Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:57

"Желекти өрттөп, ак мата илишкен". Сузакта көзөмөл күчөтүлдү


Сузактагы Бек-Абад Өзбекстан менен чек арага жакын айыл.
Сузактагы Бек-Абад Өзбекстан менен чек арага жакын айыл.

Сузакта белгисиз кишилер айыл өкмөттүн жана эки мектептин имаратындагы мамлекеттик тууну өрттөп, ордуна арабча жазуусу бар ак матаны илип кеткенден кийин аймакта көзөмөл күчөтүлдү.

Атайын кызмат окуя болгон айылда “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами” уюмунун мүчөсү деп шек саналган алты киши кармалганын билдирди.

Эксперттер бул жагдай Кыргызстандагы диний-экстремизм көйгөйүнө олуттуу көңүл буруу маселесин күн тартибине чыгарганын белгилешүүдө.

Түн ката жасалган жорук

Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгы тараткан маалыматка ылайык, 30-майга оогон түнү Бек-Абад айылындагы №4 Б.Шамшиев жана №88 С.Атабеков атындагы орто мектептердин дарбазасындагы жана Атабеков айыл өкмөтүнүн кире берешиндеги мамлекеттик тууну белгисиз кишилер өрттөп, ордуна арабча жазуусу бар ак матаны илип кеткен.

Атабеков айыл өкмөтүнүн кызматкерлери ошондон бери түнү менен нөөмөткө туруп, имаратты көзөмөлдөп жатканын журналисттерге билдиришти.

Күбөлөрдүн айтымында, дарбазага илинген ак матаны эртең менен намаз окуганы турган жашоочулардын бири көрүп калып, милицияга маалымат берген.

"Эл дүрбөлөңгө түшүп калбасын деп желекти алып салдык. Башында мектептин имаратына киргенден коркуп да турдук. Оюңа ар нерсе келет экен. Жакын тегеректе көзөмөл камералары жок, мындай жорукту ким жасаганына башың жетпейт", - деди атын атагысы келбеген мугалимдердин бири.

"Азаттыктын" кабарчысы кайрылган бекабаддык тургундар милиция коопсуздук чараларын, түшүндүрүү иштерин күчөткөнүн билдиришти. Бирок окуяга байланыштуу микрофонго сүйлөп берүүнү каалашкан жок. Кээ бирлери муну "эси жок балдардын жоругу" деп мүнөздөштү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун алты жактоочусу 31-июнда кармалганын кабарлады. Кыргызстанда аталган уюмдун ишмердигине 2003-жылдын августунда сот чечими менен тыюу салынган.

“Кармалгандар Бек-Абад айылында экстремисттик идеологияны активдүү жайылткан. Тинтүү иштеринин натыйжасында экстремисттик мүнөздөгү көп сандагы адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор жана электрондук каражаттар табылды”, - деп жазылган атайын кызматтын маалыматында. Бирок кармалгандардын желекке байланыштуу окуяга тиешеси бары же жогу маалымдалган эмес.

Сузак району калкы салттуу мусулманчылык амалдарын кармаган, диний түшүнүктөгү салт-санаалар көбүрөөк жайылган аймак катары сыпатталат.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын басма сөз кызматы окуянын чоо-жайын адистер териштирип жатканын маалымдады. Ал эми Муфтияттан бул кырдаалды мамлекеттик органдар иликтеп, чара көрүшү керектигин билдиришти.

Эксперттердин кооптонуусу

Коопсуздук маселесинде эксперт, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Орозбек Молдалиев ак матада диний мүнөздөгү жазуу болушу мүмкүндүгүн божомолдоп, экстремизмдин көз көрүнөө белгиси деп сыпаттады:

Орозбек Молдалиев
Орозбек Молдалиев

"Мындай ишти салттуу динди кармангандар жасабайт. Бул ыкманы дүйнөнүн ар кайсы жеринде түрдүү диний радикал топтордун мүчөлөрү жасап жүрөт. Матага жазылган келмеде эч кандай зомбулукка чакырык жок, бирок өлкөнүн желегин алып салуу, өрттөп жиберүү - мамлекетти тааныбайбыз дегени, мектепти да ошого чакырганы".

Молдалиев Кыргызстанда экстремисттик уюмдардын чакырыктарына каршы мамлекеттик идеологиянын жоктугу диний сабатсыздыктын өөрчүшүнө себеп болуп жатканын белгиледи:

"Дин аалымдары деле, мамлекеттик органдар деле "экстремисттик идеологияга жетеленбегиле, аларга кошулбагыла" деген менен чектелет. Желекти өрттөгөнү - мамлекетти тааныбайбыз деген аракеттин биринчи кадамы. Мамлекеттин "өз оокатыңарды кылгыла, бирок экстремисттик кадамдарга барбагыла" деп берген мүмкүнчүлүгүн алар өз пайдасына колдонуп жатышат".

Талдоочу Канатбек Мурзахалилов бул окуя идеологияны динден гана издеген, бирок динди түшүнбөгөн жаштардын бейбаштыгы болушу да мүмкүн деген ойдо:

Канатбек Мурзахалилов
Канатбек Мурзахалилов

"Муну ойлонулбаган, өзүн көрсөтүүгө жасалган аракет деп мүнөздөсөк туура болот. Диний эркиндик болгону жакшы. Бирок мамлекеттин коопсуздугуна байланыштуу кырдаал жаралганда, диний мүнөздөгү мыйзамсыз аракеттер чектөөгө алынышы кажет".

Мурзахалилов экстремисттик аракеттерге жарандарды камоо жолу менен чек коюу мүмкүн эместигин, эл арасында мамлекеттин бүтүндүгүн камсыздаган түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын кошумчалады:

"Тыюу салуу менен маселе чечилбейт. Тескерисинче, ал экстремизмдин күчөшүнө шарт түзүшү мүмкүн. Физиканын мыйзамындай эле: басым канчалык күчөсө, жарылуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт".

Үч жыл мурун 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы кабыл алынган. Анда негизги маселелердин бири катары мамлекеттин светтик негиздерин бекемдөө, ар бир жарандын диний ишенимин камсыздоо каралган.

Кыргызстанда сот 2003-жылдан бери баш-аягы 21 диний бирикменин ишмердигине террорчул жана экстремисттик уюм катары тыюу салган.

Ак жана кара желектер

Ак чүпүрөккө диний мүнөздөгү сөздөр жазылган желек кайсыл уюмга же топко тиешеси бар экени тууралуу азырынча расмий комментарий берилген жок.

Буга чейин “Ислам мамлекети” террордук уюму кара чүпүрөккө араб тилинде диний чакырык жазылган желекти колдонуп жүргөнү белгилүү. Ал эми салттуу исламды тутунгандар жашыл түскө басым жасашат. Тарыхый булактарда Исламды жайылткан алгачкы мусулмандар коомчулугу ак матага кара түстөгү диний келмелерди жазып, желек кылып жүргөнү айтылат.

2023-жылы 25-майда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы мектепке “Ислам мамлекети” террордук уюмунун желегин илип кетишкен. Бул окуяга байланыштуу үч окуучу кармалган. Атайын кызмат алардын үйүн тинтүү учурунда тыюу салынган мыйзамсыз диний уюмга тиешеси бар ири көлөмдөгү адабият жана видеоматериалдар, кара түстөгү желек табылганын билдирген.

2017-жылы Ички иштер министрлиги Кант-Бишкек жолунда автоунаада арабча жазуусу бар кара желекти желбиретип жүргөн үч кишини кармаган.

2014-жылы кошуна Өзбекстандын борбору Ташкенттин чок ортосундагы көпүрөгө "Ислам мамлекети" тобунун желегине окшош кара байракты илип кетишкен.

2017-жылы Тажикстандын Шахритус шаарчасындагы көчөгө ушул сыяктуу желек илип кеткен 14 киши колго түшкөн. Алар алгач "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери менен интернет аркылуу байланышып жүргөнүн, уюмду чындап колдой тургандыктарын билдирүү үчүн ушундай аракетке барышканын айтып беришкен.

2017-жылы Казакстанда араб тилинде "Аллахтан башка Кудай жок" деген жазуусу бар кара кездеменин фонунда сүрөткө түшкөн сегиз адам камакка алынган.

XS
SM
MD
LG