Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:21

“Манас” улуттук академиясы ар тараптуу колдоого муктаж


“Манас” эпосуна байланыштуу китептер.
“Манас” эпосунун бөлүмдөрүнүн кыргызча арап жана латын алфавиттериндеги жарыялары.

Кыргыз улутунун башкы маданий мурастарынын бири болгон “Манас” эпосун изилдөөгө багытталган жаңы академиянын тагдыры баталгага коюлуп жатабы? Аны телчиктирүү керекпи же ойрон кылуу туурабы? Тарыхчынын блогу.

Академиянын түптөлүшү 2019-жылы башталган жана анын телчигүүсү улантылууда

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылы 31-январда кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстанда айырмалуу илимий-агартуучу жана маданий таалим мекемеси – “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы” негизделген.

Бул кадамды ал 2019-жылы 4-декабрдагы сөзүндө мындайча жогору баалаган:

“«Манас» эпосу — тарыхыбыздын, ал эми Айтматов — маданиятыбыздын көөнөрбөс дөөлөтү”.

Ал эми 2020-жылдын күзүндөгү Үмүт элдик ыңкылабынан соң бийликке келген өкмөт жаңы түптөлүп жаткан академиядан айтматов таануу көйгөйлөрүн кайра ажыратып, бул мекемеге жалаң гана манас таануу көйгөйлөрүн калтырууну эп көрдү.

Бул жаңы бурулуш жаатында “Манас” улуттук академиясынын “Фейсбуктагы” барагында 2022-жылы 29-сентябрда мындайча кабар шардана кылынган:

““Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын макамы мындан ары “Манас” улуттук академиясы” болуп өзгөртүлдү.

Бул тууралуу Жарлыкка кечээ аяк оона айынын 28-күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду. Жарлыкка ылайык, "Манас" улуттук академиясы” мамлекеттик мекемеси "Манас" үчилтигин, кенже эпосторду, кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын ар тараптан изилдөө жана анын негизинде илимий, илимий-популярдуу, илимий-публицистикалык эмгектерди, мезгилдүү, тематикалык басылмаларды чыгаруу, мультимедиялык, окутуучу-агартуучу, таанып-билүүчү долбоорлорун иштеп чыгуу багытында иш алып барат.

Ал эми Ч. Айтматовдун чыгармачылык мурасына байланыштуу изилдөө функциясы КРнын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтуна өткөрүлүп берилди...”

Ошентип, айтматов таануу көйгөйлөрүн түздөн-түз багыттап изилдөө иштери 2022-жылдын күзүнөн тартып Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтуна тапшырылган.

Айтмакчы, бул институт кыргыз тили, фоклордук мурасы жана жалпы көркөм адабияты менен байланыштуу башка да толгон-токой маселелер менен алектенүүгө тийиш.

Ал эми 2023-жылы 4-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Манас” эпосунун күнүнө байланыштуу куттуктоосунда мындайча саптар жазылган:

“Бүгүн – элибиздин ондогон кылымдардан бери муундан муунга көчүп, атадан балага айтылып, көкүрөгүндө жат сактап келген улуу “Манас” эпосунун күнү!

“Манас” эпосу – кыргыздын улуттук сыймыгы, ооздон оозго айтылып келген руханий улуу мурасы, дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври, нечендеген кылымдардан бери элдин туу туткан жол көрсөткүчү!

Кыргыз эли – “Манас” эпосунун ээси, сактоочусу жана улантуучусу. Биз үчүн улуу дастандын нукура элдик көркөм чыгарма катары да, элдин тарых-таржымалы катары да, улуттук идеологиянын башаты катары да мааниси зор...

“Башканы коюп “Манасты” айт” деп бекеринен айтылып калбаган чыгар, биздин башат алчу идеологиябыз, таяныч болуп такала турган өзөгүбүз, улуттук улуу рухубуз дал ушул “Манасыбызда”!

Мына ошондуктан 2022-жылдын 22-апрелинде “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек”) ар тараптуу изилдөө жана жайылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койгон элем. Буга удаа эле, 2022-жылдын 28-сентябрында “Манас” эпосун илимий багытта изилдөөгө, популярдаштырууга ар тараптуу зарыл шарттарды түзүү боюнча Жарлык менен “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы” мамлекеттик мекемеси “Манас” улуттук академиясы болуп өзгөртүлүп кайра түзүлдү. Бул кадамдар “Манас” эпосу боюнча мындан да келечектүү жана мазмундуу ар тараптуу изилдөө иштерин жүргүзүүгө өбөлгө түзүп бере алат деп терең ишенебиз...”

Демек, азыркы мамлекет башчынын ырастоосунда, “Манас” эпосу боюнча комплекстүү изилдөө чараларына дал ушул академия кыймылдаткыч күч болуп кала берүүгө тийиш. Президент С.Жапаровдун сөзүн толугураак бергенибиздин себеби – бул академиянын маңызын анын сөзү менен кененирээк ачып берүүгө байланыштуу.

Ар кандай президенттик сөз анын кеңсесиндеги иштерге тартылган адис жетекчилердин чакан жамааттык чыпкасынан да өтөт эмеспи.

Санааркаткан жамааттык кат

Ал эми жакында “Азаттык” үналгысынын барагында жарыялангандай, кыргызстандык отуз чакты аттуу-баштуу окумуштуу чогулуп кол коюп, Президент Садыр Жапаровго кат жолдошуп, “Манас” улуттук академиясын жоюуга чакырышкан.

Илимпоздордун президент С.Жапаровго жазган каты.
Окумуштуулардын президент Садыр Жапаровго жазган жамааттык каты. 2024. 1-бет.

Жамааттык катта мындайча жүйөөлөр да келтирилген:

“...Ал мекеменин беш жылдан бери иштей турган объектиси, багыты, максаты али күнгө чейин такталбай, туура эмес багыттагы иштер жүргүзүлгөн;

Жыл сайын “Манас” улуттук академиясына 40 млн сом бөлүнүп, иштин натыйжасы көрүнгөн жок. Бул мекеменин жыйынтыктары негизинен мурдатан аткарылып келген иштерди кайталоо менен чектелип, эл аралык эмес, республикалык деңгээлге да жооп берген жок;

“Манас” улуттук академиясынын” мамлекеттин эсебинен каржыланган... иштери... [бир катар мекемелер менен коомдук уюмдардын. – Т.Ч.] мурдагы жана азыркы иштерин кайталап келе жатат...

35 штаттык бирдиги бар, анын ичинде 12 бирдиги техникалык персоналдар “Манас” улуттук академиясын” өз алдынча жылына 40 000 000 сом каражат бөлүп, атайын мекеме катарында кармап отуруунун зарылдыгы жок...” [Текст ушундайча жазылган. – Т.Ч.].

Илимпоздордун президент С. Жапаровго жазган каты.
Окумуштуулардын президент Садыр Жапаровго жазган жамааттык каты. 2024. 2-бет.

Албетте, аттуу-баштуу агаларыбыздын мындай орток оюн уккан соң, “баталгадагы башты кесүү үчүн” айбалтаны бийик көтөрүү кыйла оңоюраак болуп калат эмеспи...

"Манас" академиясынан эмнеге чочулайбыз?

Биз жогорудагы каттын мазмунуна ынанган жокпуз жана алгач "Фейсбуктагы" баракчабыз аркылуу "Манас" академиясын сактап калуу зарылчылыгы жөнүндө жеке пикирибизди жарыяладык (01.7.2024):

“…Дүйнөдө Гөте институту, Конфуций (Кун Цзы) институту, Шекспир институту, Ганди институту, Пушкин институту сыяктуу далай маданий жана агартуу мекемелери бар.

Мен өзгөчө кадырлаган айрым агайларым телчиге элек "Манас" академиясына каршы чыгышыптыр.

Албетте, КР УИАсын жакшылап каржылоо керек, бирок ал жакшы ниет "Манас" академиясын өлтүрүү аркылуу жүзөгө ашырылбайт.

Тескерисинче, бул жаңы академияны "Манас" театры менен айкалыштырып оригиналдуу нук менен түптөөгө жана андан ары өнүктүрүүгө көмөк кылуу керек болчу.

Албетте, Айтматов академиясын андан да өзгөчө кылып өнүктүрүү зарыл. Экөөнү бириктирип коюу катачылык болгон сыяктуу.

Ушул маселени ойлонуп көрөлүчү...” – деп сабыр кылууга чакырдык.

Биз башка да жүйөөлөрдү келтирдик:

"Элестетеличи: эгерде Кыргызстандагы бардык университеттерди бир заматта жоюп, бир гана Кыргыз улуттук университетин сактап калалы, деп монополисттик талап менен чыкчу болсок, анда бутуна туруп калган жана кыйла илгери чыккан университеттердин тагдырына балта чапмак элек го?

Орусияда, маселен, Орусия ИАсынын Шибер бөлүмүн таптакыр жоюп, баарын Маскөөгө топтойлу, деп кайсы бир академиктер капталдан чыгышса эмне болмок? - дегендей эле кеп да...

Керек болсо "Манас" академиясын жакшылап түптөп алып, болочокто анын чет өлкөлөрдөгү филиалдарын ачуу керек...

"Манас" академиясына жеке менчик жана эл аралык демөөрчүлөр да эркин көмөк кылгандай жаңыча укуктук шарт жаратуу керектир, аны укук адистеринен сураш керек го деп ойлойм...

Манас таанууну бир катар мекемелер комплекстүү жүзөгө ашыра ала турган дүйнө жүзүндөгү бирден-бир мамлекет – эгемен Кыргызстан.

Ал эми Кыргыз Республикасынын бийликтери бир эле учурда КР УИАсын дагы, "Манас" академиясын дагы каржылоого кудуреттүү жана милдеттүү деп ойлойм.

Манас таануунун аркасы менен фолклор таанууну өнүктүрүүнүн жана заттык эмес маданий мурастарыбызды сактоонун башка дагы көп өңүттөрү жүзөгө ашырылат.

Ал түгүл манас таанууга байланыштуу кол жазмалардын санариптик варианттарын толук бойдон "Манас" академиясына белек кылып, азыркы КР УИАсы, мындайча айтканда, күнүлөш болбостон, өзгөчө "аталык" камкордук кылышы керек болчу.

"Манас" академиясындагы илимий кадрларды чет-четинен жетилтип, даярдоого КР УИАсы жана бардык жергиликтүү университеттер менен илимий китепканалар ж.б. көмөк кылуулары керек.

Системаланбай жаткан өксүктөр бар болсо, тармактар аралык кеңеш аркылуу ал өксүктөрдү бара-бара жоюуга болот..."

Коомдогу айрым ой-пикирлер

Биздин жогорудагы пикирибизге кайчы ой, албетте, жогорудагы жамааттык катта таасын камтылган.

Ал эми айрым замандаштарыбыз биздин ойду колдоо иретинде "Фейсбукта" ар кыл пикирлерди жазып чыккандыгы биз үчүн жагымдуу болду.

Ишенбек Султаналиев:

“Манас академиясында кыска аралыкта кыйла иштер аткарылды. Кенже эпостор боюнча энциклопедияларды, журнал чыгарышты. Эл аралык деңгелдеги жыйын, жолугушуулар өттү, ж.б. Эми бул жакшы иштерди улантып, кыргыз идеологиясын өркүндөтүүчү дагы бир борборго айланыш керек. Кыргыз илими Скопус, РИНЦтерге көз каранды болбой, улуттук маданиятыбызга таянып, артыкчылык берилиши зарыл. Ал үчүн моралдык да, каржылык да колдоо керек. Академиянын уюткусун жаш илимпоздор түзөт. УИАдагы шайлоо көрсөткөндөй интригалар аз. Кемчилиги болсо оңдоп-түзөп, кеп-кеңешибизди берип алга сүрөйлү”.

Гани Кудайберген:

“...Жүрөктөгү сөздү айттыңыз. Жалпы эл болуп Манасты түшүнүп, аздектемейинче бизде руханий өсүү болбойт ко. Атаңгөрү Манас академиясы түптөлүп, кэмелденип, өнүгүп өсүп чооооң бир илимий борборго айланганда анын филиалдары (куңфузу институту деген сыяктуу) дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө илимий иштерин жүргүзүп, жалпы адамзаттык идеялардын чордонунда пикир талашып, ошол жерден Манастын, Айтматовдун акылын айткан кыргыздын улан кыздары руханий армиядай болуп күргүштөп иштеп жүрсө чиркин!”

Кутнар Сапар Наркетегин:

“Тынчтык агайдын оюна толук кошулам. Ушунча түзүлгөн академияны мындан ары ар тараптуу колдоо гана керек. Болгону кандай иштер аткарылууда, бул илимпоздордун иши болот”.

Вика Вика:

“Туура пикир, агай! Манас академиясы кыска мөөнөттүн ичинде бир топ алгылыктуу иштерди аткарды. Эгер натыйжа көрсөтпөсө, сынга алса болот эле. Академияны жок кылуу кимдин максаты???”

Венера Сайпидин:

“Илимдин табияты – көп тараптуулук! Илимдеги монополияны жоюш керек. Тойканалар деле толтура го! Илим, билим үчүн мекемелердин көп болгону жакшы... Мекеме адеп ачылганда "Манас" академиясы деп эле аталган, Ч.Айтматов күтүүсүз эле ошол кездеги Президент С.Жээнбековдун учурунда, администрация тарабынан эле күтүүсүз кошулуп калган. Эч кандай эксперт, илиим, билим чөйрөсүндөгүлөр, ал тургай демилгечилер менен да кеңешип, же макулдашылган эмес. Академияны ачууга чоң салым кошкон адис катары нюанстарын жакшы билем...”

Нурдин Усеев:

“Манас академиясы манастаануу менен гана алектенген илимий мекеме эмес, Гёте, Конфуций институттары сыяктуу Манас эпосу баш болгон улуттук маданий дөөлөттөрүбүздү дүйнөгө тааныта турган академия болушу керек. Башкача айтканда, маданий-илимий дипломатиянын институту. Ошондо Улуттук илимдер академиясындагы институттар, университеттер, Манас театры менен биргеликте ынтымакта иштей турган, өз милдети бар мекемеге айланат”.

Бактыбек Максүтов:

“Бир даанышман айткан экен:

"Улуу элдин улуулугу кичине нерсесин улуу кылып көрсөтөт.Кичине элдин шору улуу нерсесин дуйно элине өз деңгээлинде жеткире албаганында" деген экен.

Биз Манас бабабызды дүйнөгө даңазалоого милдеттүүбүз.”

Жаныбек Абидетегин:

"“Манасты” ар тараптан изилдөө, жайылтуу, таанытуу үчүн ар кыл багыттагы мекемелер ачыла бериш керек болчу. Кайра жабылгандын ордуна. Менимче, академиянын жабылуусу же кыскаруусу туура эмес чечим болду. Жарк этип ачылган академия жалп этип өчкөнү калды".

Албетте, бардык пикирлерди санап өтүүгө мүмкүн эмес.

“Манас” улуттук академиясынын ишмердигин кескин сынга алган, ал түгүл “эми тойкана академиясын деле ачып албайлыбы” деген какшык ой жазган замандаштарым да болду.

Ылайым туулганына эмес, тураарына сүйүнтчү мекеме болсун!

Учурда коңшу Кытай Эл Республикасында байырлап жаткан 200 миңден ашуун кыргыздардын маданий кызыкчылыктарын эске алып, Кытай өкмөтү бул өлкөдөгү кыргыздардын арасындагы манасчылык өнөрүнө жана манас таанууга олуттуу каржылык көмөк көрсөтүп келет.

Манас таануу – көп тармактык илим. Аны КР УИАсындагы тил жана адабият институтунун жумушу катары гана аңдоо – калпыстык.

Маркум профессорлор Топчубек Тургуналиев, Ташманбет Кененсариев жана алардын “Манас” улуттук академиясындагы азыркы улантуучулары кыска мөөнөт ичинде жүзөгө ашырууга үлгүргөн иш-аракетти дүңүнөн эле “нөлгө” теңөө, бери дегенде, илимий жана инсандык калыстыкка жатпай турган нерсе.

Албетте, “Манас” эпосун жалаң гана ушул академия монополист катары изилдеши керек, деген калпыс ойго эч жетеленбейбиз. Бул академия эпос таануу жаатында өлкө ичинде гана эмес, эл аралык кызматташтыкты да багыттоого салым кошуусу зарыл.

“Манас” улуттук академиясы болочокто канатын кеңири жайып, бүткүл өлкөбүздө гана эмес, эл аралык деңгээлде дагы эпос таануу жана фолклор таануу көйгөйлөрүн кыргыз элинин жана Евразия элдеринин дастан таануу көйгөйлөрүнө байланыштырып иликтөөсү зарыл. Бул мекеме «Манас» эпосунун чет өлкөлөрдөгү варианттарын Ала-Тоодогу сакталган варианттар менен салыштырууга тийиш жана бул үчүн ар кыл өлкөлөрдөгү ар башка илимий мекемелерге чачыраган адистерди орток илимий долбоорлорго жигердүү баш коштуруусу керек.

Кесиби – этнограф, тарых илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңсесинин бөлүм башчысы Октябрь Капалбаев мырза “Манас” улуттук академиясын жоюу же башка жерге көчүрүү тууралуу сөз болгон жок, – деп “Азаттыктын” кабарчысына айткан экен, ылайым эле анын айтканы чын чыкса экен!

Бул жаш академияны жалпылап телчиктирелик, урматтуу замандаштар!

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG