Кудук оргуган булактын үстүнө курулуп, күндөн жана чаңдан сактоо максатында күмбөз сыяктуу жабылган. Соода кербендери, жолоочулар өргүп, чаначтарына суу толтуруп алып сапарын улашчу.
Кайнар кудугу - биздин күндөргө чейин сакталып калган мындай сейрек жайлардын бири. Ал Өзбекстандагы Сырдарыядан агып чыккан Ахангаран дарыясынан алыс эмес жерде жайгашкан.
Сырдарыя – Борбор Азиядагы эң узун дарыя. Төрт өлкөнүн аймагын – Кыргызстанды, Тажикстанды, Өзбекстанды, Казакстанды аралай агып, Арал деңизине куят. “Азаттыктын” журналисти жана сүрөт баяндамачы Пётр Троценко Сырдарыяны бойлой жайгашкан айылдарга барып, элдин жашоо-турмушу аркылуу дарыянын азыркы абалын айтып берүүгө аракет кылды.
Кайнар кудугу популярдуу туристтик аймактардан алыс жана бул жай тууралуу Өзбекстандын өзүндө деле көптөр биле бербейт. Албетте, аймакка жетүү деле оңой эмес. Кайнар айлына тамтыгы чыккан эски асфальт менен барып, таштак жолго түшөсүң. Убагында бул жерде ири совхоз болгон, азыр бирин-серин гана үйлөр калыптыр.
Тарыхчы окумуштуулар Кайнардагы бул жайга XIX кылымдын соңунда гана көңүл бурду. СССР маалында, XX кылымдын 20-жылдарында бул жай архитектуралык эстелик катары изилдене баштады. Советтик тарыхчылар аталган жайды "Ахангаран дарыясынын оң жээгиндеги булактын үстүнө курулган күмбөз" деп сүрөттөшкөн.
Жергиликтүүлөр Кайнар күмбөзү деп аташканы жөн жерден эмес. Күмбөз - архитектуралык формасы боюнча орто кылымдагы мусулман диний курулуштары болгон мечит, медресени элестетип, маркумга тургузулган эстелик. (Кийин соңу Борбор Азиядагы мусулман калктарынын улуттук архитектурасынын бир тармагына айланган. Кыргыз, казак, өзбек, түркмөн, тажик күмбөзүнүн порталдары, куполдору, мунаралары көп жагынан окшош жана жергиликтүү өзгөчөлүктөргө да ээ).
“Кайнар” деп жер астынан оргуп чыккан булакты аташат.
Кайнардагы кудуктун качан курулганы белгисиз. Окумуштуулар суу кудугу XVII-XVIII кылымдарга таандык деп эсептейт. Бирок ага чейин бул жайда ушундай эле байыркы кудук болушу толук мүмкүн.
Байыркы курулуштар инженердик жана архитектуралык чеберчиликтин жогорку деңгээлин күбөлөп турат. Узак жылдарга сакталган сапаттуу курулуш өткөн доорлордогу суу ресурсун сарамжал пайдалануунун анык мисалын көрсөтөт.
Өткөн кылымдын башында кудуктун үстүндөгү куполду көрүүгө мүмкүн эле. Бирок биздин күндөргө чейин сакталып калган эмес. Соңку жүз жылдыкта курулуштун өзү табигый факторлордон улам кыйла бузулуп, талкаланган. Ошентсе да, мезгилдин агымына карабастан булактын көзү соолубай, Кайнардын чакан эли ушул жерден суу ичет.
Кыйла жыл мурун суу кампасы реставрацияланганда, өзбек тарыхын жана маданиятын мыкты билген окумушуулардын айрымдары муну вандализм деп аташкан. Анткени бузулган бөлүгүн жаңылайбыз деп уникалдуу тарыхый курулушту бүлдүрүп салышты деген сындар айтылган.
Кайнар айылы кудукка жакын жерде жайгашкан. Бул айылда мурдагыдай эл жок. Азыр жашап жаткандары буга чейинкидей эле сууну ушул жерден алышат. Бирок соңку мезгилде суунун сапаты начарлап кеткенин айтышууда.
50 жаштагы жапалдаш бойлуу Алимардон өмүрүн Кайнарда өткөрдү. Келинчеги экөө мал кармап тиричилик кылат. Балдары эбак эр жетип, шаарлашып кеткен. Илгери булактын суусу дагы мол эле, айылда эл да көп эле деп эскерди. Азыр Кайнарда чарбасы бар үч эле бүлө калды. Айылда башка эч ким деле жок.
Алимардондун чакан чарбасында көгүчкөндөр үчүн курулган кептерканасы, үй алдында жыгач сөрүсү бар. Жубайы Нилуфар түшкү тамактын камын көрүүдө.
"Эл бар кезде жашоо жеңил эле. Электр маселеси болчу эмес, – дейт фермер. – Азыр жарык бар, бирок кубаты жок. Тамак жасаш, суу кайнатыш мүмкүн болбой калды. Газ же отун колдонууга аргасызбыз".
Ал үйүнөн эски сүрөттү алып чыгып, Кайнардын бир канча жыл мурдагы турпатын көрсөттү.
"Реконструкцияга чейин бул жерде суу мол болчу. Ал түтүк аркылуу кетип, жакынкы тилкелердеги жерлердин сугарууга жетчү. Түшүм да жакшы эле. Бирок оңдоп-түзөй коёбуз дешти да, булакка кум шыкап салышты. Анан эле суу азайып, булганып да калды", – дейт Алимардон.
Ал өзү азыр деле сугат үчүн, мал-жайына бериш үчүн кудуктун суусун колдонот. Бирок булганып калгандыктан, адамдар ичпей эле койгону оң дейт. Бир сааттан кийин суу кампага унаа келип, андан чыккан эки бала булактан суу ичмекчи болду.
- Бул жерден суу ичкенден коркпойсуңарбы? Сууну кир деп жатышат го.
- Жакшынакай эле суу. Дайым эле ичип жүрөбүз. Ууланып калган деле эч ким жок.
Мен болсо суунун күңүрт түсүнө үңүлдүм. Суу кампадагы суу чындап эле киргилт. Жакшылап карасаң, түбүндө майда балык, курт-кумурсканын жумурткаларына окшош бирдемелер калкып жүргөнүн да көрөсүң.
Күмбөздөгү эски кыштын калдыгы да көзгө урунат. Ал мезгилдин мизине, аптап ысык менен талаанын шамалына жешилип бүткөндөй. Анда-санда эски кыштын арасынан отоо чөптөр кылтыят. Мындай жерге кандайча тамырлап өсүп калганына таң каласың.
Коштошуп жатканыбызда фермер Алимардондун келинчеги Нилуфар бизге эски тордолгон тосмодон бир канча курут сунду. Мен ушул туздуу, катуу курут мындагы жашоонун керемет бир метафорасы болот деп ойлоп калдым.
Мындагы каралбай калган айыл, эптеп-септеп оңдолгон суу кампа, анан элдир-селдир аккан булак күн сайын тагдырдын жаңы сыноолоруна туш болгонуна, ар кандай тоскоолдуктарга карабай, жашоо үчүн күрөшүн улантууда.