Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

Эне тилге үйрөтүү – ата-эненин жана жарандык коомдун ыйык парызы


Өзбек тилинде сабак берилчү Чолпон мектебиндеги кыргыз тилине арналган атайын бөлмө. Кара-Суу району, Ош облусу. 29.8.2011.
Өзбек тилинде сабак берилчү Чолпон мектебиндеги кыргыз тилине арналган атайын бөлмө. Кара-Суу району, Ош облусу. 29.8.2011.

Интернеттин коомдук тармактарында азыркы тапта эне тилди өз балдарына үйрөтө албастан, окуу китептерин жана бийликтерди гана сынга алган замандаштар да учурайт. Бул – өз жүгүн башкаларга оодара салуу далаалаты эмеспи? Тарыхчынын блогу.

Улуттук мамлекети жок шартта өз эне тилин сактаган элдер да арбын

Айрымдарга парадокс сыяктуу сезилиши мүмкүн, бирок көптөгөн этностор өз эне тилдерин эч кандай өз алдынча улуттук мамлекетке ээ болбостон эле сактап келишет.

Маркисттердин мурдагы муундарынын бир катар өкүлдөрү “бара-бара этностор жоголуп, коммунизм доорунда бирдиктүү гана эл жашайт”, деген куру кыялдары аркылуу далай элдерди үркүтүшкөн. Бул куру кыял “маңкурттукка” да үндөө болуп саналат.

Ошол эле учурда коммунисттер “ар бир эл өз тагдырын өзү чечүүгө укуктуу” деген жобо аркылуу көптөгөн чакан элдердин тилин жана маданиятын ар кандай маданий же саясий автономияларды ыйгаруу аркылуу сактап калууга шарт да түзүшкөн.

Мунун артында, албетте, бир катар чаканыраак элдердин айдыңдарынын толук эгемендик жана көп партиялуу демократиялык түзүлүш үчүн күрөшүнүн мизин майтаруу максаты да тургандыгы анык.

Албетте, федерациялык жана башка көп этностуу мамлекеттерде ар кыл элдердин эне тилдерин сактоого шарт түзүү аргалары адамзат тарыхында коммунисттик режимдерден алда канча мурдараак эле жүзөгө ашырылып келгендигин айтуу абзел.

Маселен, бакыбат жана көп этностуу Швейцариянын тарыхы мыкты өрнөк болуп саналат.

Байыркы Эки дарыя аралыгына кайрылсак, шумер тили менен келгиндердин аккад тили эриш-аркак жашаган учурлар болгон.

Мурдагы блогдорубуздун биринде 1822-жылы франсуз чыгыш таануучусу Жан-Франсуа Шамполйон (орусча Шампольон, франсузча Jean-François Champollion; 1790–1832) айтылуу Розетта ташына чегилген үч башка жазмада (байыркы египеттик тилде салттык жана тез жазылган түрлөрдө жана байыркы грек тилинде) жазылган текстти пайдаланып, алгачкы ирет байыркы египеттик иероглифтерди чечмелей алганын эскергенбиз.

Эми мындагы көңүл бөлчү жагдай – Розатта таш жазмасынын эки башка тилде (байыркы египет жана байыркы грек тилдеринде) жазылгандыгы тууралуу факт.

Ал эми азыркы таптагы Монголиянын аймагында Кошо-Цайдам жергесинде Экинчи Чыгыш Түрк каганаты доорунан бери сакталып калган (б.з. VIII кылымдын 30-жылдарына таандык) петроглифтик жазма эстеликтерди эле айталык.

Алар Экинчи Чыгыш Түрк каганатындагы Билге-каган (Могилян; 683–734) деген каганга жана анын Көл-тегин (Күл-тегин; Кюе-деле; 684–731) деген даңазалуу колбашчы бир тууганына багышталган.

Мында Билге-каганга багышталган жазма эстеликтин тексти кош тилде – орхондук түркчө битик (руна сымал) алфавити жана кытай (ханзу) тилиндеги иероглиф аркылуу чагылдырылган. Бул эстеликтеги дал ушул кош тилдүүлүк 1893–1894-жылдары битик (руна сымал орток түрк) жазмасын чечмелөөгө алгачкы ачкыч табуу үчүн эң мыкты өбөлгө болгон. Битик жазмасынын энесайлык вариантын кыргыздар өнүктүргөн. Түргөш, уйгур, карлук ж.б. түрк элдери да битик жазмасынын өздөрүнө таандык варианттарын өнүктүрүшкөн.

Кошо-Цайдамдагы тексттеги “Теңри” сөзү.
Кошо-Цайдамдагы текстте оңдон солго Т, Ң, Р, И деген төрт тамга аркылуу “Теңри” сөзү жазылган.

Битик жазмасынын алгачкы тамгаларын 1893-жылдан тартып даниялык чыгыш таануучу Вилгелм Томсен (Вильгельм Людвиг Петер Томсен; Vilhelm Ludwig Peter Thomsen; 1842–1927) жана, андан соң, 1894-жылдан тартып, анын орусиялык замандашы, немис тектүү Василий Радлов (Вилгельм Радлофф; Wilhelm Radloff; 1837–1918) чечмелеп беришкен.

Эгерде Билге-каганга арналган текст кош тилде болбогон болсо, анда бул жазманы чечмелөө кечеңдей бермек. (Маселен, Жети-Суудагы сак доорунан калган Эшик, б.а. казакча Есик жазмасы азыркыга чейин ишенимдүү чечмеленбей келет).

Энесайдагы Кыргыз каганатында багыныңкы элдер (“кыштымдар”) өз эне тилдерин сактай беришкен.

Карахандар каганатынын ар кыл этностору өз жамаатынын алкагында эне тилин сактай бергендиги бабабыз Махмуд Кашгари Барскани тарабынан 1072–1077-жылдары жазылган энциклопедиячыл мазмунга ээ түркчө-арапча сөздүктө дурус чагылдырылган.

Алтын Ордо мамлекети өзүнө көз каранды элдердин өз эне тилин сактап калуусуна кедерги болгон эмес.

Көп тилдүү Осмон жылнаамасынын бир барагы. 1911.
Осмон султандыгына караштуу Селаникте (Фессалоник) 1911-ж. жарыяланган жылнааманын барагы. Мында осмон түрктөрүнүн руми жылсанагы боюнча 1327-ж. нисанынын 7си, Юлий жылсанагы (грекче), Григорий жылсанагы (франсузча), жана болгар, армян, арап жана жөөт даталары көрсөтүлгөн.

Советтик тарыхнаамада анчейин бааланбай келген Осмон султандыгында деле түрк тилинен тышкары ар кыл чөлкөмдөрдөгү арап, славян, грек, жөөт сыяктуу тилдерде сүйлөгөн калктарга өз тилин сактоого мүмкүнчүлүк берилген.

Демек, адамзат үчүн баалуу бул көп тилдүүлүк салты нечендеген элдердин өз эне тилин сактап калуусуна өбөлгө болуп келген.

Албетте, бул жүрүм ар бир элдин этностук кимдигин, өз алдынчалыгын жана нукура маданиятын сактап калуу жаатындагы тынымсыз күрөшү менен коштолгон.

Кээде жүз миңдеген сандагы элдер (маселен, КЭРдеги манчжурлардын басымдуу бөлүгү) өз эне тилин сактай албай калган учурлар бар. Бирок бир нече жүздөгөн же он миңдеп саналган чакан этностор (Чыгыш Европадагы русиндер, Орусияда: Эдилдин чыгышындагы ногойлор, Темирчи Ала-Тоодогу шорлор, Ыраакы Чыгыштагы долгандар, КЭРде: Манчжуриядагы фу-йү кыргыздары, Кытай Алтайындагы шивей, б.а. сибо эли, ж.б.) өз эне тилин сактоого жетишкен учурлар дагы катталган.

Ооганстандын Герат аймагында өзүн “моголи” деп атаган монгол тилдүү чакан этнос, маселен, өз тилин жоготуу алдында турат. Анын 2 миңдей өкүлүнүн жаш муундары өз тилин унуткарган.

Албетте, азыркы дүйнөлөшүү жүрүмүндө чакан этностордун өз эне тилин сактап калуу мүмкүнчүлүктөрү Кыргызстандагы кыргыздардай өз эгемен мамлекетине ээ болгон улуттардын мүмкүнчүлүктөрүнө салыштырмалуу абдан эле чектелүү экендиги айныксыз.

Азыркы тапта эл аралык коомчулук, анын ичинде БУУ, ЮНЕСКО сыяктуу уюмдар ушул күндөргө чейин өз эне тилин сактоого жетишкен элдердин (этностук азчылыктардын) тилдерин мындан ары сактап калууга көмөк кылууга чакырык жасап келишет.

Керкисиндеги кемтикти көрүп, кемигиндегини көрмөксөнгө салуу

Кыргыз элинин ар кыл бөлүктөрүнүн ичинен азыркы Кыргызстанды жердеп калгандары гана XX кылымдын соңунда эгемен мамлекетке ээ болууга жетишти.

Муну баса айтканыбыз – Ала-Тоодогу кыргыздардын азыркы жана болочокку муундары мамлекеттик көз карандысыздык – болочокко сактап өткөрүп берүү үчүн башкы таберик экендигин ар дайым эсте тутушу керектигин эскертүү далаалатыбыз менен байланыштуу.

Албетте, Кыргыз Өкмөтү жана анын министрликтери, президентке караштуу Мамлекеттик тил комиссиясы, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы, ЖОЖдор жана башка илимий мекемелер кыргыз тилинин расмий макамын андан ары чыңдоо жаатында олуттуу жоопкерчиликке ээ.

Бийликтер Кыргыз улуттук энциклопедиясын, кыргызча окуу китептерин, кыргыз тилинде өнүгүп жаткан илимий тармактарды, кыргыз адабиятын, кыргыз театрын, киносун, көркөм өнөр маданиятынын ар кыл тармактарын өнүктүрүүнү каржылап келишет.

Бирок бул – кырдаалдын бир гана жагы – анын аркы өйүзү.

Анын бүйүзүнө – жарандык коомго жана ар бир үй-бүлөгө, ар бир жаранга келчү болсок, алардын да кыргыз тилин чыңдоо жаатында опол тоодой жоопкерчилиги бар.

Жакында “Азаттык үналгысы” өзүнүн “Эркиндик үнү” подкастында жогорудагы көйгөйдү талкууга алды. Подкаст түрүндө жарыяланган бул талкууга билим берүү багытындагы таанымал адис, доктор Кеңешбек Сайназаров, Вашингтондо байырлап жаткан социолог-изилдөөчү, "Санаалаш" подкастынын автору Айсалкын Ботоева жана Канаданын Монреал шаарында байырлап жаткан каржы адиси, балдарга арналган блогдорду жарыялап, китеп чыгарып жүргөн жазуучу Айсулуу Алмаз катышты.

Айрым жарандарыбыз эне тилди колдоого байланыштуу бул олуттуу маселенин көйгөйлөрүн чечүүнү мамлекеттик бийликтерге гана шылтап тим болгусу келишет.

Чын-чынына келгенде, ар бүлөнүн, ар бир ата-эненин жана бир туугандын тарбиясы да өзгөчө олуттуу.

Атап айтканда, чет өлкөлөрдөгү мигрант ата-эне өз балдары англис, немис, түрк, орус, кытай, франсуз ж.б. мектептерде окуганына карабастан, үйүндө эне тилин башкы орунга коюшу абзел.

Менин далай досторумдун балдары (өз баламдай эле) чет жерде жүрүп, англис жана башка тилдерде таалим алышып, бирок өз үйлөрүндө кыргыз тилинде сүйлөп чоңоюшту.

Албетте, ар бүлөнүн чөйрөсүндө диалект жана башка өзгөчөлүктөр болбой койбойт, бирок өз эне тилинде так сүйлөгөн бала диалекттик айырмачылыктарды деле тез арада тактап ажыратып биле алат.

Демек, башкаларга жүк артып жатып, өз мойнубуздагы жүктү да астейдил таразалап жүрүүбүз абзел.

Жарандык коомго айрым сунуштар

Азыркы тапта өп-ап санда жарык көргөн кыргызча оригиналдуу жана котормо китептерди ар бир үй-бүлөгө жеткирүүнү талап кылуу – аткарылбай турган нерсе.

Демек, ар үй-бүлөгө жана жаш муундарга биз алда канча арзан жана натыйжалуу арга аркылуу кирип барышыбыз керек. Бул – бекер сунушталчу интернет мейкиндиги.

Кыргызча жазылган балдар үчүн адабиятты жана мултимедиалык сабактарды интернетке көбүрөөк жүктөй берүү керек.

Ал үчүн кыргыз авторлор да кенендик кылып, өз чыгармаларын интернетке бекер жүктөшү абзел. Чыгармаларын интернетке бекер жүктөгөндөргө жана ушундай платформа түзгөндөргө Мамлекеттик тил комиссиясы, бийликтер жана жарандык агартуу коомдору өз алкоосун ачык айтуусу керек.

Маселен, кыргызча мазмун (контент) жаратып келе жаткан new.bizdin.kg интернет барагынын түзүүчүсү Чоробек Сааданбекке, басмада жана интернетте кыргыз тилине байланыштуу сөздүктөр жарыялаган Таалайбек Абдиев, Лира Сыдыкова, Гүлзура Жумакунова, Жеңишбек Эдигеев сыяктуу сөздүкчүлөрүбүзгө (алардын Кусейин Карасаев, Аман Саспаев, Жолдош Жусаев, Валимжан Таңырыков сыяктуу баштоочулары болгонун да айтуу абзел), “Манас” эпосу жана башка кыргыз көркөм адабиятынын мурастары жаатында подкасттар чыгарып жаткан айдыңдарыбызга, ошондой эле, ар кыл чет тилдерден тикелей (мурдагыдай орус тили аркылуу гана эмес) китеп, кино тасма ж.б. которуп жаткан заманбап котормочуларыбызга жана башка өз демилгелүү жарандарыбызга, кыргыз тилин латын алфавитинде да сүйлөтүп жаткан Бахтияр Шаршеев сыяктуу айдыңдарыбызга, Кыргызстан-Сорос коруна, Роза Отунбаеванын демилгелери коруна, ж.б. коомдук уюмдарга, бир катар медиа каражаттарына, албетте, айкындуулук шартында ыраазычылык билдирүүбүз абзел.

Айтмакчы, “Фейсбукта” тилчи Асел Кадырова (Asel Kadyrova) карындашыбыз мекен сүйөр ата-эненин жоопкерчилиги жаатында туура жазыптыр: кыргыз тилине элден артык күйөрман болгон кээ бир тилчилердин, эл акындарынын, эл жазуучуларынын өздөрүнүн урпактары эне тилде сүйлөөдөн жазганышат.

Бул – илгерки советтик Кыргызстандагы эле көрүнүш эмес. 2009–2015-жылдары КЭРдин Бээжин шаарында, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунда жана башка аймактарында бир нече ирет сапарда болдум.

Айрым кытайлык кыргыз төбөлдөрдүн балдары ханзуча гана сүйлөп калганына, бирок башка кыргыз төбөлдөрү жана нечендеген карапайым кыргыздар өз балдарынын бери дегенде үч-төрт тилди (кыргыз, ханзу, англис жана уйгур тилдерин) өздөштүрүүсүнө жетишкендиктерине күбө болдум.

Эми өз бүлөсүндө эне тилде сүйлөй албай калгандыгы үчүн мурдагыдай коммунист лидер, маркум Турдакун Усубалиевди же башкасын күнөөлөй берген кез артта (ошол XX кылымда) калды.

Баса, ошол совет доорунда деле коммунист партократтардын арасындагы идеолог “лөктөрдүн” бири болгон жана кыргыз тарыхы жаатында биздин сыныбызга да кабылып келген маркум Аманбек Карыпкулов өз балдарын совет доорунда эле кыргызча татынакай сүйлөтүп тарбиялаганын көрүп, ыраазы болгон элем.

Эми корообузда – башка доор.

Кыргызча булбулдай сайраган орус, немис, өзбек, татар, казак, дунган, корей тектүү жарандарыбызга жана чет мамлекеттердин (АКШ, Германия, Жапония, Кытай, Мажарстан, Түркия, Улуу Британия, Франция, Чехия, Швейцария, ж.б. өлкөлөрдүн) жарандары болуп туруп, кыргызча мыкты үйрөнгөн замандаштарга учураган сайын башкы маселе – сунушталган окуу китептин сапатында эмес, биринчи кезекте, өз ыктыяры менен жекече дит коюуда экендигин аңдадык.

Муну жөн гана аңдап тим болбостон, чет өлкөлөрдөгү диаспоралык топторубузга да балдарын өз эне тилинде гана эмес, дүйнөлүк тилдерде жана өздөрү байырлап жаткан өлкөнүн мамлекеттик тилинде сүйлөтүүгө жетишкиле деп кеңеш айткыбыз келет.

Мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлү ар үй-бүлөгө келип, дарыгерлер чечекке каршы эмдеген ыкманын сыңарындай ар балага эне тилди өздөштүртчү дары сайып, же ар бир баланын мээсине компүтердик полиглоттук чип тагып кете албайт.

Демек, эгемен жана көп этностуу Кыргызстанда жашап жатып, өз урпагын мамлекеттик тилде (кыргызча) сүйлөөгө тарбиялоо – азыркы жана болочокку ата-эненин түздөн-түз жана ыйык милдети. Бул милдетти жарандык коом өкүлдөрү бийликтер менен чогуу-чаран жүзөгө ашырчу болсо, албетте, мындай агартуучулук жүрүм алда канча байсалдуу өнүгөт.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG