Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:48

ӨКМ: Адыгене көлүнүн ташып кетүү коркунучу жок


Мэриянын жыйыны. 17-июль, 2024-жыл.
Мэриянын жыйыны. 17-июль, 2024-жыл.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев өзгөчө кырдаалдар учурундагы жарандык коргоонуу штабынын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга бардык тиешелүү органдар катышып, өзгөчө учурларга даярдык, алдын алуу иштери талкууланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысынын орун басары Алтынбек Тухтаров Ала-Арча капчыгайы, Адыгене көлү тууралуу маалымат берди. Тухтаровдун айтымында, учурда шаарга Адыгене көлү коркунуч жаратпайт.

Бишкек мэри көлдү жеринде текшерип, тобокелчиликтерди жоюу тапшырмасын берди. Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун директору Догдурбек Чонтоев дагы Адыгене көлүнүн коркунучу жок экенин, бирок тобокелчилик жараткан тайыз көлдөр бар экенин билдирди.

Шаар мэри Жунушалиев тиешелүү бардык кызматтарга алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Буга чейин Бишкектеги Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунун Кооптуу экзогендик гидрогеологиялык процесстер лабораториясынын башчысы Сергей Ерохин “Азаттыктагы” маегинде Ала-Арча капчыгайындагы коркунучтар жөнүндө эскерткен.

14-июлда катуу жаандан кийинки селден Ак-Буура дарыясы ташкындап, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды сел каптаган.

Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учураган. Ошто жана Кара-Суу районунда жүздөгөн турак жайлар зыян тарткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG