Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:58

Келгенинен кеткени бат Чудинов. Президент министр Ибраевге ачууланды


Игорь Чудинов
Игорь Чудинов

Энергетика министрлигинин алдындагы "Курулуп жаткан электр станциялар" дирекциясынын башчылыгына дайындалган мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов эки күн иштебей кызматынан кол жууду. Бул дайындоого президент Садыр Жапаров каршы чыгып, энергетика министри Таалайбек Ибраевге эскертүү берди.

2010-жылкы Апрель ыңкылабынан соң бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевдин көздөй кадры саналып, ал кезде өкмөттү башкарган Игорь Чудиновдун "Курулуп жаткан электр станциялар" дирекциясына жетекчи болгону ушул аптанын башында билинди. Энергетика министрлиги бул дайындоону тастыктаган. Былтыр жаңы түзүлгөн дирекцияга дымактуу Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору быйыл жыл башында берилген.

Бирок бул маалымат коомчулукка жарыялангандан жарым күн өтпөй президент Садыр Жапаров Чудиновду кызматка дайындоо боюнча буйрукту жокко чыгарды.

Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзөв билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына энергетика министри Таалайбек Ибраевге дайындоо тууралуу мамлекет башчысына тийиштүү маалымат бербегени үчүн эскертүү алганын жазды.

Президенттин мындай кадамына Чудиновдун буга чейинки баскан жолу, Бакиевдер менен жакын мамилеси себеп болду деген жоромолдор айтылууда. Анткени, Чудинов кыргыз өкмөтүн 2007-2009-жылдары Курманбек Бакиев мамлекет башчы болуп турган кезде жетектеген. Анын жаңы кызматка дайындалышы Бакиевдин кадрларына байланыштуу талаш-талкууга жем таштаган эле.

Чуулгандуу Чудинов ким?

Игорь Чудинов Кыргызстандан качып, учурда чет өлкөдө баш калкалап жүргөн Курманбек Бакиевдин бийлигинде кызматтан кызматка көтөрүлгөн. Алгач 2005-жылы "Кыргызгаз" ишканасын жетектеген. Эки жылдан кийин, 2007-жылы кыска мөөнөткө энергетика министри болуп турган. Көп өтпөй, ошол жылдын аягында өкмөт башчылыкка дайындалып, бул кызматта 2009-жылдын октябрына чейин турган. Ал ошол жылы ноябрда Кыргызстандын өнүктүрүү фондунун башкы директору болуп дайындалган.

Чудинов 2010-жылы Апрель ыңкылабынан кийин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген шек менен кармалып, көп өтпөй эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулган.

2015-жылы парламенттик шайлоого Алтынбек Сулайманов негиздеген "Бир бол" партиясынын тизмеси менен барган. Ага талапкер кезинде Карганбек Самаков менен кошо жерге байланыштуу кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура аларды 262 гектар жерди мыйзамсыз менчиктештирип кеткен деп айыптаган.

Анда Чудинов өкмөт башчы кезинде, 2008-жылы Чүй облусундагы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүнүн жерин бир категориядан экинчи категорияга өткөрүүдө кызмат абалынан пайдаланган деген айып тагылган. Бул иштин негизинде Жаныш Бакиев, Курманбек Бакиев жана Карганбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаковго да айып коюлган. Чудиновду сот күнөөлүү деп таап, беш миллион сом айып пул салган. Анын негизинде Чудинов 2018-жылы депутаттык мандатынан ажыраган.

Башкы прокуратура 2017-жылы майда Чудинов депутат кезинде аны менен кошо ошол кездеги фракциялашы, учурдагы премьер-министр Акылбек Жапаров баштаган бир канча адамга дагы бир кылмыш ишин козгогон. Башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматы кылмыш иши Улуттук коопсуздук комитетинин материалдарынын негизинде, коррупция беренеси менен козголгонун билдирген.

Тергөө материалдарында алар 2009-2015-жылдар аралыгында “Машина сыноочу станция” ишканасына 200 миллион сом мыйзамсыз ссуда бөлүп, акча максатсыз пайдаланылганы жазылган. Айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Акылбек Жапаров 2009-2010-жылдары вице-премьер-министр болгон. Бул кылмыш иши эмне менен аяктаганы азыркыга чейин белгисиз.

Бийлик алдын алдыбы?

Чудиновдун жаңы кызматка дайындалышы белгилүү болгондон кийин коомчулукта талкуу жаратты. "Түндүкэлектр" ишканасынын Директорлор кеңешнин мурдагы мүчөсү Сапар Аргынбаев Чудинов эң ириде Бакиевдерди эске салган фигура экенин белгилеп, анын репутациясына байланыштуу суроолор бардыгын белгилейт.

Сапар Аргынбаев.
Сапар Аргынбаев.

"Булардын баары - Бакиевдин командасы, алардын убагында энергетика тармагы таланып-тонолгон. Ошол маалда ачык-тоногондор кайра эле келе баштады. Чудинов убагында "Кыргызгазды" жетектеген. Ошол маалда ишкананын жоготуусу чоң болуп, банкроттук абалга кептелген. Андан кийин премьер-министр болбодубу. Азыр бийлик өкүлдөрү Сингапурду, Ли Куан Юну улам-улам айтып жатышат. Ал репутациясында кенедей кара тагы барларды жанына жолотчу эмес да. Ушундай кадрдык чечимдерден кийин булар Сингапурду эми сөз кылбай деле койсо болот. Азыр бийлик маалыматтын баарын жаап, айлана-тегерегине ар кандай күмөндүү адамдарды топтой баштады".

Президент Жапаровдун Чудиновду энергетика тармагына кайрадан жакындатпоо чечимине да ушул жагдай себеп болгондой. Себеби, Бакиев башкарып турган учурда энергетика кризиске батып, жарык утур-утур өчүрүлүп, ал Апрель ыңкылабынын себептеринин бири болгон. Дал ушул учурда Бакиевдин айтылуу "тезек тергиле" деген сөзү, "Ширшовдун схемасы" деген ат менен таанымал энергетика тармагындагы коррупциялык иштер айтылып келет. Анын үстүнө азыркы министр Таалайбек Ибраевди Ширшов менен байланыштырып, 2020-жылдан соң Кыргызстанга кайтып келген талаштуу адамдын таасири Энергетика министрлигинде байкалып жатканы тууралуу пикирлер арбын.

Ушундай кырдаалда өлкө бийлиги бул сөздөрдү көбөйтпөй, ар кандай сын-пикирлердин алдын алууну чечкендей.

Чудинов жетектемек болгон дирекция былтыр өкмөттүн токтому менен түзүлгөн жана анын 90% акциясына "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы", калган акцияларына "Электр станциялары" (5%) менен "Чакан ГЭС" (5%) ишканасы ээлик кылат. Расмий маалыматка ылайык, анын уставдык капиталы 35 млн сомду түзгөн.


Ушул жылдын февраль айында "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун кезексиз жыйынында бийликтин дымактуу долбоору болгон Камбар-Ата-1 ГЭСи "Курулуп жаткан электр станциялар" дирекциясына башкарууга өткөрүлгөн.

Журналист Адил Турдукулов Чудинов премьер-министр кезинде ага жардамчы болуп иштеген. Анын пикиринде, мурдагы өкмөт башчы - энергетика тармагын жакшы билген кесипкөй адис. Турдукулов ошол эле маалда кадр саясатындагы айрым жагдайларга дагы токтолду:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

"Ал бул тармакты жакшы билет. Министр да болгон, тажрыйбасы бай адис. Өкмөт башчылыкка чейин көтөрүлгөн себеби дагы ушул болгон. Мен Бакиевдин кадрлары кайра келип жатат деген сөздөргө көп кошула бербейм. Чындыгында бизде азыр кесипкөй кадрлар аз. Андан сырткары кадрлар улам-улам алмаштырылып, көп ротация болуп кетип жатат. Ушундай маалда бул Акаевдин заманында, тиги Бакиевдин заманда иштеген деп ылгаган критерий жок болуп баратат. Бул табигый эле процесс. Президент өзү деле кадр саясатында талылуу маселелер бар экенин айтып жатат. Анткени кесипкөй адистер келбейт, анткени запаста тургандары аз".

Кадр саясаты демекчи, президент Садыр Жапаров маектеринин биринде кайсы бир жооптуу кызматка дайындалган, жанында жүргөн адамдардын буга чейинки басып өткөн жолу эмес, азыркы ишмердигине маани берерин айткан жайы бар.

Игорь Чудинов азыркы бийликтин тушунда Кумтөрдөгү коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында тергөөдө сурак берген. Анын аты соңку ирет февраль айында ошол кезде абакта жаткан Адахан Мадумаровдун сотуна байланыштуу аталган жана анда күбө катары суралып, көрсөтмө бергени тууралуу маалыматтар чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG