Анда дал ошол Курманбек Бакиев күнөөкөр аталган 7-апрель окуясында жабыркагандар, каза болгондордун жакындары иштеши мүмкүн.
Бирок мекенинде 30 жылга соттолгон качкын президенттин мындай планын Апрель окуясында жакынын жоготкон жана жабыркагандардын бир даары сындап, “өтө шектүү иш” катары баалашууда.
Бишкектин четиндеги Бакиевдердин фабрикасы
Бакиевдер каржылайт деген тигүү фабрикасы Бишкектин төмөн жагында, аэропортко кетип бараткан жолдун жээгинде курулуп жатат. Биз барган учурда курулуш кызуу жүрүп, үч котлован казылып бүткөн экен. Куруучулардын айтымында, фабрика 2025-жылга чейин курулуп бүтөт.
Өзүн курулуш башчысы деп тааныштырган Жеңиш Нусубалиев бизге буларды айтып берди:
"Долбоор боюнча, бул жерге үч имарат курулат. Тигүү цехи, бала бакча, ары жагына кампа курулат. Ишти 15 күн мурун баштаганбыз. Бул жерди Бакиевдер каржылап жатканын биз деле интернеттен окудук. Ал боюнча эч кабарыбыз жок. Биз курулушка эле жооп беребиз".
Коомдо талаш талкуу жараткан фабриканы "Алтын хаус" деп аталган жеке менчик компания куруп жатат. Ага Марс Нарынбаев деген жаран ээлик кылат. Аны менен байланышканыбызда, каржы маселеси толук чечиле электигин билдирди:
"Азырынча эч ким каржылай элек. "7-апрель ынтымагы" коому менен келишим түзгөнбүз. Азыр өз акчамды иштетип жатам. Курулуштун жалпы наркы дагы белгисиз. Азырынча оозеки эле сүйлөшүп алганбыз. Калганын кийин сүйлөшөбүз".
Өкмөт жер берсе, Бакиевдер каражат бөлөт
Көпчүлүк үчүн кыргыз өкмөтүнүн жер бөлүп бериши кызык болуп турат. Анткени Курманбек Бакиев жана анын жакындары 2010-жылдагы кандуу окуяга күнөөлүү деп табылып, алды өмүр бою соттолсо, качкын президент 30 жылга сыртынан кесилген. Алар учурда Беларуста баш калкалап жүрөт.
Дал ушундай оор кылмышка айыпталган адамдан кун төлөтүү сунушу мамлекеттик деңгээлде эки жылдан бери көтөрүлүп, президент менен апрелчилердин жолугушуусунда да айтылган. Бирок 2024-жылы январь айындагы жыйында маселеге чекит коюлгандай болгон.
Аталган жолугушууга катышкан “Апрель байрагы” коомунун төрагасы Конушбек Дөлөталиев мындай деди:
“2024-жылы январь айында президент менен жолугушууга чакырып калышты. 200гө жакын киши болгонбуз. Президент кун өндүрүп берүү талабы менен кайрылып жатышканын айтып, аны колдоп бересиңерби деди. Ошондо залда отургандардын көбү каршы чыкты. Анан өзү добушка койгондо 40ка жетпеген киши колдоду. Ошондо Садыр Жапаров "бул ишти жаптым" деди. Ошол демилге кайра көтөрүлүп жатпайбы. Биз Бакиевди кечирген жокпуз".
Президент Садыр Жапаров 22-июнда “Кабар” агенттигине курган маегинде кун төлөтүү сунушуна алгач каршы болгонун, кийин жер бөлүп берүүгө эмне себептен макулдугун бергенин түшүндүргөн.
“Арадан бир топ убакыт өтүп, былтыр күз айларында дагы келишти. “Биз Бакиев менен сүйлөштүк, ал бизге 200 кишилик тигүү фабрикасын куруп берүүгө убада кылды. Бизге жер бөлүп бериңиз, биз абдан кыйналдык, алды чет өлкөгө тентип кетишти, артыбыз жумушсуз кыйналып жүрөбүз” деп суранышты. Акыбалдарын байкасам, чынында эле кыйын экен. Ортодо убактылуу өкмөт тарапка бир топ нааразычылык сөздөрдү айтышты. Кыскасы, эски жараны козгобой эле койгула, өткөн өттү, кеткен кетти, унуталы дедим. Баарынын акыбалын карап туруп бир чети боорум ооруса, экинчи чети 200 үй-бүлөгө шарт түзүп берем деп атса жакшы экен деген ойго келип, 1 гектардан ашыгыраак жер бөлдүрүп бердим”, - деген Садыр Жапаров.
Кун төлөтүү демилгесинин башында “7-апрель ынтымагы” ачык акционердик коому турат. Аны Усупбий Шеримбаев эки бир тууганы менен чогуу 2024-жылы 8-апрелде түптөгөн. Шеримбаев өзү Курманбек Бакиевге жолугуп келгени да айтылып жатат. Муну өзү да социалдык тармактардагы кайрылууларында тастыктаган.
Ал 2022-жылы жашы жете элек балага сексуалдык аракет кылган деген негизде соттолгон, кийин пробация жазасы менен эркиндикке чыккан. Ушундан улам пробациядагы адамдын четке чыгып келиши суроо жараткан эле.
"Мен Минскиге барып келдим деп жаңылыш айтып алыптырмын. Анткени мага карата сот чечими болгондуктан Кыргызстандан чыга албайм да. Ошондо Бакиевдин туугандары байланышка чыгып, ошолор менен сүйлөшкөнбүз. Инисинин баласы болуп калат. Кимисинин баласы экенин так билбейм. Фабриканын курулушуна канча каражат бөлө турганы белгисиз. Курулуштун жүрүшүндө белгилүү болот", - деген Шеримбаев.
Бирок “7-апрель ынтымагынын” айрым мүчөлөрү Усупбий Шеримбаевдердин Бакиевге жолугуп келгенин жокко чыгарбайт. Алар Беларустагы жолугушууда кундун наркы 1 млрд сом деп бычылганын, каражат которулганын айтып жатышат. Коомдун мүчөсү Жылдыз Эмилбекова алгач Шеримбаев Бакиевге барганын, андан соң барбаганын айтып, акыры мындай деди:
"Алгач Бакиевге жакын кишилер менен сүйлөшүүлөр болду. Анткени Бакиев бизди дароо эле кабыл албайт да. Ким экенибизди тааныбайт, билбейт. Андан кийин эки-үч айдай ойлонду. Анан кабыл алып, сүйлөшүү болду. Шейит болуп кеткен балдарга жардам кылайын дептир. Бирок жерди өзүңөр чечкиле деген экен".
"7-апрель ынтымагы" коомунун мүчөлөрү Бакиев бере турган каражат боюнча да бири-бирине каршы келген сөздөрдү айтууда. Мисалы, башында 1 млрд сом өкмөттүн эсебине түшө турганын айтышкан эле. Андан соң каражат коомдун эсебине которулат дешти.
"Каражат "7-апрель ынтымагынын" эсебине түшөт. Аны өкмөт башкарып, акчаны бөлүштүрөт", - деди коомдун мүчөсү Төрөбек Нурумбетов.
Жыйынтыктап айтканда, Бакиевдер курат делген фабрика, анын курулушу, каржы маселелери боюнча ар кандай маалыматтар айтылып, бири-бирине каршы келип жатат. Андыктан бир нече суроого жооп табыла элек. Кун төлөткүсү келгендер бул жерде Бакиевди актоо маселеси жок экенин айтышат.
Кун төлөтүүнүн артында эмне турат?
Ошол эле маалда кун маселеси “апрелчилердин” жоон тобунун нааразылыгын жаратып, Бакиевдердин өлкөгө кайтуу айла-амалы катары сыпаттап жатышат. 10 чакты уюмдун башын бириктирген “Апрель элдик революциясынын уюмдарынын ассоциациясы” бул демилгеге башынан эле каршы чыгып, бир-эки курдай митинг да өткөрүшкөн.
Мындан 14 жыл мурдагы окуяда уулун жоготкон Нурия Айдабосунова соңку окуяларды Бакиевди актоо аракети катары сыпаттап, анын Кыргызстанга келишине каршы экенин айтууда:
“Адамдын өмүрү эң ыйык. 7-апрелде табияттын кырсыгынан эмес, өзүбүз шайлаган президенттин колунан өлүп атат. Анан каяктагы кун боюнча сөз болушу мүмкүн? Анан эле "жер берилет, фабрика курулат" деген сөз чыгып атат. Тигүү фабрикасынын эмне кереги бар? Азыр андай жерлерде жумушчулар жетишпей атат. Ошону иштетип алгыла, айланайындар".
Нурия Айдабосунова жана башкалар кун төлөтүү демилгесинин артында Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү, анын режимин актоо максаты турганын айтып келишет. Алар 2023-жылдагы президенттердин Дубайдагы жолугушуусу, ошол эле жылдагы Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин Бакиев менен болгон маеги мындай божомолдорго себеп болуп жатканын айтышат. Социал-демократтар партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков буларды айтты:
“Азыркы бийликтин тушунда алып келинсе, эл ишенбейт. Бакиевди жазалаш үчүн, аны камаш үчүн алып келингенине ишенич болбойт. Мындай деп ойлошко себеп бар. УТРК барып Беларустан маек алып атса, аны курултайдын төрагасы алып атса, өкмөт жер берип атса, ушунун баары себеп эмеспи? Кун - бул компенсация. Биринчиден, Бакиев кишилерге ок атканын мойнуна алып жатат. Ал кура турган фабриканы үч киши башкарат экен. Ал эми калганы иштейт. Балдарын өлтүргөнү аз келгенсип, эми ата-энелерин эртели кеч иштеткиси барбы?".
Азыркы учурда Темирлан Султанбеков башында турган “апрелчилердин” он чакты уюму кун төлөтүү демилгесине каршы туруп жатышат. Алар соңку 3-4 жылдан бери Бакиевди актоо аракети күч алды деп эсептешет.
Мурдагы президенттердин ичинен Курманбек Бакиевде гана Кыргызстанга келе албай турат - ал сыртынан 30 жылга соттолгон. Мамлекетти ага чейин башкарган Аскар Акаевге козголгон кылмыш иштери 2020-жылдан кийин кыскарган. Ал эми бир нече жыл абакта отурган Алмазбек Атамбаев дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткен. 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Исмаил Исаков Бакиевге кун төлөтүү аракети боюнча мындай деди:
“Ал мекеме кимге таандык болот, пайдасы кимге чечилет? Ушунун баары будөмүк да. Ошон үчүн биздин өкмөт мындай нерселерден алыс болгону жакшы. Кылмышкер, криминал өз жазасын алышы керек да. Анын үстүнө Жапаров менен Камчы мырзанын кылган иши буга карама-каршы келип калат. Алардын кийинки кадамдарына элдин баасы өзүнчө маселе болуп калат. Ошон үчүн мен муну терс кабыл алам жана туура эмес деп ойлойм”.
Бакиевге чыккан сот чечими боюнча президент Садыр Жапаров маек берип, ал Кыргызстанга келсе, камала турганын билдирген. Ушундай эле маалыматты Башкы прокуратура да тараткан болчу.
“Мен бир эле Медет Садыркуловдун өрттөлүшүн эске салып коёюн көпчүлүккө. Анан ошондой адамдарды актап, алып келебиз деген аракеттер кудайга дагы жакпайт. Моралдык жактан да эч кимге жакшылык алып келбейт. Аны кылмышкер катары алып келсе, башка сөз. Азыркы аракеттери, кун төлөйм дегени - күнөөсүн моюндап атканынын далили да. Мындай аракеттер кыргыз элин бириктирбейт. Стабилдүүлүктү орнотпойт. Элди бөлгөнгө гана негиз болот. Эми биригип аткан аракетибизге карама каршы келет деп ойлоймун”, - деди Исмаил Исаков.
Быйыл 75 жашка чыккан Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. Ал Март ыңкылабынын шары менен бийликке келген. Бийликте турган маалында бир катар адамдардын өлтүрүлгөнү, үй-бүлө мүчөлөрү бийликке аралашканы коомчулукта нааразылыкты жаратып, 7-апрелдеги элдик толкундоонун аркасында бийликтен кулатылган. Ал күнү Ала-Тоо аятынына чыккан тынч жарандарга каршы ок атылып, 87 адам каза болгон, 1000 ден ашууну жараат алган. Ошол күнү ок жаңылгандын бир тобу кийинки жылдары каза болду.
Бийликтен кулатылган соң Курманбек Бакиев жана анын бир нече жакын тууганы Беларустан баш калка тапкан. Анын уулу Максим Бакиев болсо Британияда жашап келет. Беларустун журналисттери Курманбек Бакиев аты-жөнүн өзгөртүп Закир Салиев болуп алганын иликтеп чыгышкан.
Бакиевдин байлыгы каяктан алынды?
Кезинде Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болгон, Кыргызстанда бир нече кылмыштар боюнча сыртынан соттолгон Евгений Гуревич мурдагы президенттин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткенин “Азаттыкка” айткан. Бирок Бакиевдин үй-бүлөсү ырастаган же четке каккан эмес. Фабрикага бере турган 1 млрд сом 11 млн 600 миң доллардай болот.
Бакиевдердин Беларустагы бизнесин жана байлыгын иликтеп жүргөн журналисттер мурдагы кыргыз президентинин үй-бүлөсү акчалуу экенин айтты.
Беларус журналисти, “Бюро Медиа” иликтөөчүлөр тобунун түптөөчүлөрүнүн бири Александр Ярошевич мындай дейт:
“Бакиевдер Беларуста ийгиликтүү бизнес жүргүзүп жатат деп айтууга болбойт. Бирок алардын акчасы бар. Алар ар кандай долбоорлорго ондогон миллион долларды салышкан. Ошондуктан Кыргызстандагы тигүү фабрикасына 10-12 млн доллар бөлөт деген маалыматка таң калган жокмун. Анын үстүнө булардын баары эле Беларуста жашабайт. Мисалы, Максим Бакиев Лондондон жай тапкан. Ал Кыргызстандан кеткенден кийин эле 3,5 млн фунт стерлингге үй сатып алган. Кыскасы, Бакиевдердин акчасы бар”.
Бакиев өзү же тарапкерлери бул долбоор тууралуу ачык үн ката элек. “Азаттык” аларга микрофон сунууга даяр экенин эскертет.
Дээрлик 14 жылдан кийин Кыргызстанда Бакиевдер каржылай турган фабриканын курулушу башталды. Бир жылдын ичинде ишке бериле турганы айтылып жатат. 1 млрд сом салына турган фабрика Кыргызстанда унутулуп бара жаткан Бакиев темасын кайра козгоп, ар кандай талаш, талкууну жандантты.