Сырдарыя – Борбор Азиядагы эң узун дарыя. Төрт өлкөнүн аймагын – Кыргызстанды, Тажикстанды, Өзбекстанды, Казакстанды аралай агып, Арал деңизине куят. “Азаттыктын” журналисти жана сүрөт баяндамачы Пётр Троценко Сырдарыяны бойлой жайгашкан айылдарга барып, элдин жашоо-турмушу аркылуу дарыянын азыркы абалын айтып берүүгө аракет кылды.
Панжшанбе базары - Коженттин визиттик картасы, көөнөргүс бермети. Бир учурда шаардын бүтүндөй турмушу эл быкпырдай кайнаган базар аркылуу өтчү.
Илгери Сырдарыя базарга жакын акчу экен. Азыр эми анын нугу базардан кыйла алыстап кеткен.
Кожент – эки жарым миң жылдан ашык тарыхы бар, Борбор Азиядагы байыркы шаар. Сырдарыянын жээгинде жайгашып, Кокон менен Бухаранын ортосундагы кербен жолу өткөндүктөн, соода-сатыктын гүлдөп өсүшүнө себеп болгон. Коженттин тегереги бийик дубал менен курчалып, анын негизги дарбазасына алып барган жолдон элдин аягы үзүлчү эмес. Ошол кан жолдор кесилишкен жерде базарлар пайда болду. Базар болгон күндөрү чөлкөмдөгү шаар-кыштактардан соодагерлер агылып келген.
Фарс тилинен которгондо “панжшанбе” жуманын төртүнчү күнүн - бейшембини билдирет. Анткени аптанын ушул күнү гана базар болчу. Тажикстандын баш калаасы дагы жөн жерден Дүйшөмбү аталган эмес. Илгери бул жерде дагы биринчи күндөрү базар иштеген. Кожентте аптанын күндөрү менен аталган дагы бир нече базар бар: Шаршемби (Чоршанбе), Ишемби (Шанбе), Жекшемби (Якшанбе).
Соода күркөлөрү 1964-жылдан кийин эле пайда болгон. Совет мезгилине чейинки көрүнүшүнөн из да калбай, үстү жабык, Борбор Азиядагы чоң базар курулган.
Жергиликтүүлөр соодада атаандаштык күч болгондуктан, азык-түлүктү арзан баада ушул гана жерден сатып алууга мүмкүн дешет. Бирок туристтерге мындай эреже иштебейт.
Базарда соода кылгандар арасында Өзбекстандын жарандары да бар. Мурда кыргызстандык фермерлер дагы товарын алып келип сатчу экен. Бирок чек арадагы жаңжалдан кийин кыргыз-тажик чек арасы жабылып, соода токтогон.
Панжшанбе базарында "Ооган базар" аталган дагы бир соода жайы бар эле. Мурда бул жерде Ооганстандан келген көп сандагы этностук тажиктер соода кылышчу. Талибдер бийликке келгенден кийин ооган тажиктери Тажикстанга товар алып өтпөй калды.
Базардын дүркүрөп өсүшүнө себепчи болгон дагы бир жай – XII кылымда Кожентте жашап өткөн акын жана башкаруучу Шейх Муслихиддиндин күмбөзү. Мавзолейдин алдындагы аянтта мечит жайгашкан, андан чыгып эле базарга келесиң. Аралыгы бири-бирине жакын.
Шейх Муслихиддин Коженттен алыс эмес жердеги Унжи кыштагында жерге берилип, кийин анын сөөгүн азыркы мавзолей турган жерге жашырышкан. Мавзолей бир нече жолу бузулуп, азыркы абалында XVI кылымда салынган.
Мавзолей бир нече тарыхый архитектуралык курулуштан турат. Анда мунарасы 20 метр болгон мечит бар. Аянттан топ-топ болгон туристтер менен фотографтардын аягы үзүлбөйт. Аянтта учуп-конгон көгүчкөндөр да көп экен. Жергиликтүүлөр шаардын башка аянттарында мынчалык көгүчкөн жок, ушул эле жерде көп деп айтышты.
Жайында Панжшанбе базары күнү-түнү иштейт. Кечинде базардын маңдайындагы аянтта ар кайсыл аймактан келген фермерлер товарын дүң баада сатышат. Жашылча, мөмө-жемиш, сүт, эт азыктары сатылып, таңга чейин соода болот. Ушул эле жерде 100 килограммга чейин күрүч сыйган эки чоң казанга аш басылат.
“Адатта кечинде палоо деле баспайбыз. Бирок фермелер керелден кечке талаада түшүмүн жыйнап, анан бул жакка келишет эмеспи. Ошондуктан алар түнкү сооданын алдында кубаттанып алышы зарыл, - дейт ашпоз Самад. – Палоого керектелген азыктын баары өзүбүздө өндүрүлөт. Эти, күрүчү, сабизи да. Эң мыкты күрүч - "Тажик деңизине" жакын жердеги Сырдарыя боюнда эгилген күрүч”.
Саматтын үй-бүлөсү Панжшанбе базарында 30 жылдан бери палоо жана самса жасап сатышат.
Дыйкандардын товарын дүң баада алып, эртеси күндүзгү базарга алып чыгып саткандар да бар.
Гүлбахор ошондой соодагерлердин бири. Ал маек берүүгө макул болуп, бирок сүрөткө тартпоону өтүндү:
"Базарда соода кылганыма 15 жылдай болду. Кесибим мугалим, бирок базардан көбүрөөк акча тапса болот. Күндө кечке маал дыйкандардын колунан кап-кап картөшкө, сабиз алып, эртеси базарга алып чыгып сатам. Орто эсепте 30% пайда табам".
Күндүзү соода базардын ичинде болуп, аянтта бала-чакасы менен сейилдеп жүргөндөрдү көрөсүң. Көбүнчө жаштар келет.
Курман айт, Орозо айтта аянтта намаз окулат. Мусулмандардын ыйык майрамы саналган Курман айтта аянтта миңдеген кишилер намазга жыгылды.
Аянт канчалык кең болбосун, киши батпай, тротуарларга чейин чыгып кеткен. Ал тургай базардын кире беришиндеги тепкичтерге чейин отургандар болду.
Намаздан кийин аянтта шишкебек, ысык нан менен самсанын жыты абада аңкып, ичтейиң ачылат. Ошого жараша соода да кызып, мөмө-жемиш, таттуулар сатылат.
Коженттик кесиптешим Фарзон базарды ийне-жибине чейин билген киши катары мени ээрчитип жүрүп самсаканага алып келди. Мындай чоң самсаны башка жерде сатпасын, базарга келген киши сөзсүз ооз тийе турган сыйлуу тамак экенин айтты.
Тандырдын жанында эки киши самса жаап жаткан экен. Кыпкызыл чокко күйүп калбаш үчүн бирөө жүзүн жоолук менен жаап алыптыр. Биз кезегибизди күткөнчө, аны менен сүйлөшө кеттик.
Ал Советтер Союзунун акыркы жылдарында Орусияда (Екатеринбург) аскер кызматын өтөгөнүн эскерди. Жакында эле Орусияга иштегени барып, ал жакта эмгек мигранттары үчүн жашоо кыйындап кеткенин кеп салды. Жергиликтүү элдин арасында ксенофобия күчөп, полициянын тынымсыз текшерүүлөрү кишини жүдөтөрүн айтты.
Азыр эми Кожентте самса жаап иштеп жатыптыр. Үй-бүлөсүн багуу үчүн көп иштөөгө туура келет. Самсанын эти жакшы бышып, даамы чыгыш үчүн тандырда узак кармаш керек дейт билгендер. Биздин алдыбызга самса келди. Анын үстүн тегерете жакшылап кесип, кеседей кылып алып жейбиз. Чын эле абдан даамдуу болуптур.
Ызы-чууну, соода жайларын, абада аңкыган тамак-аштын жытын калтырып, базардан чыгып баратабыз. Аянтта кечки соодага келгендер чогулуп калыптыр. Панжшанбенин жашоосу ушунтип өз нугу менен өтүүдө. Мындан алыс эмес жерде элди, аймактарды, мезгилди бириктирген Сырдарыя агып жатат…