Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Бутага алынган лидерлер: Абэ, Бхутто, Ибраимов, Ганди, Кеннеди...


13-июлда АКШнын экс-президенти Дональд Трампка кол салуу болду. Кызматта турган же мурдагы жогорку саясатчыларды өлтүрүү аракеттери дүйнө тарыхында көп эле катталып келет. 60 жыл ичинде болгон айрым резонанс жараткан кол салууларга токтолсок.

Роберт Фицо

Быйыл 15-майда Словакиянын премьер-министри Роберт Фицого кол салуу болгон. 59 жаштагы жетекчи Гандлова шаарында жыйындан кийин көчөдө турган жергиликтүү тургундар менен учурашып жаткан маалда ага бир нече ок атылган. Колунан жана курсагынан жараат алган өкмөт башчы тик учак менен жакынкы Банска-Быстрицадагы ооруканага жеткирилип, ага бир нече саатка созулган операция жасалган. Ок аткан 71 жаштагы киши дароо кармалган. Ички иштер министри кол салууга саясий жүйө себеп болгонун билдирген. Жакында словак премьери жумушуна кайтты.

Синдзо Абэ

Синзо Абе
Синзо Абе

2022-жыл, 8-июль. Жапониянын мурдагы өкмөт башчысы Синдзо Абэни Нара шаарында шайлоочулар менен жолугушуп жатканда атып кетишкен. Моюнуна бир нече ок тийген экс-премьер жарааттарынан ооруканада үзүлгөн. Аны өлтүрүүгө шек саналган 41 жаштагы жергиликтүү тургун ошол эле жерде кармалган. Тэцуя Ямагами аттуу киши экс-премьердин саясатына каршы болбогонун айткан. Полиция анын Мун сектасы менен байланыштарын аныктаганы кабарланган. Саясий кол салуулар сейрек катталган Жапония үчүн бул абдан чоң трагедия болгон. Абэ ошол маалда 67 жашта болчу.

Жовенель Моиз

2021-жылы 7-июлга караган түнү Гаитинин президенти Жовенель Моизди резиденциясында белгисиз адамдар атып кетишкен. Көп узабай полиция мамлекет башчыны өлтүрүүгө байланышы бар төрт киши жок кылынып, бир нече адам кармалганын билдирген. Америкалык тергөөчүлөр Майямидеги коопсуздук компаниясынын эки жетекчиси Моизди уурдап кетип, анын ордуна президенттикке башка кишини алып келүүнү көздөгөнүн аныкташкан. Чабуулда биринчи айым да оор жараат алган.

Оппозиция 53 жаштагы мамлекет башчыны өлкөдө диктаторлук режимди орноткусу келет деп айыптаган. Моиз мындай дооматтарды четке кагып келди. Президент киши колдуу болгондон кийин дүйнөдөгү эң жакыр жана туруксуз өлкөдө толкундоолор ого бетер күчөгөн.

Рафик Харири

Рафик Харири
Рафик Харири

2005-жылы 14-февралда Ливандын мурдагы премьер-министри Рафик Хариринин машинеси жана аны коштоп бараткан кортеж Бейруттагы Ыйык Георгий мейманканасынын жанынан өтүп баратканда катуу жардыруу болгон. Саясатчы менен кошо дагы 21 кишинин, арасында жансакчыларынын, мурдагы экономика министринин өмүрү кыйылган. 2022-жылы сот ал теракт үчүн "Хезболла" уюмунун үч мүчөсүнө сыртынан айып таккан.

Анна Линд

Швециянын тышкы иштер министри Анна Линд 2003-жылы сентябрда Стокгольмдогу супермаркетте бычак жеген. Дарыгерлер анын өмүрү үчүн бир нече саат күрөшүп, бирок куткарып калган эмес. Кол салган адам, сербиялык мигранттардын баласы Михайло Михайлович эки жумадан кийин кармалып, өмүрүнүн соңуна чейин абакка кесилген. Ал күнөөлүү экенин, “Линддин көзүн тазала” деген добуштарды укканын айткан. Кийин интервьюлардын биринде саясатчыларды жек көргөнүн, түрмөгө кесилбеш үчүн өзүн оорукчан кылып көрсөткөнүн моюнуна алган.

Зоран Жинжич

Сербиянын премьер-министри Зоран Жинжичти 2003-жылы мартта Белградда атып кетишкен. Батышчыл өкмөт башчы автократ лидер Слободан Милошевичти бийликтен кетирүү кыймылын жетектеп келген. 2007-жылы кылмышка байланыштуу 12 кишиге айып тагылган. Кээ бирлери полициянын мурдагы аскерлешкен бөлүгүнүн мүчөлөрү болуп чыккан. Тергөөнүн версиясына ылайык, алар Милошевичтин режимине окшогон өкмөттү калыбына келтирүүнү көздөгөн. Бирок буйрукту ким бергени ошол бойдон белгисиз калууда.

Беназир Бхутто

Беназир Бхутто
Беназир Бхутто

2007-жылы 27-декабрда Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы Беназир Бхутто Равалпинди шаарында оппозициянын митингине катышып жатканда жанкечти ок атып, бомба жарылган. Теракттан саясатчыдан тышкары дагы 20дан ашуун киши каза тапкан.

Пакистанды 1988-90, 1993-96-жылдары башкарган Бхутто сүргүндөн кайтып келип, парламенттик шайлоо алдында үгүт өнөктүгүн жүргүзүп жаткан. Анын өлүмү үчүн ушу күнгө чейин эч ким соттоло элек.

Пакистандын антитеррордук соту мурдагы президент Первез Мушаррафты Бхуттонун өлүмүнө тиешеси бар деп жарыялаган. Мушарраф мындай ырастоолорду четке каккан.

Улуттар уюму 2010-жылкы баяндамасында Бхуттонун коопсуздугун камсыздай албаганы үчүн жоопкерчиликти Мушаррафтын администрациясына жүктөп, анын өмүрүнө кол салууну токтотууга алдын ала мүмкүнчүлүк болгонун белгилеген.

Ицхак Рабин

Ицхак Рабин
Ицхак Рабин

Израилдин премьер-министри Ицхак Рабин 1995-жылы 4-ноябрда Тел-Авивде Палестина менен тынчтык жараянын колдогон ири митингден кийин машинасында баратканда ажал тапкан. Ашынган оңчул студент Игаль Амир саясатчыга үч ок чыгарганы аныкталган. Рабин 40 мүнөттөн кийин ооруканада үзүлгөн. Кылмышкер Израилдин кызыкчылыктарын Осло келишимдеринен коргоо үчүн премьерди өлтүргөнүн айткан. 1996-жылы мартта Амир өмүр бою эркинен ажыратылган. Рабин 1992-жылы Палестин автономиясынын ошол кездеги лидери Ясир Арафат жана Израилдин тышкы иштер министри Шимон Перес менен бирге тынчтык орнотууну караган Осло келишимдери үчүн Нобель тынчтык сыйлыгына татыган. Анын киши колдуу болушу чоң резонанс жаратып, маркумдун зыйнатына көптөгөн дүйнөлүк лидерлер катышкан.

Улоф Палме

Улоф Палме
Улоф Палме

1986-жылы 28-февралдын кечинде Швециянын ошол кездеги премьер-министри жубайы Лисбет менен кинодон чыгып Стокгольмдун борбордук көчөлөрүнүн бири - Свеавегенде кетип баратканда белгисиз бирөө артынан эки жолу аткан. 59 жаштагы Палме ошол жерде жан берген.

Премьерди аткан киши качып үлгүргөн. Ошондон бери тергөө ондогон жылдарга созулду.

2020-жылы Швециянын прокуратурасы Палменин өлүмү боюнча иш жабылганын билдирди. Бул ишти караган башкы прокурор Кристер Петерссон маалымдагандай, премьерди Стиг Энгстрөм аттуу дизайнер өлтүргөн болушу мүмкүн. Ал 2000-жылы өз жанын кыйып каза болгондуктан, айып такпоо чечими кабыл алынып, иш жабылды.

Индира Ганди

Индиянын өкмөт башчысы Индира Ганди 1984-жылы 31-октябрда Делидеги резиденциясында сикх жансакчысынын колунан каза тапкан. Анын алдында Гандинин буйругу менен аскерлер сикх жикчилдерин Пенжабдагы ибадатканадан кууп чыгарган. Рейд маалында көптөгөн зыяратчы өлгөн. Өлкөнүн биринчи премьер-министри Жавахарлал Нерунун кызы өкмөттү 17 жыл башкарган. Ал Индиянын тарыхында бул кызматты аркалаган жалгыз аял саясатчы бойдон кала берүүдө.

Рим папасы Иоан Павел Экинчи

1981-жыл, 13-май. Ватикандагы Ыйык Петр аянтында ок жаңырып, понтифик жараат алган. Кол салган киши, түркиялык экстремист Али Агжа дароо кармалган. Кийин Папа аны менен түрмөдө жолугуп кечирген жана Италиянын президентинен Агжага ырайым берүүнү өтүнгөн.

Султан Ибраимов

Султан Ибраимов
Султан Ибраимов

1980-жылы 3-декабрдан 4-декабрга караган түнү Ысык-Көлгө эс алууга барган Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы (премьер-министр) Султан Ибраимовду, анын айдоочусун жана Чолпон-Атадагы өкмөттүк дачанын кароолчусун атып кетишкен. Чуулгандуу окуя ошол кезде катуу иликтенип, расмий маалыматтарда кылмышты орус улутундагы чолпонаталык жигит жасаганы, кийин ал Куйбышев облусунда өзүн-өзү асып алганы айтылган. Тергөөнүн жыйынтыгы чыкса да, 53 жашында киши колдуу болгон Султан Ибраимовдун өлүмүнүн тегерегиндеги айрым суроолор улам көтөрүлүп келет.

Алдо Моро

Италиянын мурдагы өкмөт башчысы, Христиан-демократтар партиясынын лидери Алдо Морону 1978-жылы жазында ашынган солчулдардын тобунун согушкерлери уурдап кеткен. Саясатчыны бошотуу үчүн алар топтун абакта отурган мүчөлөрүн азат кылууну талап кылган. Эки айдан кийин экс-премьердин сөөгү машинанын багажнигинде табылган.

Луис Карреро Бланко

1973-жылы, Испаниянын премьер-министри Луис Карреро Бланко Мадридде көчөдө бомба жарылганда мүрт кеткен. Чабуулду Баск улутчулдарынын ЭТА согушкер уюму уюштурган.

Жон Кеннеди

Кеннеди кол салуу алдында
Кеннеди кол салуу алдында

1963-жылы 22-ноябрда АКШ президенти Жон Кеннединин кортежи Даллас шаарында баратканда ок атылган. Кеннеди көп өтпөй ооруканада курман болгон.

Вице-президент Линдон Жонсон эки сааттан кийин президенттик учакта мамлекет башчы катары ант берген.

Кол салууга айыпталган Ли Харви Освалдды кийин полиция бөлүмүндө телекамера алдында өлтүрүп кетишкен.

Кеннединин киши колдуу болушунун айланасында азыркыга чейин түрдүү түкшүмөлдөр, кутум теориялары айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG