Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:59

Олимпиадалык кураманын сый акысына киреше салыгы салынбайт


Париждеги олимпиадага аттанган кыргызстандык спортчулар.
Париждеги олимпиадага аттанган кыргызстандык спортчулар.

Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, 24-июлда президент Садыр Жапаров кол койду. Аны бир ай мурун Жогорку Кеңеш кабыл алган.

Президенттин сайтындагы түшүндүрмөгө ылайык, мыйзамдын максаты - ири чет элдик капиталды жана эл аралык финансылык институттарды тартууга, жергиликтүү ишкерлердин тышкы рынокко чыгуусуна шарт түзүү.

Ошондой эле Салык кодексинде спорттун олимпиада түрлөрүнөн улуттук кураманын мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акыларга киреше салыгы салынбай турганы жөнүндө ченем бар.

Салык кодексинин 197-беренеси угуу боюнча III топтогу майыптыгы бар кызматкерлерден киреше салыгы 5 пайыз өлчөмүндө алынары тууралуу ченем менен толукталат.

Салык кодексинин 240-беренесинде Кыргызстандын аймагынан тышкары иш жүргүзүүдөн түшкөн пайдага, кирешелерге 3 пайыз салык салуу каралган.

Мыйзамда камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкаларын 27,25 пайыздан 12,25 пайызга чейин төмөндөтүлөт:

– 2,25 % – иш берүүчү төлөйт;
– 10 % – кызматкер төлөйт.

Мыйзамга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чендерин төмөндөтүү төмөнкү ишканалар үчүн колдонбайт:

Бюджеттен каржыланган уюмдар, мамлекеттик маанидеги жер казынасын пайдаланууга лицензиясы бар тоо-кен ишканалар, электр, жылуулук, газ менен камсыздоочу уюмдар, алкоголдук, тамеки жана күйүүчү-майлоочу материал өндүргөндөр, уюлдук байланыш менен менен камсыздагандар, интернет-провайдерлер, коммерциялык банктар, насыя берүү менен алектенген мекемелер. (SE)

XS
SM
MD
LG