Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:46

Иранда Раисинин өлүмүнүн себеби боюнча акыркы тыянак жарыяланды


Кырсык болгон жер.
Кырсык болгон жер.

Иранда быйыл жазында өлкө башчысы жана бир нече киши каза тапкан учак кырсыгына "татаал климаттык жана атмосфералык шарт", анын ичинде коюу туман себеп болгон. Атайын комиссия кырсыктын себебин иликтегенден кийин ушундай «акыркы» тыянакка келгенин 1-сентябрда «Фарда» радиосу билдирди.

Тик учак тумандын айынан тоону сүзүп кыйраганын Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы түзгөн атайын комиссия да тастыктады. Май айында ирандык аскер кызматкерлеринин баштапкы иликтөөсүндө атайылап уюштуруу же кол салуу болбогону айтылган.

Президенттик кызматты 2021-жылдын август айынан бери аркалап келген Эбрахим Раиси 64 жаш курагында каза болгон. Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Абдоллахиан жана башка бир нече киши бараткан тик учак быйыл 19-майда Ирандын Азербайжан менен чек арасында кырсыкка учурап каза болгону расмий кабарланган.

Жаңы президентти шайлоо жараяны 5-июлда жыйынтыкталып, реформачыл көз карашты карманган 69 жаштагы Масуд Пезешкиан 30-июлда ант берип, расмий түрдө президенттик кызматка киришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG