Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:39

Орусия Украина менен чек арасында дагы бир район элин эвакуациялоодо


Орусиянын эвакуация болуп жаткан тургундары.
Орусиянын эвакуация болуп жаткан тургундары.

Орусия Украина менен чектеш тилкесиндеги Курск облусунун Глушково районундагы жайкын тургундарды милдеттүү түрдө эвакуация кыла баштады. Облустун губернатору Алексей Смирнов 15-августка караган түнү Telegram каналы аркылуу элге кайрылып, «учурдагы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга жана тартип коргоо кызматкерлеринин, жергиликтүү бийлик органдарынын бардык талаптарын аткарууга» чакырды.

14-августта Украина бийлиги Орусиянын Курск облусундагы гуманитардык абал боюнча тынчсыздануусун билдирип, башка аймактарга чыгып кетүүгө мажбур болуп жаткандарга, Украинага эвакуация болууну каалагандарга жардам берилип жатканын билдирген.

Украинанын реинтеграция министрлиги "Украина эл аралык гуманитардык укуктун бардык нормаларын сактайт. Биз Курск облусунун тургундарына зарыл болгон жардамыбызды берип, гуманитардык колдообузду көрсөтөбүз ", - деп Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Глушково району Курск облусунун украин аскерлери 6-августтан бери ээлеп турган жана кармаш уланып жаткан Суджа районуна коңшу аймак. Согушка чейинки калкынын саны 20 миңдей адам болчу.

Украина Орусиянын 74 калктуу пунктун, жалпысынан 1000 чарчы чакырым жерин көзөмөлдөп турганын 13-августтун кечинде жарыялаган.

Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн өз алдынча тактоо мүмкүн эмес.

Курск облусунда 9-августта федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыяланган. 14-августта өзгөчө кырдаал коңшу Белгород облусунда да жарыяланды. Орусия Курск, Белгород жана Брянск облустарында «антитеррордук» операция жүргүзүп жатканын айтууда.

Ал эми Украина Курск облусунан жана ага коңшу аймактардан Орусия украин шаар-кыштактарын тынымсыз аткылап келатканын, ошону токтотуу үчүн гана кирип барганын, жерин ээлеп алуу ниети жоктугун, бул операциясын өз элин коргоо максатында гана жүргүзүп жатканын билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG