Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Ноокатта селден каза болгондордун саны сегиз адамга жетти


Абшыр-Ата эс алуу жайынан адамдарды куткаруу иштери. 29-июнь, 2024-жыл.
Абшыр-Ата эс алуу жайынан адамдарды куткаруу иштери. 29-июнь, 2024-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы Ош облусунун Ноокат районунда селден каза болгондордун саны сегиз кишиге жеткенин кабарлады.

Министрликтин 29-июнда тараткан маалыматына ылайык, сел агызып кеткен дагы бир аялдын сөөгү табылды. Маркумдун аты-жөнү такталууда.

Ушуну менен Ноокат районунда 28-июнда болгон селден каза тапкандар сегиз адамга жетти. Алардын көбү өспүрүмдөр.

Расмий маалыматта каза тапкандар 19, 16, 12, 11 (эки өспүрүм), 8 жашта болгону көрсөтүлгөн. Айрым маалымат каражаттары каза болгондордун көбү туугандар болгонун жазышты.

Жума күнү кечке маал болгон табигат кырсыгынын кесепетинен Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогорку тарабында калып кеткен 1300дөй киши коопсуз жерге чыгарылды. Ноокат районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Президент Садыр Жапаров Баткен, Ош облустарында селден каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Ал тийиштүү министрлик, жергиликтүү бийлик органдары убагында болгон күч аракетин жумшаганын, селдин кесепеттерин жоюу иштери уланып жатканын белгилеп, жабыркагандарга жардам көрсөтүлөрүн билдирди. Президент куткаруучуларга жардам берген жарандарга ыраазычылык айтты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-июндан 2-июлга чейин нөшөрлөгөн жаан күтүлүп жатканын маалымдап, сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертип жатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG