Кыргызстандын жарандык авиация тармагы эмне үчүн өнүгө албай жатат? Эмне үчүн учуунун жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу талабы аткарылбайт? "Азаттык" радиосунун кезектеги "Арай көз чарай" талкуусу ушул темага арналды.
Талкууга Транспорт жана жол министрлигинин жарандык авиация бөлүмүнүн башкы адиси Арзымат Матмуратов, Жарандык авиация агенттигинин учууга жарактуулукту колдоо бөлүмүнүн башкы инспектору Муканбек Алайчиев жана 1-класстагы учкуч, "Кыргызстан аба жолдору" авиакомпаниясынын мурдагы президенти Төлөнбек Арпачиев катышты.
"Азаттык": Арзымат мырза, Кыргызстанда авиация тармагында кызмат көрсөткөн болгону төрт компания бар. Алардын 36 учагы болсо, жарымынан көбү жараксыз. Учуп жаткандары да жарабай баратканын ушул жыл башынан бери элге белгилүү болгон бир нече кооптуу окуялар далилдеди. Айрым эксперттер "авиациядагы коопсуздукка өкмөт көзөмөл кылышы керек, мындай абал мамлекеттик талаптын жоктугунан пайда болду" деп жатышат. Ага негиз барбы? Өкмөт жарандык авиация тармагына көзөмөл кылууга чамасы жетпей жатабы?
Арзымат Матмуратов: Транспорт жана жол министрлиги жарандык авиация тармагындагы саясатты жүргүзөт. Ал эми талаптарды аткарууга көзөмөл кылуу Жарандык авиация боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлгөн. Азыркы учурда Кыргызстанда үч гана авиакомпания учак каттатат. “Эйр Кыргызстан” компаниясы ишин убактылуу токтотуп турат. Алардын иштешине негиз берген мыйзамдык актыларды даярдап, жалпы көзөмөл жүргүзүлүп жатат. Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгууга аракеттер да бар.
"Ачык асман": тобокелдик жана мүмкүнчүлүк
"Ачык асман": тобокелдик жана мүмкүнчүлүк
"Азаттык": Муканбек мырза, Кыргызстан Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыга албай келатканына быйыл 12 жыл болду. Ошондон бери эле "аракет кылып жатабыз" деп тиешелүү мыйзамдарды оңдоп, бир топ долбоорлорду түзүп жатасыздар, бирок майнап чыккан жери жок. Буга эмне себеп? Эмне үчүн Кыргызстандагы учактардын сапатына көңүл бурулбай жатат?
Муканбек Алайчиев: "Талаптар аткарылбайт" дегенге макул эмесмин. Авиациядагы коопсуздук деген өзүнө көп маселени камтыйт. Ага учкучтарды даярдоо, учактарды тейлөө кирет. Мындай аракеттер өз деңгээлинде жүргүзүлүп жатат. Акыркы кооптуу окуяларга учак өндүрүштөн чыккан кезде болгон кемчилик себеп болду.
"Азаттык": Ошол учакты сатып алып жатканда ошондой кемтиги бар экендигин байкаган жок белеңер? Текшерип алдыңар беле?
Муканбек Алайчиев: Текшерип алабыз, бирок техника деген техника экен да, бузулат экен. Учактын учууга жарамдуулугун бир жылда бир жолу текшерип турабыз. Бул учактар бери дегенде 25 жылдан бери учуп жүрүшөт. Жаңы учактарды алууга чама жок. Өкмөттөн жардам көрсөтүлбөйт, анткени авиакомпаниялардын баары жеке менчик компаниялар. Бул маселелерди менден жогорку кызматтагы адамдар жетекчилерге жеткирип жатышса керек.
"Азаттык": Төлөнбек мырза, сиз эл аралык каттамдарга учкан 1-класстагы учкучсуз. Демек Кыргызстандын авиациясындагы кооптуу кырдаалдын пайда болушунун себебин жакшы билесиз деген ойдомун. Эмне үчүн коңшу мамлекеттердин авиациясынын деңгээли өсүп, эл аралык атаандаштыкка туруштук берүүгө жарап калса да Кыргызстан “кара тизмеден” чыга албай, учуу коопсуздугун камсыз кыла албай жатат?
Төлөнбек Арпачиев: Буга чейин сүйлөгөн адистердин жообун угуп отуруп, жарандык авиация кептелген кырдаал эч качан чечилбей тургандыгына дагы бир жолу ынандым. Бул тармакка абдан терең реформа зарыл. Акыркы 20-30 жылдан бери жаңы учактар сатылып алынган жок, мурдагылардын баары эскирди. Мындай маселени чечиш үчүн президентке, премьер-министрге жагдайды толук түшүндүрүп, "учак, тик учак жок, ушуга көңүл бургула" деп маселени кабыргасынан коюш керек, антпесе болбой калды. Транспорт министрлиги да, Жарандык авиация агенттиги да ага кызыкчылыгы жок. Өкмөт улам алмашкан сайын алар өз кызматтарын жоготуп алуудан коркушат. Андан тышкары Жарандык авиация агенттигин Транспорт министрлигинен чыгарыш керек. Анткени министрликте авиацияны түшүнгөн адистер жок. Эң биринчи кадр маселесин чечип, адистерди даярдоо керек. Андан кийин каржылоо жагын чечиш керек, антпесе абал абдан кыйын. Жарандык авиацияны түшүнгөн, чыныгы адистикке ээ адамдарды кызматка алыш керек. Азыр бул тармакты реформалоо боюнча демилге көтөргөн жетекчилер жок. Күнүмдүк иштер менен гана алек болуп, "мен сага тийишпейм, сен мага тийишпе" деген мамиледе иштеп жүрүшөт. Кырсыкка кабылган учурлардын чыныгы себептери жакшылап текшерилбейт, жооптуу адамдарга чара көрүлбөйт, ошол маселени чечүүнүн жолдорун билишпейт. Анткени маселе көтөрүүдөн коркушат жана Жарандык авиация агенттигинин саясаты туура эмес. Атайын билими бар адистер эч жерге ишке орношо албай жумушсуз жүрүшөт. Мен абалды түшүндүрүп өкмөткө көп жолу кайрылдым, аны эч ким жактырган жок.
“Азаттык”: Демек, авиация тармагындагы көпчүлүктү ойлондурган маселелерди чечиш үчүн өкмөттүк деңгээлде чукул аракет көрүп, мыйзамдык талаптарды аткарууга көзөмөлдү күчөтүү зарыл экендиги ушул талкууда да анык болду. Андан жыйынтык чыгат деген үмүттөбүз.