Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:21

"Эки жолу инсульт алган". Абактагы Алга Кылычов оор абалда ооруканага түштү


Кой-Таш окуясына байланыштуу он жылга соттолуп, Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Алга Кылычовдун саламаттыгы начарлап, Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

Анын туугандары Кылычов буга чейин эки жолу инсульт алганын, боору да ооруй турганын айтып, өмүрү үчүн кооптонуп жатышат.

Ал эми жаза аткаруу кызматы Алга Кылычов учурда жандандыруу бөлүмүндө эмес экенин айтууда.

"Ал эки жолу инсульт алган"

Үч айдан бери абакта отурган Алга Кылычовдун 9-сентябрда кан басымы, канты көтөрүлүп, оор абалда оорукана түшкөн. Ошондон бери анын жубайы Гүлнур Ниязова Улуттук госпиталды айланчыктап жүрөт. Ал биз менен жолуккан учурда күйөөсүн магниттик-резонанстык томографиядан (МРТ) өткөрүүгө даярдап жатышканын айтты.

"Ал боор циррозу, кант диабети менен ооруйт. Кан басымы дайыма жогору. 10 жылдан бери астмасы дагы бар эле. Сыртта жүргөндө дарынын жардамы менен жүрчү эле. Камакта аябай кыйналып кетти. Азыр кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Өзүнө жолуктурушкан жок. Абакта үч айдан бери отурат. Акыркы күндөрү абалы жакшы эмес", - деди Гүлнур Ниязова.

Анын айтымында Алга Кылычовдун ден соолугу 2019-жылы абакта алты ай отурган кезде начарлап кеткен. Эркиндикке чыккандан кийин экинчи жолу инсульт алган. Ошондон бери жакшы боло албай жүргөн экен.

"Азыр диагноз коюла элек. Кант диабетинин айынан тырмактары этине кирип, бут кийим да кие албайт. Абакта жатмак тургай сыртта жүргөндө эле үй менен оорукананын ортосунда жүрчү эле. Эки жолу инсульт алган. Азыр саламаттыгынан сарсанаа болуп, амандыгын эле тилеп атабыз".

Алга Кылычов жана Гүлнур Ниязова.
Алга Кылычов жана Гүлнур Ниязова.

Алга Кылычовдун жакындары камалгандан бери эле анын ден соолугу начар экенин айтып келишкен. Кылычовдун азыркы абалы боюнча Саламаттык сактоо министрлиги маалымат берүүдөн баш тартып, Жаза аткаруу кызматы жооптуу экенин айтышты.

Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматы Алга Кылычов комплекстүү дарылануудан өтүп жатканын, ал азыркы тапта реанимацияда эместигин айтууда. Мекеменин маалыматына караганда, Кылычовду №1 тергөө абагынын дарыгерлери буга чейин дагы текшерип, кан басымын түшүрүү жана кант диабетин дарылоо үчүн дары-дармек жазып беришкен. Алар тараткан билдирүүдө мындай деп айтылат:

"Соттолуучу 23-августта жазуу жана оозеки түрүндө №31 абакта дарылануудан баш тарткан. 2-сентябрда Кылычовдун кан басымы көтөрүлүп, СИЗО-1дин дарыгери "Тез жардам" чакырган. Текшерүүдөн кийин дарыгерлер ооруканага жаткырууга негиз табышкан эмес. 4-6-сентябрь күндөрү СИЗО-1деги медициналык кызматтын жетекчиси Кылычовду Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталга текшерүүгө сунуштап, стационардык дарылануу зарылдыгын көрсөткөн".

Активист, КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычов 21-июнда Аламүдүн райондук соту тарабынан 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп табылып, он жылга кесилген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 2017-жылкы редакциясындагы “Барымтага алуу” жана “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” беренелери менен айып коюлган.

Кой-Таш боюнча жалгыз соттолгон, абактан кыйноого кабылган Кылычов

Алга Кылычов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болуп бир нече киши айыпталган Кой-Таш окуясы боюнча жаза алган жана абакта жаткан жалгыз адам болууда. Ал Аламүдүн райондук сотунун 10 жылдык жаза чегерген чечимин кийинки инстанцияга арызданган. Иш азыркы тапта Чүй облустук сотунда каралып жатат.

Анын адвокаты Жанат Гүлжигитов сотто Кылычовго каршы эч ким көрсөтмө бербегенин, андыктан 10 жылдык жаза чегерүү мыйзамсыз болгонун билдирүүдө.

"10 жылдык жаза мыйзамсыз болгон. Анткени сот отурум төрт жылга созулду. Бул аралыкта күбө катары келген "Альфа" кызматкерлеринин, милиция кызматкерлеринин бирөө дагы "мени барымтага алды" деп көрсөтмө беришкен жок. Негизи эле бул иште жабырлануучу жок. Сотто "Алга Кылычов мени барымтага алды, куралымды алды" десе мейли эле. Бирок андай болгон жок да. Акырында ишти караган судья менин ишти жылдыруу боюнча келтирген өтүнүчүмдү четке кагып, көчөдөн эле башка, биз билбеген адвокатты таап келип чечим чыгарып койду. Биз жарыш сөзгө да катыша албай калдык да".

Алга Кылычов 2024-жылы соттолгонго чейин да алты ай абакта отуруп, №1 тергөө абагынан кордук көргөнүн айтып келет. Ал үй камагына чыккан соң, 2021-жылы "Азаттыкка" курган маегинде аны милиция кызматкерлери, абактын ичиндеги криминалдык топтордун өкүлдөрү кантип кыйнаганын айтып берген. Анын айткандары Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, Ички иштер министрлиги Кылычовдун билдирүүсү боюнча текшерүү жүрүп жатканын билдирген:

Алга Кылычов.
Алга Кылычов.

"Кадимки желим баштыкты башыма кийгизип, тумчуктурушкан. Сабагандан жыйынтык чыкпаганын түшүнүшкөндө, ошол ыкмага өтүшкөн. Өзүм дагы кант диабетинен жабыркайм. Баштыкты башыма кийгизип сабаганда, эки-үч жолу эсим ооп, жыгылдым. Андан тышкары денеде так калбасын деп, желим бөтөлкөлөргө сууну толтуруп, айрыкча ички органдарга, башка, көгөрбөй турган жерлерге уруп, сабашкан. Ошол кездеги кой терисин жамынган бандит чалыштар менен кызматташкан ички иштер кызматкерлеринин азабынан бүгүнкү күндө ишемиялык инсульт алдым. Дарыгерлердин изилдегени, эмнеден бул ооруга кабылып калгандыгым, мээнин кан тамырлары эзилип, ошол күндөн бери эки-үч жыл чирип жүргөндүгү азыр медициналык маалымкатымда жазылган. Кан тамырлар жарылып, эсим ооп жыгылганым изилденген. Өткөн жылы август айында экинчи жолу кайталануучу ишемиялык инсульт алдым. Бул жолкусунда абдан оор болду. Анысы аз келгенсип, боордун циррозу, боордун 3-стадиядагы рак оорусу пайда болуптур. Мунун баары өпкө-боорум эзилип, абдан катуу сабалгандан улам экендигинде шегим жок".

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясы 7-8-август күндөрү болуп, тоз-тополоң менен коштолгон.

Кагылышта атайын кызматтын офицери Үсөнбек Ниязбеков окко учкан. Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева буга чейин уулу бейкүнөө ажал тапканын айтып кейиген:

“Санкт-Петербургга чейин барып дарыланып келип жатам. Мен оорумду кимге айтам? Ал жерде жабырлануучу жалгыз мен. Атамбаев ошондо сотко келип койсо, уулум өлбөйт эле го”.

Кой-Таш окуясында Чүй облустук милициясынын ошол кездеги жетекчиси Самат Курманкулов башынан оор жараат алып, Москвада дарыланганы менен майып болуп калган.

Андан сырткары 175 адам ар түрдүү жараат алышкан.

Бул окуялардын кийин, 8-августта ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште кайрылуу жасаган. Анда бул окуяларга Атамбаев экөөнүн тиреши себеп болгонун четке каккан.

Бир нече иш козголуп, 2019-жылдан бери камакта отурган Алмазбек Атамбаев былтыр 14-февралда абактан бошотулган жана 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG