Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:03

Грузиялыктардын дээрлик 70% Орусияны душман өлкө деп санайт


Грузияны Европага ыктаган жаштары.
Грузияны Европага ыктаган жаштары.

Грузияда жарандардын 69% Орусияны өз өлкөсүнүн душманы деп эсептейт. “Кавказ барометри – 2024” изилдөөсүнүн алкагында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы ушундай экенин жергиликтүү басылмалар жазды.

Мындай көрсөткүч жылдан жылга өсүүдө: 2021-жылдагы изилдөөдө 66%, 2019-жылы 49%, 2017-жылы 40%, 2012-жылы 35% түзгөн.

Сурамжылоого катышкандардын төрт пайызы АКШны Грузиянын башкы душманы деп эсептешет. Түркияны душман санагандардын саны эки пайыз.

Респонденттердин 24% АКШны Грузиянын эң жакын досу деп эсептейт. Дос мамлекеттердин ичинен экинчи орунду Азербайжан (8%), үчүнчү орунду Украина (7%) ээлеген. Алардан кийин Түркия, Германия жана Армения турат. Орусияны Грузиянын досу деп эсептегендер эки пайызды түзөт.

Сурамжылоого катышкандардын 26% Грузиянын достору таптакыр жок деп билишет.

Сурамжылоо бетме-бет маек түрүндө быйыл 16-апрелден 13-майына чейин өзүн Грузиядан көз карандысыз деп жарыялаган Абхазия менен Түштүк Осетиядан башка бардык аймактарда жүргүзүлгөн.

Сурамжылоого жалпысынан 1509 адам катышкан, алардын арасында армяндар жыш жашаган Самцхе-Жавахети жана азербайжандар жыш жашаган Квемо-Картли да бар. Суроолор грузин, армян жана азербайжан тилдеринде берилген. (SE)

XS
SM
MD
LG