Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:09

АКШ Кытайдын "тыңчы" шарын атып түшүрдү


Кытайдын аба шары атып түшүрүлгөн учур, 4-февраль 2023-жыл.
Кытайдын аба шары атып түшүрүлгөн учур, 4-февраль 2023-жыл.

АКШ өз аба мейкиндигинде бир нече күндөн бери учуп жүргөн Кытайдын шектүү аба шарын акыры атып түшүрдү. Бээжин Американын бул кадамына нааразы болду. Кошмо Штаттар үч автобустун көлөмүндөй болгон бул учуучу шарды тыңчы деп мүнөздөгөн. Кытай мындай айыптоону четке кагууда.

Кошмо Штаттардын армиясынын F-22 учагы тыңчы деп мүнөздөлгөн кытайлык учуучу шарды ишемби күнү Атлантика океанынын Түштүк Каролина штатына туштан жээгинде атып түшүрдү. Жергиликтүү тургундар тартып калган видеолордон асманда аскердик учактын ракетасы тийгенден кийин учуучу шар жарылып, ак түстөгү материалы ылдый түшүп баратканын көрүүгө болот.

"Биз беш мүнөттөй карап отурдук окшойт. Анан Батыш тараптан аскердик учактын изин көрдүк. Түз эле шарды көздөй тез учуп баратты. Андан соң учактан бир нерсе учуп чыкты. Ракета экенин билдим. Анан жарылуу болгонун көрдүк", - деп айтып берди окуяга күбө болгон Сөрфсайд Биич шаарчасынын тургуну Рон Лэпман.

Пентагон жана АКШ өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү билдиргендей, көлөмү мектеп окуучуларын ташыган үч автобустай болгон учуучу шар Кошмо Штаттардын Аляска штатына караштуу Алеут аралдарынын аба мейкиндигине алгач 28-январда кирген. 30-январда Аляска аркылуу Канада тарапка өткөн. Бир күндөн кийин учуучу шар кайра АКШнын аймагына кирип, өзөктүк ракеталарды жасай турган бир нече аскердик объект жайгашкан Монтана штатында байкалган.
Гелий газы толтурулган бул шар кадимки коммерциялык каттамдагы учактардан да кыйла бийик, тактап айтканда, жерден 18 миң метр бийиктикте учуп жүрдү.

АКШнын айыптоосу

Америкалык расмий өкүлдөр бул шарды Кытайдын чалгындоочу аппараты деп мүнөздөгөн. Президент Жо Байдендин администрациясы жана Пентагондун өкүлдөрү Кытайдын АКШнын аба мейкиндигине мындай шар жөнөткөнүн “кабыл алынгыс” деп атаган. Байдендин саясий атаандаштары, анын ичинде мурдагы президент Дональд Трамп да шарды чукул арада атып түшүрүүнү талап кылган.

Расмий Бээжин бул учуучу аппаратты аскердик эмес, жарандык максатта гана колдонулуучу, аба ырайына байкоо салуучу шар деп атап, ал кокустан гана багытын буруп кеткенин билдирген.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден 4-февралда айткандай, ал Кытайдын аба шарын атып түшүрүү буйругун 1-февралда эле берген. Бирок армия жетекчилери шардын калдыктары жердеги жайкын тургундарга жана объектилерге коркунуч жаратпашы үчүн ыңгайлуу учурду күтө турууну чечкен.

"Алар аны ийгиликтүү атып түшүрүштү. Мен бул ишти аткарган биздин авиаторлорго ыраазычылык билдиргим келет. Бир аздан соң бизде кошумча маалымат болот", - деп билдирди Байден.

Учурда Түштүк Каролинанын жээгиндеги 11 чакырымдык аймакта учуучу шардын калдыктарын жыйноо боюнча операция жүрүп жатат. Бул ишке эки аскердик кеме тартылды.

Пентагон расмий билдирүүсүндө Кытайдын тыңчы шарынын АКШда купуя маалыматтарды топтошун алдын алуу үчүн тиешелүү чаралар көрүлгөнүн, шардын өзүн жана андагы жабдыктарды изилдөө Американын коопсуздук кызматтары үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Бээжиндин жообу

Кантсе да аба шарынын атып түшүрүлүшү Бээжиндин кескин билдирүүсүнө себеп болду. Кытайдын Коргоо министрлиги АКШны "жарандык максаттагы учкучсуз учуучу аппаратка каршы күч колдонду" деп айыптады.

"Биз АКШнын аракетине расмий түрдө нааразычылыгыбызды билдиребиз жана ушуга окшош учурларда бардык керектүү чараларды көрүүгө болгон укугубузду сактап калабыз", - деп билдирди министрликтин басма сөз өкүлү Тан Кефей.

Кытай бийлиги аба шаарынын өз багытын башкаруу мүмкүнчүлүгү чектелүү болгонун, бул окуя кокустук экенин кайталап жатат. Бирок АКШнын эксперттери соңку бир канча күн ичинде бул шар багытын өзгөртө аларын көрсөткөнүн айтышууда. Пентагон ушуга окшош дагы бир шар Латын Америкасында да учуп жүргөнү аныкталганын маалымдаган.

Кантсе да соңку окуя Вашингтон менен Бээжиндин ансыз да пикир келишпестиктер менен коштолгон мамилесинде жаңы кайым айтышууга жол ачып койду.

Кытайдын учуучу шары Американын аба мейкиндигин бузуп киргенине байланыштуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен дем алышка белгиленген Бээжин сапарын токтотуп койду.

Кытай менен тирешип келе жаткан Тайвандын бийлиги Бээжиндин башка өлкөлөрдүн аба мейкиндигин бузуу аракети эл аралык мыйзамдарга каршы келерин айтып, мындай окуяларга эл аралык коомчулук чыдап отурбашы керек экенин билдирди.

АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын лидери Си Цзинпиндин "Чоң жыйырманын" Индонезиядагы саммитинин алкагындагы кездешүүсү. 14-ноябрь, 2022-жыл.
АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын лидери Си Цзинпиндин "Чоң жыйырманын" Индонезиядагы саммитинин алкагындагы кездешүүсү. 14-ноябрь, 2022-жыл.

Тыңчы шарлардын таржымалы

“Ассошиейтед пресс” жаңылыктар агенттиги америкалык расмий өкүлдөргө шилтеме кылып жазгандай, Кытайдын буга окшош аба шарлары АКШнын аба мейкиндигинде мурдагы америкалык президент Дональд Трамптын тушунда кеминде үч жолу, Байдендин алгачкы президенттик жылдарында бир жолу байкалган. Бирок алардын бири да мынчалык узак убакыт Американын аба мейкиндигинде учуп жүргөн эмес.

Аба шаарларынын тыңчылык максатта колдонулушу жаңылык эмес. Мындай шарлар Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда өтө көп колдонулган. Согуш маалында Жапония бомба таштоочу, суутек толтурулган миңдеген шарларды учурган. Алардын жүздөгөнү АКШнын жана Канаданын аймагына жеткен. Көбү өз максатын ишке ашыра алган эмес. Бирок 1945-жылдын май айында АКШнын Орегон штатында мындай шарды таап алган алты киши кокустан жарылган бомбадан мерт болгон.

“Ассошиейтед пресстин” маалыматына ылайык, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин АКШ да Советтер Союзу учурган ракеталарды аныктоо үчүн аба шарларын колдонгон.

Кытайдын соңку аба шары эч кандай курал-жарак алып жүрбөгөнү белгилүү болду. Бирок АКШ армиясынын отставкадагы генералы Жон Ферраринин айтымында, бул шардын учурулушунун өзү эле Америка үчүн бир топ тобокелчиликтерди жаратат. Анын пикиринде, мындай шарлар АКШнын буга окшош коркунучтарды канчалык эрте же кеч аныктай аларын, өлкөнүн абадан коргонуу системасы канчалык тез эскертүү бере аларын текшерүү үчүн колдонулушу мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG