Европанын борбор калааларында дипломаттар жана саясатчылар Украинадагы согуш токтошу үчүн тынчтык планы кандай болушу мүмкүн экенин жабык талкуулап жатышат. Варианттардын бири - Европадан бейпилдик күчтөрүн жиберүү.
Орусия Курскиде украин армиясына каршы согушка салган түндүк кореялык күчтөрдүн даярдыгы күмөн жаратат. Бирок украин армиясынын коргонуусун бузуп өтүү үчүн алардын саны жетиштүү болушу мүмкүн.
АКШнын сотунда орусиялык Александр Ионовдун ишинин алкагында анын ФСБнын 2-кызматындагы кураторлору менен жазышкан ондогон барак каттары ачыкка чыкты. Ионовдун "тоголок каттары" менен Орусияда бир катар көз карандысыз медиа "чет элдик агент", эл аралык уюмдар "жагымсыз уюм" деп таанылган.