Spotify музыкалык стриминг кызматы Украинага басып кирүүнү колдогон бир нече орус артисттеринин баракчаларын жана ырларын өчүрдү. Алардын арасында Шаман (Ярослав Дронов), Чичерин, Полина Гагарина, Григорий Лепс, Олег Газманов жана «Любе» тобу бар. Бул тууралуу “Родной звук” телеграм каналы жазды.
Аталган ырчылардын баары буга чейин Евробиримдиктин санкцияларына кабылышкан.
Spotify - музыка, подкаст жана аудиокитептерди угуу үчүн дүйнөдөгү эң чоң аудио стриминги. 2024-жылдын апрелиндеги маалыматка караганда, ага 600 миллиондон ашык адам жазылган.
Spotify Орусияда 2020-жылдын июль айынан тарта иштеп баштаган. Ал эми 2022-жылдын апрель айында Орусиянын Украинага толук масштабдуу басып киришине байланыштуу бул өлкөдө ишин токтоткон.
Spotify аудио агымы Кыргызстанда 2021-жылдан бери иштейт. (AiA)