Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:49

Быйыл окуу китептери үчүн бюджеттен 152 млн сом бөлүнөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2024-жылы окуу китептери менен камсыз кылууга республикалык бюджеттен 152 млн 600 сом бөлүү каралган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги 15-июлда кабарлады. Маалыматка караганда, бул каражаттын 44 млн 366 миң 929 сому мурда түзүлгөн келишимдерде көрсөтүлгөн сумманын калганын төлөөгө сарпталган.

Андан тышкары “Учкун” басмаканасында беш окуу китеби, төрт методикалык колдонмо 53 120 нускада кошумча басылып чыкты. Аларга республикалык бюджеттен 12 млн 102 миң 906 сом жумшалган.

"Ушул тапта “Учкун” басмаканасында жалпы билим берүү уюмдарынын 1-классы үчүн “Азбука”, “Русский язык” окуу-методикалык комплекстери 375 миң 840 нускада басылып жатат. Аларга республикалык бюджеттин эсебинен 87 млн. 878 миң сом жумшалат", - деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.

Калган каражат 10-11-класстар үчүн "Аскерге чейинки даярдык" окуу-методикалык комплексин басып чыгарууга сарпталары, 2024-2025-окуу жылына чейин бюджеттик каражаттар 100% өздөштүрүлө турганы белгиленген.


2023-жылы жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыз кылууга каралган каражаттын 89,3% (жалпы 135 млн 728 миң 837 сом) өздөштүрүлгөн. Калган каражат Финансы министрлигинин Борбордук казынасына кайтарылган.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда бардык мектеп окуучуларын китеп менен толук камсыздоо үчүн 5 млрд сомдон ашык каражат талап кылынарын билдирген. Мекеме орто эсеп менен бир окуучуга 10 китеп керек жана бир китептин баасы 300-350 сомду түзөрүн белгилеген.

Былтыр социалдык тармактарда Кыргызстанда мектеп окуучуларына китептер жетишпей, ата-энелер билим берүү мекемелеринде жок китептерди базарлардан сатып алып жатканы тууралуу билдирүүлөр чыгып жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG