Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:10

Өкмөт "апрелчилерге" жер бөлдү. Бакиев аларга фабрика салабы?


Курманбек Бакиев.
Курманбек Бакиев.

Президент Садыр Жапаров "7-апрель ынтымагы" коомуна бир гектардан ашык жер бөлүп берилгенин билдирди. Ал жерге 200 кишиге жумуш бере турган ишкана курулары, анда Апрель окуясында жабыркагандар, алардын жакындары эмгектенери айтылууда. Ага кетчү акчаны Бакиевдер берет деген маалымат бар.

Бул окуя кызуу талкууга алынып, айрым "апрелчилер” Бакиевди алып келүү аракети күчтөнгөнүн айтып чыгышты.

Бакиевге кун төлөтүү сунушу, өкмөттүн жер берүү чечими

Министрлер кабинети 29-майда "7-апрель ынтымагы" ачык акционердик коомуна 1,6 гектар жер бөлүп берүү чечимин кабыл алган. “Акипресс” агенттиги жер тилке тигүү фабрикасынын курулушу үчүн берилгенин, ага 1 млрд сом инвестиция салына турганын жазды.

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине 22-июнда курган маегинде 2010-жылдагы Апрель окуясында жабыр тарткан адамдар Бакиевден кун төлөтүп алууга жардам берүүсүн суранып кайрылганын айтты. Президент “апрелчилердин” алгачкы кайрылуусун четке какканын кошумчалаган:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“Арадан бир топ убакыт өтүп, былтыр күз айларында дагы келишти. “Биз Бакиев менен сүйлөштүк, ал бизге 200 кишилик тигүү фабрикасын куруп берүүгө убада кылды. Бизге жер бөлүп бериңиз, биз абдан кыйналдык, алды чет өлкөгө тентип кетишти, артыбыз жумушсуз кыйналып жүрөбүз” деп суранышты. Акыбалдарын байкасам, чынында эле кыйын экен. Ортодо убактылуу өкмөт тарапка бир топ нааразычылык сөздөрдү айтышты. Кыскасы, эски жараны козгобой эле койгула, өткөн өттү, кеткен кетти, унуталы дедим. Баарынын акыбалын карап туруп бир чети боорум ооруса, экинчи чети 200 үй-бүлөгө шарт түзүп берем деп атса жакшы экен деген ойго келип, 1 гектардан ашыгыраак жер бөлдүрүп бердим”.

"Апрелчилерге" бериле турган жер "Манас" аэропортуна кетип бараткан жолдо, Ак-Жол айылынын жанында экени айтылып жатат. Аталган жерге Ош базар да көчүрүлүшү мүмкүн. Биз ал жерден кандайдыр бир фабриканын курулушун байкаган жокпуз.

Мамлекет башчы "апрелчилер" менен Бакиевдердин сүйлөшүүсүнөн кабары жоктугун айтып, эгер фабрика курулбаса, жерди кайра мамлекетке алып коёрун да кошумчалаган. Кыргыз өкмөтүнөн бир жарым гектар жер алган "7-апрель ынтымагы" коому мындан эки ай мурун, 2024-жылы 8-апрелде түзүлгөн. Ага Бактыбеков Аскар Бактыбекович, Бактыбеков Манас Бактыбекович жана Шеримбаев Усупбий Бактыбекович деген үч жаран ээлик кылат.

"7-апрель ынтымагы" коому 2024-жылы 8-апрелде түзүлгөн.
"7-апрель ынтымагы" коому 2024-жылы 8-апрелде түзүлгөн.

Коомдун жетекчиси Усупбий Шеримбаев Фейсбуктагы “Айкөл таза коом” баракчасындагы кайрылуусунда Курманбек Бакиевге жолугуп келгенин тастыктаган. Анда Шеримбаевдин "материалдык, моралдык компенсация боюнча сүйлөштүк, буюрса фабрика салып берет" дегенин укса болот.

Биз аны менен байланышканыбызда Бакиев менен эмес, анын бир туугандарынын балдары менен Кыргызстандан жолукканын кабарлады. Бирок алардын ысымдарын атаган жок.

Усупбий Шеримбаев.
Усупбий Шеримбаев.

"Мен Минскиге барып келдим деп жаңылыш айтып алыптырмын. Анткени мага карата сот чечими болгондуктан Кыргызстандан чыга албайм да. Ошондо Бакиевдин туугандары байланышка чыгып, ошолор менен сүйлөшкөнбүз. Инисинин баласы болуп калат. Кимисинин баласы экенин так билбейм. Фабриканын курулушуна канча каражат бөлө турганы белгисиз. Курулуштун жүрүшүндө белгилүү болот".

Социал-демократтар партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков мамлекеттен жер алган "7-апрель ынтымагы" коомунун жетекчиси Усупбий Шеримбаев 2022-жылы жашы жете элек балага сексуалдык аракет кылган деген негизде соттолгонун, кийин пробация жазасы менен эркиндикке чыкканын билдирип, сот чечимдерин социалдык тармактарга жарыялап жатат.

Шеримбаевдин өзү чындап эле соттолгонун, бирок сот чечимине макул эместигин билдирүүдө.

"Апрелчилерди" араздаштырган чечим

2010-жылдагы Апрель окуясынан жабыркагандар, каза болгондордун жакындарынын баары эле Бакиевден кун төлөтүп алуу аракетин колдогон жок. Мындан 14 жыл мурдагы окуяда уулун жоготкон Нурия Айдабосунова соңку окуяларды Бакиевди актоо аракети катары сыпаттап, анын Кыргызстанга келишине каршы экенин айтууда.

“Адамдын өмүрү эң ыйык нерсе. 7-апрелде табияттын кырсыгынан эмес, өзүбүз шайлаган президенттин колунан өлүп атат. Анан каяктагы кун боюнча сөз болушу мүмкүн? Анан эле "жер берилет, фабрика курулат" деген сөз чыгып атат. Тигүү фабрикасынын эмне кереги бар? Азыр андай жерлерде жумушчулар жетишпей атат. Ошону иштетип алгыла, айланайындар", - деди Айдабосунова.

Бакиевден кун төлөтүү сунушу соңку бир-эки жылдан бери айтылып келет. Бул демилгенин башында “Айкөл Таза коом” уюму туруп, Фейсбуктагы баракчасында ар кандай өңүттөгү кайрылуу жасап турушат. Мисалы, 24-июндагы видеодо өзүн 7-апрелде каза болгон Эрлан Жантаевдин апасы Асылкан Токтогулова деп тааныштырган жаран мындай деген:

“Бакиевге барып балдар кезигип келишти. Ал кун төлөп берүүгө макул болуп, Бишкек шаарына фабрика куруп бергени жатат. Канча деген аял жесир, канча деген бала жетим калды. Эми минтип Бакиевден кун төлөтүп алалы, чакан фабрика салдыралы десек да каршы чыгып атышат”.

Быйыл 5-январда президент Садыр Жапаров Апрель окуясында жабыркагандардын жакындарын жана катышуучуларын кабыл алган. Ага 200дөн ашык киши катышкан. Көп өтпөй, апрелчи уюмдар өзүнчө ассоциация түзүп, Курманбек Бакиевдин режимин актоого жана реабилитациялоого каршы туруу үчүн бириккенин кабарлаган.

Анын баш катчылыгына Темирлан Султанбеков шайланган.

“Биздин өлкөнүн президенти Садыр Жапаров алар сүйлөшүп алышкандан кийин жер бөлүп бергенин айтып жатат. Кыргызстанда 30 жылга соттолгон адамга фабрика салыш үчүн кантип жер бөлүп беришет? Алар акчаны кантип алып келишет? Дароо конфискация болушу керек да. Мамлекет андай фабрикаларды өзү эле куруп койсо болот. Анын үстүнө пакистандыктар менен болгон окуялардан кийин тигүү фабрикалары жабылып жатат. Бир тобу банкрот болуп калышты. Анан дагы бирди салабыз деп атышат. Бул жөн гана Курманбек Бакиевдин режимин актоо”, - дейт Султанбеков.

Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен Беларустун борборунда жашайт.

2023-жылы күзүндө "Беларус иликтөөчүлөрүнүн альянсы" мурдагы президент бул өлкөнүн эки паспортун алганын таап чыгышкан. Паспорттордун биринде анын аты-жөнү “Закир Салиев” деп көрсөтүлгөн.

Расмий Бишкек Минскиден Бакиевдерди өткөрүп берүүнү бир канча жолу талап кылган. Беларус бийлиги бул өтүнүчтөрдү аткарбай келет.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон. Ал соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон.

"Бакиевдердин маселесин сот чечиши керек"

Бакиевдердин тегерегинде окуялардын мыйзамдык жагы - кун төлөө дегендин өзү аларды актоого жатпайбы? Сыртынан оор беренелер менен соттолгон мурдагы өлкө башчысы Кыргызстанга келсе, аны эмне күтөт? Эмне үчүн соңку бир жылда коомчулукта Бакиевдердин тегерегиндеги талкуулар улам көтөрүлүп жатат? Ушул жана башка суроолорго Кыргызстандын мурдагы баш прокурору Байтемир Ибраев жооп берди.

- Байтемир мырза, Апрель окуясында жабыр тарткандар менен мурдагы президент Курманбек Бакиевдин сүйлөшкөнү, Бакиевдердин завод куруп берери боюнча айтылган сөздөр эмнеден кабар берет?

Байтемир Ибраев
Байтемир Ибраев

- Мында Апрель окуяларынын жарасын жеңилдетип, андан жабыркагандардын таарынычын жазып, Бакиев Кыргызстанга келүүгө өзүнө жол издеп жатат деп ойлойм. Бул жерде мындан башка маанини көрбөй турам.

- Бакиевдерге байланышкан маселе соңку бир-эки жылда көп талкууланып, анын ичинде соңку кайсы бир деңгээлдеги жетишилген бул ымала да ушул убакытта болуп жатканы эмнеге байланыштуу?

- Менимче, бул убакыттын өткөнүнө эле байланышкан нерсе. Чын-чынына келгенде, убакыттын өтүшү менен айрым нерселер унутулуп, жара айыга берет экен. Бул жерде Бакиевдерден Курманбек Бакиев жана анын балдары, Жаныш Бакиевден башкасынын баары эле бул жакка келишти. Баары Кыргызстанга отурукташкандан кийин Курманбек Бакиев деле кезек мага жетти дегенсип, өзү да келиштин айласын издеп жатса керек.

- Бакиевдер менен апрелчилердин элдешүүсү аларды кайсы бир деңгээлде реабилитациялоого жол ачат деп айтууга болобу?

- Мыйзамда жабыркагандар менен жабыр тарттырган тарап элдешпеши керек деген талап жок. Буга жол берилет. Бул жерде эми саясий маселелер, жүрүштөр болуп жатат. Юридикалык жагына келгенде, мында көп талкуулар болот, көзү өтүп кеткендер менен элдешүү мүмкүн эмес. Бул аракеттер реабилитацияга бир аз жакындатканы менен, аягына чыгара албайт.

- Бул аракеттер Кыргызстандагы саясий кырдаалга канчалык таасир тийгизет деп ойлойсуз? Же жогоруда сиз айткандай, убакыттын өтүшү менен бул маселе да коомдун назарынан оолак болуп калдыбы?

- Менин оюмча, бул окуя саясий кырдаалга таасир этет. Бул иштер акырындык менен бүтүп кетет дегенге ишенбейм. Эл нааразы болот. Бул окуяда жабыр тарткандар көп. Азыр чыгып жаткандар Апрель окуясында эки күн митингге чыгып, жабыркагандар гана болуп жатат. Жабыр тарткандар алар менен чектелбейт. Бул окуяда экономикалык маселелер да бар. Ошол себептүү Бакиевдердин тегерегинде маселелер саясий кырдаалга таасир тийгизет.

- Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын буга чейинки президенттери менен жолугуп, муну саясий топторду консолидациялоо аракети менен түшүндүргөн. Андан кийин туңгуч президент Аскар Акаев өлкөгө келип, коомчулук да анын маселесине чекит койгондой абалда турат. Эми саясий, юридикалык жана коомчулуктун кызыкчылыгын эске алганда, Курманбек Бакиевдин маселеси кандай чечилиши керек?

- Бул маселе боюнча бир гана сот органдары чечим чыгарышы керек. Бул айланып келип эле сот системасы жана тергөө органдарынын колу менен бүтө турган иш. Күнөөлүү болсо, ошентип таап туруп, жазасын берүү керек. Эгер күнөөсү жок болсо, акталышы керек. Маселенин мындан башка чечими жок. Соттук териштирүүлөр баарыбыздын көзөмөлүбүздө болот. Коомчулук байкоо салып, жалпыга маалымдоо каражаттары чагылдырып турат.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

  • 16x9 Image

    Түмөнбай Абдинаби уулу

    Түмөнбай Абдинаби уулу "Азаттыктын" кабарчысы. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG