Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:03

Кыргыз тарыхы: Өз улутунун тарыхын өгөйлөгөн кишинин жаран болуусу кыйын


КТМУнун профессору Кубатбек Табалдыев. Барнаул. 19.10.2023.
КТМУнун профессору Кубатбек Табалдыев III Эл аралык Алтай таануу шеринесинде Кыргыз археологиясынын соңку ачылыштары жөнүндө баяндама жасоодо. АлтайМУ, Барнаул, Орусия. 19.10.2023.

Эгемендик доорунун алгачкы шарапаттарынын бири – жогорку окуу жайларында (ЖОЖдордо) болочокку адистерге кыргыз тили жана кыргыз тарыхы сабактарын сунуштоо болгон. Эми айрым ЖОЖдордо кыргыз тарыхы боюнча милдеттүү сааттарды кыскартуу аракеттери башталды. Мунун артында кандай болжолдуу кесепеттер же утуштар бар? Тарыхчынын блогу.

Аймагы чаканыраак жана калк саны азыраак мамлекеттерде жарандык таалим-тарбия маселелери жогорку окуу жайларындагы окутуу аркылуу да чечилет. Өзгөчө болочокку адистерди бир эле учурда өз элинин тилин жана тарыхын дурус билген жоопкерчиликтүү жаран катары тарбиялоо маселелери мындай өлкөлөрдөгү мамлекеттик бүжөттөгү окуу жайлардын окуу программаларында эске алынып, ар дайым көңүл чордонуна коюлуп келет.

Албетте, орто мектептерде деле улут тили жана адабияты жана улут тарыхы маселелери чагылдырылган милдеттүү сабактар бар. Бирок мектеп окуучуларынын жаш өзгөчөлүктөрү менен студенттердин жаш өзгөчөлүктөрү айырмалуу экендиги жана аларга сунушталчу маалыматтардын айырмачылыктары айтпаса да түшүнүктүү эмеспи.

Ушул тапта Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия тарых илимин мындан ары өнүктүрүүнүн жаңы концепциясын иштеп чыгуу менен алектенүүдө.

Кыргыз тарыхчыларынын КУУдагы кереге кеңеши маалында. 29.1.2024.
Тарыхчы Бакыт Султаналиев “Кыргызстандын заманбап тарых илиминин көйгөйлөрү жана демилгелер” аттуу илимий кереге кеңеште сүйлөөдө. КУУ, Бишкек. 29.01.2024.

Буга мезгилдеш эле Кыргызстандагы айрым жогорку окуу жайларында “Кыргызстан тарыхы” сабагын таптакыр окуу планынан алып салуу же анын саатын кескин кыскартуу далаалаттары дагы жүрүүдө.

Кыргызстандын Билим берүү жана илими министрлиги (мурдагы министр, тарыхчы Ишенгүл Болжурова эжекенин тушунда) “Кыргызстан тарыхы” сабагын университеттерде милдеттүү сабак катары киргизген жана бул сабак боюнча атайын мамлекеттик сынакты талап кылган.

Менимче, бул сабак Кыргызстандагы жаш адистер үчүн алар кайсы өлкөдө жашап жаткандыгы, бул өлкөнүн өтмүшү кандай болгондугу, анын кандай тарыхый окуялары жана тарыхый инсандары болгондугу жана бар экендиги, бул өлкөнүн жаркын болочогу үчүн азыркы тапта кандай күрөштөр жүрүп келгендиги жөнүндө багыттоочу маалымат сунуштай алды.

Эми дал ушул сабакты алып салуу үчүн далаалаттар жүрүп жатат.

Бул кадам – болочокку адистер өз өлкөсүнө кайдыгер мамиле кылышы керектигин расмий түрдө таануу менен барабар калпыс далаалат деп эсептейм.

Биз бул кадамды колдоп, “космополит” болумуш болуу менен бирге олуттуу эки катаны кетиришибиз мүмкүн.

Биринчиден, ЖОЖдордо окуп жаткан өз жарандарыбыз адистик жактан кесипкөй болушуна, бирок өз мекени, улуту жаатында маңкурт бойдон кала беришине бул кадам аркылуу түрткү болуп калышыбыз ажеп эмес.

Мындай кайдыгер адистер "Кыргызстандын болочокку өнүгүшүнө жогорку аң-сезимдүү жаран катары салым кошуум керек", деген сезимден таптакыр куру жалак болушу ыктымалдан алыс эмес. Албетте, өз алдынча эле Кыргызстандын тарыхын үйрөнгүсү келгендер чыгаары бышык, бирок алар дагы системалуу билимге ээ болбостон, туш келди гана маалымат топтоо менен чектелип кала берээри айдан ачык.

Экинчиден, чет өлкөлөрдөн келип таалим алчу жаш адистер “деги Кыргызстан өз тарыхында жана маданиятында эмне өзгөчөлүктөргө ээ өлкө болду экен, анын түпкү калкынын этностук тарыхы кандай болду экен, мындагы көп этностуу жагдай кантип жаралды экен?” деген сыяктуу эң жөнөкөй суроолор менен да баш оорутпастан, иши кылып кыргызстандык диплом алуу менен чектелишсе, анда алар болочокто өздөрү жашаган өлкө(лөр) менен Кыргызстандын ортосунда элдик дипломатиялык көпүрө орнотуп жарытышпайт.

Биз жергиликтүү жана чет элдик студенттер жарма, максым, кымыз же “Легенда” сыяктуу суу бөтөлкөлөрүн сатып алып ичип, бешбармак, самса, лагман же салат жеп, ички туристтик сапарларга чыгып, Кыргызстанга каржылык салым кошуп жатат, деп маашырланабыз.

Бирок “азыркы студенттер “Манас” эпосун, Чыңгыз Айтматов сыяктуу залкар жазуучулардын эмгектерин жок дегенде үстүрт билишеби, кыргыз улутунун тарыхы жана андагы Барсбек каган, Мухаммед Кыргыз, Канаат хан, Жусуп Абдыракманов ж.б. сыяктуу тарыхый инсандар жаатында негизги түшүнүктөргө ээби, бул өлкөнүн алмустактан берки тарыхы кандай жүргөн, кайсы ири мамлекеттердин борборлору болгон шаарлар (маселен, Суйаб, Баласагын) ушул өлкөнүн аймагында жайгашкан, бул өлкө качан жана кайсы мамлекет тарабынан отордук аймакка айланган, качан эгемендикке ээ болгон, анын демократиялык коом үчүн заманбап күрөшүндө кандай окуялар орун алган жана орун алып жатат?” деген сыяктуу суроолордун жоопторунан кабардарбы?" - деген жана башка өңүттөр бар эмеспи.

Кейиштүүсү, билим берүү тармагын тейлеген айрым аткаминерлерибиз бул суроолордун өздөрүнө таптакыр кайдыгер мамиле жасашат.

Мамлекетти болочокто сактап калуу жана өнүктүрүү көйгөйлөрү жарандык сабаттуулукту талап кылаары, ал эми жарандык сабаттуулукту арттыруу үчүн өзгөчө майнаптуу жаш курагы – студенттик учур экендигин мындай төбөлдөр анчейин таназарга алышпайт.

2024-жылдын 28-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу институтунун Окумуштуу кеңешинин отурумунда дал ушул көйгөйлөр талкууга алынды. Тарыхчы адистер өлкөдөгү ЖОЖдордо “Кыргызстан тарыхы” сабагын бекемдөө жана бул сабак боюнча мамлекеттик сынактарды сактап калуу жаатында бийликтерге кайрылууну эп көрүштү.

КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу институтунун жамаатынын өкүлдөрү. 28.6.2024.
Ж.Баласагын атындагы КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу институтунун Окумуштуу жыйынынын онлайн отурумуна катышкан айрым тарыхчылар. 28.6.2024.

Албетте, Кыргызстандын айрым университеттеринде дурус жышааналар да орун алууда. Маселен, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин жетекчилиги “Кыргызстан тарыхы” сабагын өз окуу программаларында сактап кала алгандыгы алкоого татырлык иш болду.

Бул сабак боюнча атаандаш окуу китептерди жарыкка чыгаруу, аларды мултимедиалык жана интернеттик кошумча каражаттар менен шөкөттөө, бул сабакты мурдагыдай супсак дарс аркылуу өткөрбөстөн, студенттин дагы жандуу баарлашуусун камтыган интерактив усулунда өткөрүү жана башка көйгөйлөр бар. Бирок бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн огожо болуу – бул сабакка таптакыр тыюу салуу дегенди туюнтпайт эмеспи!

Кыргыз тили жана адабияты жана кыргыз тарыхы сабактары – бир куржундун эки көзүндөй бирдиктүү каралышы керек болгон, ошондой эле, улуттук идеологияга жана мамлекеттик жарандык таалимге бирдей деңгээлде тандык болгон олуттуу сабактар.

Эгерде азыркы тийешелүү министрликтер өздөрүнүн карамагындагы жогорку окуу жайларда “Кыргызстан тарыхы” сабагын мындан ары деле өгөйлөй беришсе (ЖОЖдордун айрымдары Билим берүү жана илим министрлигинен башка мекемелерге таандык), анда алар Атажуртубуздагы жарандык таалимге атайын сокку уруу жолун кыйыр түрдө тандап алганга тете жорук кылгандай болуп калат.

Эгерде эгемендикке чейинки совет доорунда Кыргызстанда Евразиядагы орус тилдүү маданияттын коңшусу катары кыргыз тилдүү маданиятты сактап калуу жаатында сөз жүрүп келген болсо, эми англис жана кытай тилдүү ж.б. ири маданияттардын коңшусу катары өз маданиятыбызды жана улутубузду сактап калуу милдети күчөөдө.

Жарандык таалим жаатындагы парызды эгемен мамлекеттин билим берүү жана маданият тармагын тейлеген мекемелери кыргыз тили жана “Кыргызстан тарыхы” сабактарын эриш-аркак пайдалануу аркылуу ийкемдүүрөөк чече алышат, деп санайбыз.

Ал эми системалуу билим тартуулап келген “Кыргызстан тарыхы” сабагын кыскартуунун болочокку жаш адис үчүн эч кандай тарбиялык утушу жок десек болот.

Албетте, бул – тарыхчы адис катары жеке пикирибиз. Бирок биз күбө болгон көп мамлекеттердеги университеттер өз эне тилин жана өз улуттук тарыхын студенттерге үйрөтүүнү чыңдоо аркылуу бүгүнкү өз араанын ачкан дүйнөлөшүү жүрүмдөрүнүн кырдаалында өз өлкөлөрүндө жалпы мекен сүйөрлүк сезимдерди арттырууга олуттуу салым кошуп келишет.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG