Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

28-июнь: ЖМК долбоорунун жаңы редакциясы, Каныкей Аранова камалганы кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

28-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Каныкей Аранова сот залынан камакка алынганы кабарланды

Социалдык тармактарга жазган пикири үчүн айыпталган Каныкей Аранованы Бишкек шаардык сот коллегиясы 3 жыл 6 айга соттоп, сот залынан камакка алганын укук коргоочу Азиза Абдурасулова 28-июнда кечке жуук Фейсбуктагы баракчасына жазды. Маалымат расмий тастыктала элек. Бишкек шаардык сотунун кеңсеси "Азаттыктын" суроосуна жооп бере элек. Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн айыпталган Аранованы Бишкектин Биринчи май райондук соту апрелдин аягында 120 миң сом айыпка жыгып, өзүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкаттын негизинде абактан чыгарган. Социалдык түйүндөрдө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе көтөрүп жүргөн Аранова 1-февралда Москвадан кармалып, алып келингени кабарланган.

ТИМ Кыргызстандын Пакистандагы мурдагы элчиси Уланбек Тотуяевге жооп берди

Тышкы иштер министрлиги экс-элчи Тотуяевдин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана анын орун басары Авазбек Атаханов тууралуу айткандарына комментарий берди. Мекеме элчиликтин кызматкерлери ага чара көрүүнү суранып кайралышканын, текшерүүдө Тотуяев Пакистанда өзүнө жана үй-бүлөсүнө жакшы шарт түзүп, элчиликтин кызматкерлерине шарт түзүп бербей койгону айтылат. Президент аны “жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн” деген негиз менен кызматтан алган. Ал “Азаттыкка” интервью берип иштен алынганына тышкы иштер министри жана анын орун басары себеп болушу мүмкүн экенин айткан.

ЖМК боюнча жаңы долбоор талкууланды

Бишкекте “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорунун жаңыдан иштелип чыккан редакциясы талкууланды. Жаңы редакцияда онлайн платформалар жана маалымат каражаттары милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтүш керек деген талап алынып салып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору, маалымат каражатынын булагын сыр катары сактоо укугу каралган. Ошондой эле буга чейинки мыйзам долбоорунда ЖМКлар Юстиция министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлигинен каттоодон өтүшү керектиги жазылса, бул жолку вариантта Юстиция министрлигинен гана каттоодон өтүү сунушталды. Буга чейин Кыргызстандын аймагында маалымат каражаттарын негиздегенде чет өлкөлүк катышуу 50% ашпашы керек деп айтылса, бул жолу мындай норма телеканалдарга тиешелүү деп иштелип чыкты. Бул мыйзам долбоор эми коомдук талкуудан өтүшү керек жана ал президент же Министрлер кабинетинин атынан сунушталышы мүмкүн.

“Сахароводо” Кыргызстандын 124 жараны кармалып турат

21-июндан 24-июнга чейин Москвадагы “Сахарово” миграциялык борборунда кармалып турган Кыргызстандын 84 жараны өлкөгө жөнөтүлдү. 24-июндагы маалымат боюнча, сөз болуп жаткан борбордо дагы 124 кыргыз жараны бар. “Сахарово” борбору – Москванын четиндеги мигранттарды убактылуу кармоочу жабык мекеме. Орусиянын аймагынан мажбурлап чыгарууга туш болгон чет өлкөлүк жарандар мекенине кайтарылганга чейин ушул жайда кармалып турат. Телефонго видеого тартууга, сүйлөшүүгө уруксат берилбейт жана ар төрт күндө кнопкалуу телефон менен сүйлөшүүгө уруксат берилет.

Бишкекте автогаздын тартыштыгы байкалууда

Бишкектеги ири май куюучу ишканалардын бири Bishkek Petroleum компаниясында 25-июндан бери газ тартыштыгы болуп жатканы тууралуу социалдык тармактарга маалыматтар чыкты. Мындан улам газга кезекке турган автоунаалардын саны көбөйгөнү айтылууда.
"Кыргызнефтетрейдерлер" ассоциациясы муну сезондук боло жүргөн көрүнүш деп сыпаттап, буга газ ташуучу вагондордун жетишсиздиги негиз болгонун билдирди. Ассоциациянын президенти Канат Эшатовдун "Азаттыкка" маалымдаганы боюнча, автогаз тартыштыгы айрым ишканаларда гана байкалдууда.

Орусия Украинадагы согушта былтыр 45 миң аскерин жоготкону маалым болду

"Важные истории" интернет басылмасы Росстаттын маалыматына таянып жазган макаласында Орусия тараптын жоготуулары бир жыл мурункуга караганда эки эсе көп экени айтылат. Басылма Орусия Украинага басып киргенден бери жалпысынан 71 миң орус аскери набыт болгонун эсептеп чыккан. Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралда кол салып, “атайын аскердик операция” деп атаган. Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин 25-февралдагы маалымат жыйынында айтканына караганда, согуш башталганы 31 миңден ашуун украин аскери курман болгон. АКШда 27-июнда Жо Байден жана Дональд Трамптын президенттик шайлоо алдындагы алгачкы дебатында талапкерлер Украинадагы согуш жана тышкы саясат боюнча карама-каршы пикирлерин айтышты.

Гаага соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну камакка алууга ордер берүүнү кийинкиге калтырды

Эл аралык кылмыш соту Нетаньяху менен коргоо министри Йоав Галанттын Газа тилкесиндеги операция маалындагы согуш кылмыштары үчүн айыптап, камакка алуу ордеринин маселесин кароону кийинкиге калтыруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу The Jerusalem Post жазды. Басылма соттун мындай чечими Улуу Британиянын Израилге карата юрисдикциясы боюнча байкоолорун тапшыруу үчүн арыз бергенден кийин болгонун жазды. Эл аралык кылмыш соту арыз тапшырууну каалаган өлкөлөргө 12-июлга чейин убакыт берди. Маалыматка караганда, айыпталуучуларды камакка алуу ордерин берүү жол-жоболору адатта жашыруун сакталат. Кеңешүү процесси гана ачык өтүшү мүмкүн.

Казакстанда атайын кызматтын мурдагы жетекчиси Карим Масимовго ырайым берилген жок

10-июнда Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Карим Масимов ырайым сураганы белгилүү болгон. Мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып, 18 жылга кесилген Масимовго "арам акчаны адалдоо" жана "паракорлук" беренелери менен дагы эки иш козголгон. Экс-президент Нурсултан Назарбаевдин узак жылдардан берки санаалашы, 56 жаштагы Масимов 2022-жылы 6-январда, өлкөдө нааразылык акциялары болгондо кармалган. Ал бир кездери премьер-министр да болгон.

Иранда президенттик шайлоо өтүп жатат

85 миллион калкы бар өлкөнүн президенттигине төрт талапкер ат салышып жатат. "Фарда" радиосу бул шайлоо өлкөдө саясий кырдаал чыңалып жаткан чакта өтүп жатканын жазды. Шайлоого катышып жаткан талапкерлер баары тең эркек саясатчылар, көбү катаал позицияны карманат, айрымдары «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу» менен байланыштагылар.

XS
SM
MD
LG