

Кээ бир сын атооч сөздөргө ыксыз эле кош н тамгасын жазуу да четке кагылган. Маселен, “жыгачтан” же “калайдан (жасалган)” дегенди туюнтчу орусча сөздөрдү бир гана н тамгасы менен деревяный, оловяный деп жазуу сунуш кылынган (беларусча: драўляны, алавяны; украинче: дерев'яний, олов'яний; чехче: dřevěné, plechové, б.а. куранды мүчө бир гана н тамгасы менен жазылат).

Орусча уңгу сөздүн акырында ц тамгасынан кийин ы тамгасын жазбастан, мындан ары и тамгасын гана жазуу керек, деген сунуш болгон. Мисалы, “бадыраңдар” сөзү орусча “огурцы” деп жазылып келген. Реформачылар аны мындан ары “огурци” деп жазуу керек, деп сунуш кылышкан (беларусча: агуркі; украинче: огірки). Албетте, орус тилинде айтылышта ал “агурци” делип калмак.

Демек, реформачылар башка да славян тилдеринин тажрыйбасын иликтеген сыяктанат.

Киев, Украина. 14.10.2016.
Коомдук жыйындагы көрнөктө "Качан украин тили жоголсо, ошондо Украина ойрон болот" деп украинче жазылган. Киев, Украина. 14.10.2016.

Реформачылар ажыратуу белгисинен (ъ) атавизм катары биротоло баш тартууну, ал эми анын ордуна ичкертүү белгисин колдонууну (мисалы, сьезд, обьем), ошондой эле шуулдама тыбыштардан кийин ичкертүү белгисин таптакыр алып салууну (дочь, ночь, мышь дебестен, доч, ноч, мыш деп жазууну) туура деп санашкан.

Тилчи реформаторлор орусча “молодец” (“азамат”), “холодец” (“муздак былкылдак”) сөздөрүнүн өрнөгү менен “коён” / “койон” сөзүн деле орусча “заяц” деп жазбастан, “заец” деп жазууну эп көрүшкөн.

Ал эми “заяц” сөзүнө көнүп алган орусиялык жазуучулар жана башка кайчы пикирдегилер бул “заец” деген жаңы вариантка гана эмес, аны шылтоолоп бүтүндөй реформага каршы ачуу сын пикирлерин жаадырышкан.

Советтер Биримдигиндеги бийликте жападан жалгыз өкүм сүргөн саясий партиянын – КПССтин жетекчиси Никита Сергеевич Хрущёв (1894 – 1971) 1964-жылы 14-октябрда партиялык кызматынан, эртеси күнү СССР Министрлер Кеңешинин төрагасы кызматынан алынган.

Дал ушул саясий окуядан кийин тилчи реформачылардын орфографиялык өзгөртүүлөр долбоору жаңы күч менен жана кескин түрдө сынга алына баштаган. Илимге тийешеси болбогон жарандар дагы бул өнөктүккө кошулган.

Бара-бара бул орфографиялык реформа долбоору авторитардык мамлекетте тарых таштандысында калган.

Жалпы талкуулардан соң тилчи окумуштууларды коом турмушунан ажырап калган апенди чалыштар катары санагандар көбөйгөн. Бирок дал ушул талкуу Орусияда орфографиялык көйгөйлөрдү терең иликтеген атаандаш илимий мектептерге да андан ары телчигүү жана өнүгүү үчүн түрткү болгон. Бул мектептердин өкүлдөрү орфография маселелерин калың журтка түшүндүрүү үчүн жаңыча жана кызыктуу эмгектер жарыялай башташкан.

Дүйнө жүзүндөгү орфографиялык реформалар

Албетте, төгөрөктүн төрт бурчунда башка мамлекеттерде деле мезгил-мезгили менен орфографиялык реформалар жүргүзүлүп, ар кыл сунуштар шардана кылынып келет.

Мисалы, 1990-жылы “Француз тили боюнча Жогорку кеңеш” деген мекеме француз тилинин орфографиясына өзгөртүүлөр киргизди.

Франциянын академиясы бул долбоорду толук колдоого алды.

Бул өзгөрүүлөргө ылайык жалпысынан 2 миңдей термин жеңилдетилди. Маселен, латынча i жана u тамгаларынын үстүнө коюлган “калпакча” (латынча circumflexus) белгиси айрым сөздөрдөн алынып салынды. Мисалы, эми “билүү”, “таануу” сөзүн билдирчү connaître сөзү connaitre түрүндө жазылат, деп сунушталды.

Авторитардык мамлекеттердеги мекемелерден айырмаланып, Француз тили боюнча Жогорку кеңеш мурдагы терминдик түрлөрдү бул жаңы өзгөрүүлөр менен мезгилдеш колдоно берүүгө эч тыюу салган жок.

Беларус жумуриятында 2008-жылы 23-июлда жүзөгө ашырылган орфографиялык реформага ылайык эми New York топоними орусчасындай “Нью-Йорк” деп жазылбастан, беларус тилине ыңгайлаштырылып “Нью-Ёрк” деп жазылып калды.

Жапониянын борбору Токио шаары эми “Токіа” деп жазылат, ал эми “экземпляр” сөзү азыркы беларусча “экзэмпляр” деп жазылат.

Улуу Британиядагы англисче “Оксфорд сөздүгүн” (“Oxford English Dictionary”) чыгарган кадыр-барктуу басма өткөн кылымдарда британдык англис орфографиясын гана эң туура вариант катары сунуштап келсе, эми ал басма англис тилинин башка өлкөлөрүндөгү орфографиялык жана тыбыштык варианттардын жанында британдык англисченин вариантын теңата жана атаандаш түр катары гана каттап калды.

XX кылымда иероглиф колдонгон бир катар азиялык улуттар дагы өз жазмаларындагы өзгөчө татаал иероглифтерди жеңилдетип жазган реформаларды жүргүзүшкөн.

XXI кылымдын башында Кыргызстанда да орфографиялык реформа далаалаты майнапсыз жасалган. Бирок ар тараптуу ойлонуштурулган реформа кыргыз тилинин кирил жазмасына негизденген түрү үчүн азыркы тапта да өзгөчө зарыл экендиги коомчулукта айтылып келет.

Демек, ар кандай жандуу тилдер мезгил-мезгили менен тилчи илимпоздордун сунуштарына ылайык эне тилдин орфографиялык “чачын тарап” турушу – демейдеги жүрүм болуп саналат.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG