Атайын кызмат билдиргендей, кармалган кыздар “Хизб ут - Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун буюртмасы менен кыргыз желегин атайылап өрттөөгө барышкан. Бул уюм негизи Борбор Азиянын кайсы жерлеринде, кандай ишмердүүлүк жүргүзөт?
“Хизб ут-Тахрир” чөлкөм үчүн канчалык кооптуу? Ушул жана башка суроолорго дин тутуу эркиндиги боюнча эксперт Ильхам Умарахунов жооп берди.
- “Хизб ут-Тахрир” биз билгенден бардык Борбор Азия мамлекеттеринде тыюу салынган уюм. Ошого карабай Кыргызстанда көп жылдардан бери колдоочулары бар экенин укук коргоо органдарынын отчетторунан билебиз. Бул уюм негизи Борбор Азиянын кайсы жерлеринде, кандай ишмердүүлүк жүргүзөт?
- Эгер бул партия менен өзүлөрүн ассоциация кылган же болбосо сотко чейинки экспертиза маалында бул экстремисттик уюмдун тыюу салынган материалдарын таркатууга же ишмердигине катыштыгы бар адамдардын кармалышы тууралуу соңку жаңылыктардын динамикасын карап көрсөк, кандайдыр бир өзгөрүү байкалбайт. Көрсөткүчтөрдүн кандайдыр бир жогорулашы сезилген жок. Ошондуктан Борбор Азиянын ар башка өлкөлөрүндө бул партияга ыктагандардын динамикасы туруктуу десек болот.
Бул жерде маселе - уюмдун тарапташтарынын саны же алардын активдүүлүгүндө эмес, биз бул уюмдан тараган коркунучка кандай карарыбызда. Анткени “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюму 1950- жылдардан бери кандайдыр бир террордук актыларга аралашкан эмес. Жана уюм дээрлик теракттарга катышкан эмес. Бул жерде уюмду террорчулукка алып барган кандайдыр бир тепкич катары карашат. Уюмдун ишмердүүлүгү Борбор Азия чөлкөмүндө 1990-жылдарга же 2000-жылдарга салыштырмалуу бир аз төмөндөгөндөй. Ошентсе да бул уюм тыюу салынгандардын катарында калууда.
Борбор Азия мамлекеттеринин бийликтери алардын идеологиясынын жайылышына каршы активдүү иш жүргүзүп келишет. “Хизб ут-Тахрирдин” ыкмаларынын бири бул бийликке каршы маанай, адилетсиздикке карата сезимдер менен ойноо. Алар баарынын ордуна ислам баалуулуктарын сунушташат. Биз билгендей, бул экстремисттик уюм эгер кандайдыр бир диний көз караштарды кармансак дүйнө, мамлекет жакшы болот деп таңуулайт. Аларда кандайдыр бир ислам мамлекетин куруу максаты жок. Бирок коркунуч бар. Анткени ал уюмдун катарына кошулгандардын саны көбөйсө, андан ары террордук топтордун катарына кошулуу кыйла жеңил. Ошентсе да бул жерде адам укугун коргоо боюнча маселеси бар экенин белгилей кетейин. Адамдарды диний көз караштары үчүн куугунтуктоого болбойт. Бул жерде сапаттуу экспертиза өткөрүү керек. Сапатсыз экспертизадан улам көп адамдар жабыркаган учурлар болгон. Чындыгында аларды камаганда түрмөдө көп каражат кетет жана жаза өтөө жайларында радикализация күчтүрөөк өтөт.
- Жакында Сузакта мамлекеттик желектерди өрттөп, ордуна арабча сөздөр жазылган ак кездемени байлап кеткен шектүүлөр, атап айтканда, алты киши кармалганын жарыялаган коопсуздук комитети алар да “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөсү экенин билдирди. Аларга экстремисттик аракет көрүп, ошондой мазмундагы адабият, китеп-баракчалар алып жүргөн деген айыптар тагылды. Бул “Хизб ут-Тахрир” уюмунун ишмердиги экстремизмге жакын деп айтууга негиз береби?
- Юстиция министрлигинин сайтында бул уюм экстремисттик катары белгиленгенин көрө алабыз. Маселе алардын идеологиясынын чечмелинишинде, анда канчалык зордук-зомбулук элементи камтылганында. Ар кайсы уюмдарда зомбулукка чакырык ар кандай экенин түшүнүүбүз керек. Сузактагы окуялар "Хизб ут-Тахрир" уюмунун идеологиясын таркатуу коркунучу деп гана баалоо туура эмес. Маселе, эмне себептен дал ошол аймакта желекти өрттөгөн, антиконституциялык көз караштарды жарыялап келишкен учурлар улам катталат. Бул жерде алдын алуу чараларына көбүрөөк көңүл буруу керек. Айтайын дегеним, "Хизб ут-Тахрир" уюмунун идеологиясына кирерден мурда эмне себептен тигил же бул аймактын жарандары коомдогу каршылык маанай менен ойногон уюмду ымала санашат.
- Улуттук коопсуздук комитети шектүүлөрдүн арасында жаш кыздар да бар экенин белгилеп жатпайбы. Алар дагы бул кадамга каршылык маанайдан улам барды деген пикирдесизби? Дегеле бул уюмга жан тарткандардын арасында жаштар көппү?
- Бизде бул уюмдагы жаштардын саны тууралуу статистика жок. Ошондой болсо гана кандайдыр бир жыйынтык чыгара алар элек. Албетте, жаштар экстремисттик жана террордук уюмдарды абдан кызыктырган катмар. Эксперттердин пикиринде жаш курагынан, алар туш болгон социалдык көйгөйлөрдөн улам жаштар оңой радикалдашат. Негизи эле Борбор Азия чөлкөмү жаш, жаштар көп, өзгөчө Фергана өрөөнү. Бул жерде кеп жаштардын өзүндө эмес, жаштар калктын көп бөлүгүн түзгөнү үчүн да мындай уюмдардын катарында алар арбын болушу мүмкүн. Жалпысынан эле бул уюмдун тарапташтары ким экени, кандай куракта экенин билүү, түшүнүү оор. Анткени, мындай статистика жок. Болгону шарттуу божомолдор бар.
- Айрым эксперттер Кыргызстанда бул экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнүн активдеши Сириядагы кыргызстандыктардын кайтышы менен байланыштуу эмеспи деп жатышат. Сиз буга кандай карайсыз?
- Мен мындай жыйынтык чыгарбайт элем. Кайтарылгандардын маселеси абдан сезимтал. Анткени, өзүңөр билгендей, Сириядан кайтып келгендер коомго интеграция болгон же интеграция болуу процессинде. Эгер биз "Хизб ут-Тахрирдин" же башка антиконституциялык көз караштардын курчушу Сириядан кайтып келгендерге байланыштуу десек, калк арасында тынчсыздануу пайда болот. Алардын коомго аралашып кетүүсүнө тоскоол болот. Ошондуктан бул маселеге өтө кылдат кароо керек. Ал адамдар ансыз да обочодо калып, жамааттары кабыл албай жатышат. Ал эми изоляция, жалгыз калуу каржылык маселеден да көбүрөөк радикализацияга түртөт. Ошону менен катар Сириядан кайткандар "Хизб ут-Тахрир" уюмунукунан кыйла айырмаланган идеологиянын тарапташтары болушкан. Алардын террордук уюмга катыштыгы болгон.
- “Хизб ут-Тахрир” Борбор Азия мамлекеттери үчүн канчалык кооптуу ушул тапта?
- Борбор Азиядагы өлкөлөр - жаш мамлекеттер. Алар улуттук иденттүүлүктү куруу, өзүн өзү издөө, өз мамлекеттүүлүгүн түзүү процессинде. "Хизб ут-Тахрир" мына ушул багытта кандайдыр бир деңгээлде атаандаш, душман болууда. Анткени алар такыр башка альтернативаны сунуштап жатышпайбы. Менимче, ушул жагынан алганда кандайдыр бир коркунуч бар.